Дүйнө
жашоосу аларды алдайт
Ыйман кылбаган
адамдар ишенбөөчүлүгүнө бир таяныч табуу үчүн, «бул дүйнө жашоосу гана бар,
акырет жок» деген туура эмес ойду айтышат. Ошондуктан бул дүйнөдө каалаган
нерсемдин баарын жасай алам деп ойлошот. Бирок Аллах акырет күнү бардык
адамдарды бул дүйнөдө кылган иштеринен суракка алаарын кабар берген:
Алар: «Бул дүйнө жашообуздан башка жашоо
жок. Жана биз тирилтилбейбиз» дешти. Раббилеринин алдына тургузулганда аларды
бир көрсөң, (Аллах:) «Бул чындык эмеспи?» деди. Алар: «Ооба, Раббибизге ант
болсун» дешти. (Аллах:) «Анда ишенбей четке какканыңар үчүн азапты таткыла»
деди. (Энъам Сүрөсү, 29-30)
Бирок
ыймансыздар Аллах кабар берген бул акыйкатты көрмөксөн болушат жана өмүрлөрүн
бир гана дүнүйөлүк максаттарга арнашат. Бул дүйнөдө дайыма күчтүүлөр жеңет деп
ойлогондуктан, бактылуу жана бейпил жашоо үчүн сөзсүз материалдык жактан күчтүү
болуу керек деп ишенишет. Материалдык күчкө ээ болгондо каалаган нерсемдин
баарына жете алам деп ойлошот. Бирок Аллах бул дүйнө жашоосун адамдар үчүн
сыноо мекени кылып жараткан. Ошондуктан Аллах «Же
болбосо адамга эңсеп тилеген нерселеринин баары барбы?» (Нежм Сүрөсү, 24)
деп аятында билдиргендей, бул дүйнөдө баары эле адамдар ойлогондой боло бербеши
мүмкүн. Адамдар кээде абдан эңсеген нерсесине эч жете албашы мүмкүн, же болбосо
колундагыларын, иштеп тапкандарын күтүүсүз бир окуя себептүү жоготуп алышы
ыктымал.
Эми коомдогу
адамдардын баарын ушундай психологияда деп элестетип көрүңүз. Андай чөйрөдө
адамдар бири-бирине бактысыздыктан жана түйшүктөн башка эч нерсе бере алышпайт.
Ар бир адам бир гана өзүнүн кызыкчылыгын ойлогону үчүн, бири-бирине жакшылык
кылып, ынтымактуу жашай алышпайт. Кызыкчылыктары карама-каршы келгени үчүн ар
дайым бири-бири менен күрөшүшөт. Аллах «...Сен аларды
чогуу деп ойлойсуң, чындыгында болсо жүрөктөрү бөлөк-бөлөк. Бул чындыгында алар
акыл жүгүртпөгөн бир коом болгону үчүн ушундай» (Хашр Сүрөсү, 14) аяты
аркылуу мындай адамдардын жеке кызыкчылыктарынан улам дос боло албай
тургандыгын жана «жүрөктөрүнүн бөлөк-бөлөк» болоорун кабар берген. Анын себеби,
Аллах аятында да билдиргендей, адамдардын акыл жүгүртө албашы. Адамдардын акылы
жетпеген нерсе эмне? Аллах мунун жообун бир аятта төмөнкүчө кабар берген:
Бул дүйнө жашоосу болгону бир оюн
жана алаксуу гана. Коркуп-тартынгандар үчүн акырет мекени чындыгында жакшыраак.
Дагы эле акылыңар жетпейби? (Энъам Сүрөсү, 32)
Аллах бул дүйнө
жашоосунун бир алаксуу гана экендигин, чыныгы жашоонун акыретте болоорун кабар
берген. Ыймансыздардын акылы жетпеген нерсе мына ушул; алар чыныгы мекендин
акырет жашоосу экенин кабыл алгылары келбейт. Ошондуктан бул дүйнөнү чыныгы
жашоо деп ойлоп, кызыкчылыктары үчүн жан үрөп жарышышат жана ал жарыштан улам өздөрүн
да, башкаларды да тынымсыз зыянга жана бактысыздыкка түртүшөт.
Аллах бул дүйнө
жашоосунун бир «оюн жана алаксуу» экендигин кабар берген. Ыймансыздардын
Аллахтын ыраазылыгын көздөөнүн ордуна, бардык иштерин напсилерине карап жасашы
кылган иштеринин баарынын бир оюндагы сыяктуу, маанисиз жана барксыз нерсеге
айланышына себеп болот. Алардын кылган жана жеткен нерселери өздөрүнө абдан
баалуу көрүнөт, бирок чындыгында жасаган иштеринин эч кандай баркы болбойт.
Анткени ал иштерди Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасашпайт. Ошондуктан чындыгында ал
иштер менен жөн гана убактысын өткөрүп, өздөрүн алагды кылган болушат. Аллах
Кабатында бир гана Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн жасалган чын ыкластуу
иш-аракеттердин жана жакшылыктардын баркы бар. Кандайдыр бир нерсени ага жетүү үчүн
көрүлгөн аракеттер, коротулган эмгек же акча эмес, алардын баарынын бир гана
Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасалышы барктуу кылат. Мисалы, бир ишкер өмүр бою көптөгөн
ийгиликтерге жетип, чоң инвестицияларды жасап, дүйнөгө аты чыкса да, алардын
баарын Аллахтын ыраазылыгына жетүү ниети менен кылбаган болсо, жасаган
иштеринин чыныгы мааниде эч бир баркы болбойт. Бир нерсенин баркы анын Аллахтын
ыраазылыгына туура келип келбешинен же болбосо Аллахтын ыраазылыгы үчүн
колдонулуп колдонулбашынан көз-каранды. Ошондуктан адамдардын кандай иштерди
кылганы маанилүү эмес, аны кандай ниет менен кылганы маанилүү. Коротулган акчалардын
көлөмү эмес, кандай ниет менен коротулганы маанилүү. Аллах кылынган ибадаттарда
адамдардын ниети маанилүү экенин бир аятта төмөнкүчө кабар берет:
Алардын
эттери менен кандары эч качан Аллахка барбайт, Ага силердин такыбалыгыңар
(Аллахтан коркуп-тартынууңар) гана барат...
(Хаж Сүрөсү, 37)
Аллахтын
ыраазылыгы үчүн жасалган иштер гана Аллах Кабатында кабыл алынып, баркка ээ
болот. Караңгы адамдар болсо өздөрүнө максат кылып Аллахтын ыраазылыгын
койбогону үчүн, канчалык маанилүү иштерди жасап жаткандай көрүнсө да,
чындыгында бардык аракеттери текке кетет. Аллах ыймансыздардын мындай абалын
бир аятта төмөнкүчө билдирет:
Алардын
дүйнө жашоосундагы бүт аракеттери текке кетти, (бирок) өздөрүн чындыгында жакшы
иштерди жасап жатабыз деп ойлошууда. (Кехф Сүрөсү, 104)
Аллахтын
аларга берген мүмкүнчүлүктөрүн, Аллахтын ыраазылыгын максат кылбаганы үчүн, бош
жана зыяндуу нерселерге жумшашат. Дүнүйөнү, мал-мүлктү жакшы көргөндүктөн, ар
дайым колундагы нерселеринен ажырап калуудан коркуп жашашат. Күтүүсүз бир заматта,
эч күтпөгөн бир окуядан улам зыянга дуушар болуу же колундагыларынан ажырап
калуу ыктымалдыгын билүү аларды абдан тынчсыздандырат. Ошондуктан канчалык
жакшы иштерди жасап же канчалык көп мүмкүнчүлүктөргө ээ болушса да, ичтериндеги
алардан ажырап калуу коркуусу аларды ар дайым бактысыз кылып, түйшөлтөт.
Ыймансыздар колдорундагы
нерселердин чыныгы баалуулугун жана аларга кандай максатта берилгенин
билишпейт. Ошондуктан колундагы мүмкүнчүлүктөрдү Аллахтын ыраазылыгына жеткире
турган жакшы иштерге пайдалануунун ордуна, аңкоолук менен бир гана дүнүйөлүк
максаттарга колдонушат. Мисалы, кумар ойноп бир заматта бардык мал-мүлкүн, ал
тургай, кадыр-баркын да жоготушат. Же болбосо байлыгын көбөйтүү үчүн адилетсиз
жолдор менен киреше алууга аракет кылышы мүмкүн. Бирок ар бир туура эмес же
адилетсиз иш-аракеттин сөзсүз бүлгүнгө алып бараарын унутпаш керек. Аллах Анын
ыраазылыгын көздөбөгөн адамдардын зыянга дуушар болоорун, дүйнө жашоосундагы бүт
нерсенин аларга түйшүк жана кайгы алып келиши мүмкүн экенин ушул сыяктуу
окуялар аркылуу адамдарга көрсөтөт. Акырет жашоосуна ишенбеген адамдардын
кайгы-капа жана стресс менен жашашына болсо алардын Аллахтын дининен жүз буруп,
дүйнө жашоосун абдан берилип сүйүшү себеп болот.
Бир
гана азгырып «алаксыткан» иштер менен алек болушат
Жогоруда айтылгандай, Аллахтын ыраазылыгын максат кылбай жашаган ар бир
адам үчүн бул жашоонун алдануудан эч кандай айырмасы болбойт. Натыйжада адамдар
түбөлүктүү акырет жашоосун максат кылып, ал үчүн аракет кылуунун ордуна, бул дүйнөнүн
убактылуу каалоолоруна жана жыргалдарына берилип кетишет.
Капилеттик менен караган мындай адамдар үчүн бул жашоодо адамдарды
Аллахтын ыраазылыгын көздөөдөн тоскон жана Аллахты унуттурган көптөгөн иштер
бар. Негизи алардын баары Аллахтын адамдарды сыноо үчүн берген сый-жакшылыктары,
бирок мындай адамдар үчүн алар убакыт өткөрө турган жана ойдун баарын ээлеген
иштерге айланат. Аллах Куранда кайсы сый-жакшылыктарга адамдардын берилип
кетээрин төмөнкүчө кабар берет:
Аялдарга, балдарга, сандык сандык жыйылган алтын жана күмүшкө,
күлүк көркөм аттарга, айбанаттарга жана түшүмдөргө болгон бекем (күчтүү) арзуу
адамдарга «кооз жана өзүнө тартуучу» көрсөтүлдү. Булар – дүйнө жашоосунун
жалган кооздуктары. Чыныгы барыла турган сонун жер – Аллахтын кабатындагы
(мекен). (Али Имран Сүрөсү, 14)
Кээ бир
адамдар чыныгы максатын унутуп, Аллахтын ыраазылыгынын ордуна, бир катар дүнүйөлүк
максаттарды көздөгөнү үчүн, бул дүйнөнүн кооздуктарына берилип, алаксышат. Бул
аларды күн өткөн сайын Аллахтан көбүрөөк алыстатып, бул дүйнөгө ансайын көбүрөөк
берилтет. Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө аракет кылбаганы жана акыретте сурак
берээрин ойлонбогону үчүн, Аллах тарабынан бул дүйнөдө берилген убактылуу өмүрүн
эч ойлонбой бош иштерге коротот. Мисалы, кыла турган жумушу жок бир адам
эртеден кечке терезеден үйүнүн алдынан өткөн адамдарды карайт, окуган
журналдарын кайра кайра барактайт, кошуналарын ушактайт, телевизордон пайдасыз
программаларды көрөт, интернет же компьютер оюндарын ойноп убактысын текке
кетирет, өзү менен же айланасындагы адамдар менен кечке алагды болот. Баалуу
убактысын Аллахты ыраазы кыла турган иштерге колдонуунун ордуна, өзүнө жана
айланасына пайдасы тийбей турган бош иштерге коротот. Эгер бирөө сураса, «кыла
турган жумушум жок, ушинтип убакыт өткөрүп алаксыйм же бул мага жагат» деши мүмкүн.
Бирок негизи өзү да кандай абалда экендигин, өмүрүнүн бош жана маанисиз
алаксууга айланганын билет болушу керек.
Бирок бул дүйнөдө
алагды кылган бардык нерселердин Аллах тарабынан адамдарды сыноо үчүн
жаратылганын унутпаш керек. Окуяларга мындай көз менен карабаган адамдар чоң жаңылыштык
кетирет. Анткени андай адамдар үчүн бул дүйнөнүн кооздуктары адамды Аллахтын
ыраазылыгынан тоскон, анын дүйнөгө болгон берилүүсүн күчөтүп убактысын текке
кетирген жана натыйжада түбөлүктүү акырет жашоосун бүлдүргөн амбицияларга
айланат. Ошондуктан адамдар мындан абдан сак болушу керек. Аллах бул дүйнөдө
адамдарга сыноо үчүн жараткан кооздуктарын жана аларга карата сактык менен
мамиле кылуу керек экенин Курандын аяттарында төмөнкүчө кабар берет:
Мал-мүлк жана балдар дүйнө жашоосунун өзүнө тартуучу
кооздугу; туруктуу салих (чын ыкластуу жакшы) иштер болсо Раббиңдин Кабатында
сообу жагынан жакшыраак, үмүт кылуу жагынан да жакшыраак. (Кехф Сүрөсү, 46)
Дүйнө жашоосунун мисалы – Биз асмандан түшүргөн, аны менен
адамдар жана жаныбарлар жеген жер жүзүнүн өсүмдүгү аралашкан бир суу сыяктуу
гана. Жер сулуулугун жамынып, кооздонгондо жана ал жердин эли чындыгында аны
биз кылдык деп ойлоп жатканда (дал ушул учурда) түнкүсүн же күндүз ага
буйругубуз келип, кечээ эле эч бир байлыгы болбогон сыяктуу, аны тамырынан
жулунуп ыргытылган абалга салып койобуз. Ойлонгон бир коом үчүн Биз аяттарды
ушинтип бир-бирден түшүндүрөбүз. (Йунус Сүрөсү, 24)
Ар
бир напси (жан) өлүмдү татат. Кыямат күнү, албетте, сыйлыктарыңар кемчиликсиз
берилет. Ким оттон алыстатылып жана бейишке киргизилсе, эми ал чындап кутулууга
жеткен болот. Дүйнө жашоосу алдамчы пайдалануу гана.
(Али Имран Сүрөсү, 185)
Акыретке ишенбегендер болсо, Биз аларга кылган
иштерин кооздоп койгонбуз, ошондуктан алар «сокур болуп адашып жүрүшөт». Эң жаман азап мына ошолор үчүн жана
акыретте эң чоң зыянга дуушар болгондор да ошолор. (Немл Сүрөсү, 4-5)
Адамдардын
бактылуу жана бейпил жашашы өмүр бою башына келген окуяларда «туура» чечимдерди
алышынан көз-каранды. Ал үчүн «таза акыл» жана «акыл жүгүртүү күчү» талап
кылынат. Адамды туура багытка сала турган акыл Аллахка ыйман кылып, Куран
адеп-ахлагы менен жашаганда гана пайда болот. Жогоруда айтылган, адамдарды ач көз
кылып, дүнүйөгө берилткен амбициялар адамдардын мындай «таза акылга» ээ
болушуна жана туураларды көрүшүнө жолтоо болот. Ошондуктан Курандын жолуна түшпөгөн
андай адамдар өмүр бою башына келген эч бир окуяда туура жана логикалуу чечим
чыгара алышпайт. Бул алардын тынымсыз ката кетирип, бактысыз жана кайгы-муңда
жашашына себеп болот.
Бирок бул дүйнө
жашоосу Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн адамдардын колундагы жалгыз мүмкүнчүлүк.
Бул «мүмкүнчүлүк» эч күтпөгөн учурда колдорунан алынышы мүмкүн. Бул өмүрдүн
ордун толтуруу мүмкүн эмес. Өлүмдөн кийин Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө башка мүмкүнчүлүк
берилбейт. Бул акыйкаттарды көрмөксөн болгон адамдар акырет күнү абдан бушайман
болушат жана Аллахтын ыраазылыгына жетүү максатында чын ыкластуу иштерди жасоо үчүн
бул дүйнөгө кайтып келгилери келет. Адамдардын акырет күнү бул мүмкүнчүлүктү кайра
сурашы бул дүйнөдөгү бүт нерсенин барксыздыгын даана көрсөтөт. Бирок адамдардын
ал каалоосу кабыл алынбайт. Аллах адамдардын акыретте бул акыйкаттарды түшүнүп,
бушайман болуп кайгырышаарын Куранда төмөнкүчө кабар берет:
Күнөөкөрлөрдү Раббилеринин алдында баштарын төмөн салып,
«Раббибиз, көрдүк жана уктук, эми бизди (дагы бир жолу дүйнөгө) кайра кайтар,
чын ыкластуу иштерди жасайлы, эми биз чындыгында анык ишендик» (деп жалбарган
кездерин) көргөнүңдө. (Сажда Сүрөсү, 12)
Бул жагынан
караганда «жашоо» Аллахтын адамдарга берген өтө баалуу белеги. Ой жүгүртпөгөн
адамдар болсо Аллах тарабынан сыноо үчүн жаратылган бул дүйнөнүн кооздуктарына
берилип кеткендиги үчүн, бул баалуу убакытты акыретте өздөрүнө эч кандай пайда
бербей турган маанисиз жана бош иштерге коротушат. Эч качан кайра берилбей
турган бул «өмүрдү» байкабастан ысырап кылышат. Аракеттери, каалоолору жана
кылган иштери Аллахтын ыраазылыгын жана акырет жашоосун көздөбөгөндүктөн, бул дүйнөдө
жөн гана алаксып, убакыттарын текке кетирген болушат. Аллах мындай адамдардын
абалын бир аятта төмөнкүчө кабар берет:
Аларды
жөн кой, жеп, пайдаланып калышсын жана аларды (бош) иштер алаксытып турсун.
Келечекте түшүнүшөт. (Хижр Сүрөсү, 3)
Адамды акыретте кутулууга бул дүйнөдө Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасаган чын
ыкластуу иш-аракеттери менен жакшылыктары жеткирет. Аллах акыретте бир гана Өзүнүн
ыраазылыгы үчүн жасалган чын ыкластуу иштерге сыйлык берээрин кабар берген:
Күмөнсүз,
ыйман келтирип жакшы иштерди кылгандар болсо; Биз чындыгында эң жакшы иштерди
жасагандардын сыйлыгын жоготууга учуратпайбыз. (Кехф Сүрөсү, 30)
Аллахтын
ыраазылыгына жетүүгө ниет кылынбаса, Аллах адамдын бардык кылган иштерин текке
кетирет. Ошондуктан мындай адамдар иштеп, бирок эч пайдасыз чарчаган болушат
(Гашия Сүрөсү, 3). Өмүр бою Аллахтын ыраазылыгын көздөп, Курандын жолунан
чыкпагандар болсо бактылуу болушат. Аллах бул убадасын Куранда төмөнкүчө
билдирет:
Ыйман
кылып, чын ыкластуу иштерди жасагандар кандай гана бактылуу. Бара турган
мекендин жакшысы (аларга берилет). (Рад Сүрөсү, 29)
Дүйнөдөгү
бүт нерселер бир «кооздук»
Бул дүйнөдө бүт
нерсенин бир «кооздук» экенин чечмелөөдөн мурда, муну жакшыраак түшүнүү үчүн
бир салыштыруу жасайлы.
Эки үйдү
элестетиңиз, алардын бирөөсүнүн ичинде бир дагы буюм жок, эшик, терезелери
коюлбаган, дубалдары бойолбогон жана эч кандай ремонт жасала элек болсун.
Экинчи үйдүн ичинде болсо бири-биринен кооз дивандар, килемдер, эмеректер
болсун. Дубалдары эң кооз түстөргө бойолуп, ремонту эң сонун жасалган жана
балконунан абдан кооз бир пейзаж көрүнөт дейли, ошондой эле, ичинде ар кандай
комфорт жана люкс бар болсун.
Бул эки үй
тууралуу тереңирээк маалыматы жок адамдар бир караганда экинчи үйдү жактырышы мүмкүн.
Ичиндеги кооздуктар бир саамга аларды жаңылтышы ыктымал. Бирок эгер ал
кооздуктардын адамдарды сыноо үчүн атайын ал үйгө жайгаштырылганын жана
чындыгында аларды кандайдыр бир жол менен зыянга түртөөрүн билишсе, албетте,
акылдуураак чечим чыгарышат жана коозураак көрүнгөн үйдү тандашпайт. Ошондой
эле, бир аз эмгек кылса, берки үйдүн өздөрү үчүн андан да кооз жана ошол эле
учурда туруктуу кооздукка айланаарын билишсе, анда биринчи үйдү тандашат.
Ушул мисалдагы
сыяктуу, Аллах бул дүйнө жашоосун да атайын адамдарга жага турган кооздуктар
менен жараткан. Бирок чындыгында бул Аллахтын бир сыноосу. Бул кооздуктар
адамды жаңылтпашы керек; баары убактылуу жана алдамчы. Аллах бул дүйнө
жашоосунун адамдарга жагымдуу кылып жаратылышынын бир сырын Куранда төмөнкүчө
кабар берет:
Албетте,
Биз жер бетиндегилерди ага бир кооздук кылдык; алардын кайсысынын жакшыраак иш-аракет
кылаарын сыноо үчүн. (Кехф Сүрөсү, 7)
Жер
бетиндегилердин бүт баары Аллах адамдарды сыноо үчүн жараткан жана Аллахтын
ыраазылыгына жетүүгө себепчи боло турган сый-жакшылыктар. Ар бир адам
айланасындагы же колундагы бардык сый-жакшылыктардын ага бир гана Аллахтын
сыноосу катары берилгенин унутпашы керек. Буга чейин берилген же мындан кийин
бериле турган бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп Аллахты ыраазы кыла турган жакшы
иштерди жасашы шарт. Адамдын чыныгы жашоосу акыреттеги жашоосу жана чыныгы түбөлүктүү
жакшылыктар Аллахтын чын ыкластуу пенделерине ошол жакта бере турган
сый-жакшылыктары. Аллах башка бир аятында бул дүйнөдөгү бүт нерселердин бир
«кооздук» экенин жана адамдар муну түшүнүү үчүн акылдарын колдонушу керек
экенин төмөнкүчө насаат кылган:
Силерге берилген бардык нерселер жалаң гана дүйнө
жашоосунун алдамчы кооздугу. Аллах Кабатындагылар жакшыраак жана түгөнгүс. Дагы
эле акылыңарга келбейсиңерби? (Касас Сүрөсү, 60)
Абийирин
колдонбогону үчүн чындыктарды көрүүгө акылдары жетпеген адамдар дүйнөдөгү байлыктардын
кооздугуна жана алардын жагымдуулугуна алданышат. Адамдарга жагымдуу көрүнүп
алдаган нерселердин башында мал-мүлктөрү менен бала-бакыралары турат. Эңсеген
байлыгына жетсе же ден-соолугу чың, жакшы балдары болсо, абдан бейпил жана көңүлдүү
өмүр сүрөбүз деп ойлошот. Бирок бул максаттары орундалганда деле жашоолору
бактысыз жана түйшүктүү бойдон кала берет. Күн сайын окшош жумуштар кайталанып,
жашоолору монотондуу болот. Туюк айлампадан чыга албай, жашоолорунан тажашат.
Башында бүт баары абдан сонун жана көңүлдүү болот деп ойлошот. Бирок эч канча өтпөй
алардын канчалык тажатаарын жана бүт убактыларын алаарын түшүнө башташат.
Тажаганы, түйшүк тартканы жана бушаймандыгы бардык сөздөрүнөн жана
кыймыл-аракеттеринен көрүнө баштайт. Бактысыздыгы бүт жагынан байкалат.
Байлыкта деле абал өзгөрбөйт. Адам колундагы акчасын жана мал-мүлкүн ырахат
алам деп ойлогон нерселерге колдонот. Аңкоолук менен болгон акчасын ошол
максаттарга коротуп ысырап кылат. Ал нерселерди бейпилдик алып келет деп
ойлойт, бирок түйшүккө туш болуп, барган сайын азабы артат. Адамдардын мындай
абалга түшүшүнө бул дүйнөнүн кооздугуна алданышы жана ошондуктан бир гана
ошолорго жетүүгө аракет кылышы себеп болот. Мындай түйшүктөрдүн баары алардын
Аллах төмөнкү аяты аркылуу кабар берген акыйкатты билмексен болуп жашагандыгынан
келип чыгат:
Мал-мүлк
жана балдар дүйнө жашоосунун өзүнө тартуучу кооздугу; туруктуу салих (чын
ыкластуу жакшы) иштер болсо Раббиңдин Кабатында сообу жагынан жакшыраак, үмүт
кылуу жагынан да жакшыраак. (Кехф Сүрөсү, 46)
Мындай кишилер Аллах адамдарга берген сый-жакшылыктардын бир гана
жагымдуу, т.а. алдамчы тарабын көрүп, ага алданышат. Мындан улам чындыкты түшүнүүлөрү
кыйын болот. Түбөлүктүү акырет жашоосун ойлонушпаганы үчүн, бир гана «дүйнө
жашоосун жана анын кооз жагымдуулугун каалашат» (Ахзаб Сүрөсү, 28). Чыныгы
жаралуу максатынан кабарсыз жашап, «сокур болуп адашып жүргөн» адамдарга
айланышат. Аллах алардын мындай абалын Куранда төмөнкүчө кабар берет:
Акыретке
ишенбегендер болсо, Биз аларга кылган иштерин кооздоп койгонбуз, ошондуктан
алар «сокур болуп адашып жүрүшөт». (Немл Сүрөсү, 4)
Адамдар өмүр
бою жеткиси келген жана ал үчүн болгон аракетин жумшаган нерселердин баары
чындыгында бул жашоонун кооздуктары. Бул дүйнөдөгү бүт нерселер бир караганда
адамга абдан жагымдуу жана кооз көрүнүшү мүмкүн. Жана алардын баары адамдар үчүн
сый-жакшылыктар. Бирок бул жашоонун адамдар үчүн бир сыноо экенин унутпаш
керек. Адамдын чыныгы максаты – бизге бул кооздуктардын баарын берген
Раббибизге ибадат кылып, Ага эң жакшы шүгүр кылуу. Антпесе, бул акыйкатты
унутуп, бул кооздуктардын артынан чуркоо жана аларды жашоосунун негизги
максатына айлантуу адамды бул дүйнөдө жана акыретте чоң азапка түртөт.
Колдорундагы
нерселердин баары менен «мактанышат»
Аллах бул дүйнө
жашоосун кимдердин жакшы иштерди кылаарын сыноо үчүн жараткан. Ошого жараша,
Аллах ар кандай сырлар менен пенделеринен каалаганына ырайым кылып,
каалаганынан мээримин алып койот. Адамдар бул акыйкатты түшүнүп, эки учурда тең
Аллахка бекем ишениши жана моюн сунушу шарт. Мисалы, Аллах кээ бир адамдарды
байлык менен сынайт. Кээде бир жакыр адам кандайдыр бир себеп менен чоң
байлыкка жеткенде, психологиясы жана анын натыйжасында айланасындагы адамдарга
болгон мамилелери жана ойлору түп-тамырынан өзгөрөт. Мындай адамдарда биринчи өзгөрүү
катары, алар мүмкүн болушунча өздөрүн биринчи планга коюп, бүт жерде
макталгылары келип баштайт. Анткени колундагы байлыгынан улам өздөрүн көп
адамдардан өзгөчө сезишет. Аллах белек катары берген нерселерди өздөрүнүн башка
адамдардан үстөмдүгү жана артыкчылыгы катары көрүшөт. Мындай түшүнүксүз
кыймыл-аракеттерди жасашына напсилеринин өзүмчүл каалоолору түрткү болот.
Колундагы мүмкүнчүлүктөрдү Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн колдонбогон адам аны
бир гана өзүнүн напсисин ыраазы кылуу үчүн колдонот. Макталууну жактыруу же
башка адамдарга өзүн-өзү мактоо; булар напсини ыраазы кылууну көздөгөн
каалоолор. Напси ар дайым жакшы көрүлгүсү жана макталгысы келет. Аллахтын
ыраазылыгын максат кылбаган адамдар бир гана башка адамдардын ыраазылыгын көздөшөт,
ошондуктан колундагы нерселердин баары менен мактанып, сыймыктанышат. Акыретти
эч ойлонбогон мындай адамдар үчүн колундагы мүмкүнчүлүктөрдү бул дүйнөдө мындан
жакшыраак колдонуунун башка жолу жок.
Адамдар акчасы
же байлыгы менен эле мактанбайт. Сулуулугу, чачы, дене түзүлүшү, ийгилиги,
кыскасы, айланасындагы адамдардан кайсы жагынан өзгөчө же үстөм болсо, ошонусун
айтып мактанат. Мисалы, баласы атактуу университеттин жакшы адистигине өткөн
бир эне үчүн бул мактанууга мыкты мүмкүнчүлүк болот. Ар бир маекте ал тууралуу
сөз кылып, баласынын кандай кыйынчылыктардан өткөнүн, ага кандай чоң колдоо көрсөткөнүн
«мактануу» менен айтып берет. Баласынын ийгилигин шылтоолоп, ал ийгиликке өзүн
да кошконго аракет кылат. Албетте, баласын колдоп, ага бүт жагынан жардам
берген болушу мүмкүн. Бирок муну башка адамдарга көбүнчө өзүн мактоо үчүн
айтат. Жана мындан абдан ырахат алат. Караңгы коомдо өтө кеңири тараган мындай
мүнөз көбүнчө «сыймыктануу» катары чагылдырылат. Адамдар чындыгында мактануу максатында
жасалган мындай кыймыл-аракетин ошентип жабууга аракет кылышат. «Сыймыктандым»
же «кубандым» деген сыяктуу сөздөрдү колдонуп, туура эмес кыймыл-аракеттерин
туурадай көрсөтүүнү көздөшөт. Бирок чындыгында мындай кыймыл-аракеттердин баары
мактануу максатында жасалат.
Караңгы коомдо
мактануу үчүн көп колдонулган нерселердин дагы бири – бул үйлөр. Жаңы үй алып,
аны кооздоп жасалгалаган адамдар ошол замат курбу-курдаштарын чакырышат, анткени
эми үйлөрү көргөзмөгө жарайт. Ошентип үйүн башкаларга көрсөтүп мактанганга жана
башкаларды суктандырганга ыңгайлуу шарт түзүшөт.
Мындай туура эмес кыймыл-аракеттердин баары адамдардын колундагы мүмкүнчүлүктөрүн
кантип жана эмне максатта колдонуу керек экенин жакшылап ойлонбогондугунан
келип чыгат. Аллах Куранда бул дүйнөнүн кооздуктары менен мактанган адамдардын
кандай акыбетке туш болоору тууралуу Аз. Мусанын коомунда жашаган Карун аттуу
бир кишини мисал келтирген. Аллах Карунга чоң «казына бергенин», бирок Карундун
андан улам «көөп кубанганын» билдирген:
Чындыгында
Карун Мусанын коомунан эле, бирок аларга каршы баш көтөрдү. Биз ага ушундай
казыналар бергенбиз; анын ачкычтарын (көтөрүү) чоң бир топко оор келчү. Ага
коому мындай деген эле: «Эсирип-көөп сүйүнбө, себеби Аллах эсирип-кубангандарды
сүйбөйт.» (Касас Сүрөсү, 76)
Карун элдин
айткан насааттарын укпай, бул байлык «мага мендеги бир илим себептүү берилди»
(Касас Сүрөсү, 78) деп айткан жана байлыгын элдин алдында бир үстөмдүк жана
мактануу мүмкүнчүлүгү катары көргөн. Карундун эли анын байлыгына суктанып,
мындай дешкен:
Ошентип
өзүнүн көркөм-кооздугу менен элинин алдына чыкты. Дүйнө жашоосун каалагандар:
«Аттиң, Карунга берилгендей (мүлк) бизде да болгондо. Чындыгында анын үлүшү
(байлыгы) абдан көп» дешти.
(Касас Сүрөсү, 79)
Карундун
башына келген акыбет Карундай ойлонгон жана ошол сыяктуу кишилерге суктанган
адамдардын Аллахтын берген сый-жакшылыктарына шүгүр кылбай, мактангандарга
Аллах тарабынан кандай жаза берилээрин түшүнүшүнө жакшы мисал болот. Аллах
Карундун кандай акыбетке туш болгонун төмөнкүчө билдирген:
Аягында аны да, сарайын да жердин түбүнө чөктүрдүк.
Аллахка карата ага эч бир тобу жардам берген жок. Жана ал өзүнө өзү да жардам
бере алган жок. (Касас Сүрөсү, 81)
Эл Карундун башына келгендерди көргөндө, адамга бир гана Аллахтын ырыскы
берээрин жана алаарын, жана Аллахка шүгүрсүздүк кылуунун кандай акыбетке алып
бараарын абдан жакшы түшүнгөн. Аллах ал кишилердин Аллахтан башка күч-кудурет
жок экенин төмөнкүчө белгилешкенин кабар берген:
Кечээ
гана анын ордунда болууну каалагандар эрте менен турганда: «Карасаң, демек
Аллах пенделеринен каалаганынын ырыскысын көбөйтүп же азайтат экен. Эгер Аллах
бизге боорукердик кылбаганда, бизди да, албетте, чөктүрүп салмак. Демек,
чындыгында ыймансыздык кылып жолдон адашкандар бейпилдикке жете албайт
турбайбы» деп башташты.
(Касас Сүрөсү, 82)
Карундун
окуясынан да көрүнүп тургандай, эгер адамдар Аллахтын берген сый-жакшылыктарын
башка адамдарга жагуу үчүн «мактанууга» колдонсо, Карун сыяктуу акыбетке туш
болушат. Аллах шүгүр кылбаган адамдарга берген сый-жакшылыктарын бир заматта
кайра алып коюшу мүмкүн. Мисалы, бир адамдын ийгиликтүү деп мактанган баласы күтүүсүздөн
начар жыйынтыктарды алып башташы мүмкүн же кооз үйү менен мактанган бирөө күтүүсүз
жер титирөөдөн улам үйүнөн ажырап калышы ыктымал же болбосо күрөөгө коюп бардык
баалуу буюмдарынан ажырап калышы мүмкүн. Бирок мындай кырдаалда да кээ бир
адамдар башына келген окуяларды кайра эле туура эмес түшүнүк менен чечмелешет.
Башына келген окуяларды өздөрү ойлоп тапкан «көз тийүү» деп аталган негизсиз түшүнүккө
байланыштырышат. Алардын туура эмес түшүнүгү боюнча, адамдардын көзү тийип,
ошол себептен бүт баарынан ажырап калдык деп ойлошот. Бул негизсиз ишенимден
улам ансайын кайгырып, азап тартышат. Чындыгында болсо «көз тийүү» деген нерсе
жок. Баштарына келген бул жоготуу кылган туура эмес иштерин түшүнүшү үчүн
Аллахтын бир эскертүүсү болушу мүмкүн. Аллах бир аятта мындай деп билдирет:
Көрүшкөн жокпу, чындыгында алар ар жылы бир же эки жолу
балээге туш болуп жатышат, бирок (ошого карабастан) тообо кылышпайт жана сабак алып-ойлонушпайт.
(Тообо Сүрөсү, 126)
Бирок бул акыйкатты түшүнүшпөгөнү үчүн баштарына келген түйшүктөр тынымсыз
кайталана берет. Бул болсо алардын бактысыз жашашына себеп болот. Зыянын көрүп
туруп, мындай мамилелерин улантышы алардын ичиндеги «суктандыруу» жана «жакшы көрүлүү»
каалоосунун тереңдигин көрсөтөт. Аллах Куранда мындай адамдардын колундагылары
менен мактануу каалоосунун алардын «башын айландыра турганчалык» күчтүү экенин
кабар берген:
(Мал-мүлк жана байлыктын) Көптүгү менен мактануу силерди
«эңсетип алаксытып, башыңарды айлантты». «Ошентип (бул) мазарга барышыңарга (өлүмүңөргө)
чейин уланды.» (Текасүр Сүрөсү, 1-2)
Адамдардагы
мындай мактануу психологиясы ушунчалык күчтүү болгондуктан, башкаларды
суктандыруу жана мактануу үчүн эч кылбаган нерсесин кылдым деп калп айтканга
чейин барышат. Аллах мындай кылгандардын азапка туш болоорун билдирип төмөнкүчө
эскертет:
Кылган
иштерине кубанып, өздөрү жасабаган иштер менен мактанууну жактыргандарды
(утушта деп) ойлобо, аларды азаптан кутулушат деп ойлобо, алар үчүн оор азап
бар. (Али Имран Сүрөсү, 188)
Адамдардын
мындай жаман адаты өздөрүнө эле эмес, айланасындагы адамдар менен болгон
мамилелерине да терс таасирин тийгизет. Ар дайым өзүн мактап, өзүн көрсөтүүгө
аракеттенген адамдардын жанында болуу көбүнчө адамдарды тажатат. Мындан улам
бара бара адамдын чөйрөсү менен болгон мамилелери муздап, ал тургай, жалгыз
калышы мүмкүн. Ошондуктан ар бир адам бул тууралуу ойлонуп, өзүнүн мактанган өзгөчөлүктөрү
да кошо, бүт нерсенин Аллахка тиешелүү экенин эч качан унутпашы керек.
Мактануунун өзүнө да, айланасындагыларга да терс таасир тийгизээрин көрүп,
берген жакшылыктары үчүн Аллахка ар дайым шүгүр кылышы шарт жана Куранга туура
келбеген мындай нерселерден өзүн тазалашы зарыл.
Бүт
нерселеринин «көбөйүшүн» эңсешет
Караңгы
адамдардын ишеними боюнча, бактылуу өмүр сүрүү үчүн бул жашоодон максималдуу
пайдаланып, мүмкүн болушунча эң көп кызыкчылыкка ээ болуу керек. Аллах Курандын
аяттарында бизге караңгы адамдардын «мал-мүлк жана бала-чаканы көбөйтүү
каалоосу» (Хадид Сүрөсү, 20) менен жашаарын кабар берет. Мындай «көбөйүү»
каалоосу адамдардын ар дайым бүт нерсенин жакшыраагына, коозураагына жана
сапаттуураагына жетүү ышкыбоздугунан келип чыгат. Мурдакыга караганда канчалык
көбүрөөгүнө жана жакшыраагына ээ болсок, ошончолук бактылуу болобуз деп
элестетишет. Мисалы, бир адам бир жакшынакай машина алганда, башында аны абдан
ырахаттануу жана толкундануу менен колдонот. Эңсеген машинама жеттим деп абдан
кубанат. Бирок көп өтпөй кубанычы жоголуп, тажай баштайт, анткени андан да кооз
жана андан да люкс башка машинаны көрөт жана ошол себептен колундагысын
жактырбай баштайт. Белгилүү убакыт өткөн соң ошол жаңы машинаны алуу бирден бир
максатына айланат. Бул бир гана машина эмес, адамдын көңүлүнө жаккан бардык
нерселерге тиешелүү. Караңгы коомдо адамдар көңүлүнө жаккан нерселердин
баарынын эң көбүнө жетүүнү эңсешет. Эч качан азга ыраазы болушпайт, бүт
нерсенин эң көбүнө жеткенде гана бактылуу боло алам деп ойлошот.
Бирок бул дүйнөдөгү
нерселердин баары, мурдакы бөлүмдө айтылгандай, убактылуу кооздуктар гана. Эгер
бир адам бул кооздуктарды чыныгы деп ойлоп, алардын баарына жетүү үчүн жарышып
баштаса, чыныгы жаралуу максатынан абдан алыстайт. Андан соң напсисинин
каалоолорун аткаруу негизги максатына айланат. Бирок бул дүйнөдө бүт баары
кемчиликтүү жана адам ар дайым ар кандай нерсенин жакшыраагына, сулуураагына
жана сапаттуураагына жолугуп калышы ыктымал. Ошондуктан напсинин каалоолору эч
качан түгөнбөйт жана адам эч качан колундагылар менен бактылуу боло албайт.
Ушул себептен мындай аракеттер адамдарды бакытка эмес, тескерисинче ансайын
бактысыздыкка түртөт.
Караңгы
адамдардын мындай бактысыз жашоосу алардын Аллахка шүгүр кылышына да бөгөт
койот. Анткени ач көздүктөн улам Аллахтын берген сый-жакшылыктарын көрбөй
калышат. Ал жакшылыктардын аларга кандай максатта жана ким тарабынан
берилгенине эч маани беришпейт жана бул тууралуу такыр ойлонушпайт. Жактырган
нерселерине эң кыска убакытта жетүүнү жана алардын санын тынымсыз көбөйтүүнү
гана ойлонушат. Мындай адамдардын абалын эч толбогон, түбү тешик чакага
салыштырууга болот. Канчалык суу куюлса да, астындагы тешиктен ошол замат агып
түшүп калат. Тешик бүтөлмөйүнчө, чака эч качан толбойт. Адам колундагы
нерселерге шүгүр кылып, ошолор менен бактылуу болууну билмейинче, дагы
канчалаган жакшылыктар берилсе да, маанайы эч качан өзгөрбөйт. Бүт нерсенин эң
көбүнө ээ болсо да, андан да көбүн каалаганы үчүн колундагы жакшылыктарды
байкай албайт жана алардан ырахат ала албайт. Аллах мындай адамдардын абалын
Куранда төмөнкүчө кабар берет:
Аны жалгыз кылып жаратканымды Мага кой. Мен ага «ушунчалык
көп мал-мүлк» бердим. Көз алдында даяр балдар. Жана сансыз мүмкүнчүлүктөрдү
алдына койдум. (Ал болсо) мындан да көбөйтүшүмдү каалап, ач көздүк кылат. (Мүдессир
Сүрөсү, 11-15)
Аллах башка бир аятта «Силерге каалаган бүт нерсеңерди берди. Эгер
Аллахтын сый-жакшылыктарын санаганга аракет кылсаңар, аны санап бүтө албайсыңар.
Чындыгында, адам абдан залим, абдан шүгүрсүз.» (Ибрахим Сүрөсү, 34) деп
билдиргендей, Аллах адамга каалаган нерселеринин баарын берген. Бирок
адамдардагы жакшылыкты билбөө сезими Аллахка талап кылынгандай шүгүр
кылууларына бөгөт койот. Аллах Куранда шүгүр кылган пенделерине гана
сый-жакшылыктарын көбөйтөөрүн билдирип, жакшылыкты билбегендерди азабы менен
эскерткен:
Раббиңер
мындай деген эле: «Ант болсун, эгер шүгүр кылсаңар, чындыгында силерге көбөйтөм
жана ант болсун, эгер шүгүрсүздүк кылсаңар (жакшылыкты билбесеңер), күмөнсүз, Менин азабым абдан оор. (Ибрахим Сүрөсү, 7)
Адамдардын көпчүлүгүнүн дүнүйөгө болгон ач көздүктөрү өздөрүнө да, коомго
да чоң зыянын тийгизет. Ар дайым бүт нерсенин жаңысын жана жакшысын эңсегендиктен,
бул каалоолору ишке ашпаганда адамдардагы кайгы-капа жана убайымдар да
ошончолук көбөйөт. Мындай адамдар ач көздүгүнөн улам, Аллах аятта билдиргендей,
«Мал-мүлктү жыйноо каалоосу жана ач көздүк менен сүйүшөт» (Фежр Сүрөсү, 20). Күчтүү
сугалактыгынан улам, материалдык жардам суралганда же колундагы байлыктарын
башкалар менен бөлүшүшү керек болгондо, Аллах аятында «Чындыгында ал мал-мүлктү
жакшы көргөнүнөн улам (өзүмчүлдүгүнөн жана сараңдыгынан) абдан катуу.» (Адийат
Сүрөсү, 8) деп билдиргендей, абдан өзүмчүл жана катуу мамиле көрсөтүшөт. Көбүнчө
эл көзүнө бир аз берип, калганын бекем кармашат. Натыйжада коомдо байлар
ансайын байып, жакырлар ансайын жакырга айланат. Бул коомдо бейпилдикти жана
адилеттүүлүктү орнотууга чоң тоскоолдук жаратат.
Адамдардагы мындай байлыгын көбөйтүү сугалактыгы Аллах Курандын көптөгөн
аяттарында туура эмес экенин билдирген «сараңдыкка» жол ачат. Мындай түшүнүктөгү
адамдар биринчи кезекте өзүнүн байлыгын көбөйтүүнү көздөгөнү үчүн, сараңдыкты
негизги принцип катары көрүшөт. Ушундай жагымсыз өзүмчүлдүк менен чогулткан
байлыктарынын баарын өздөрүнө «жакшылык» алып келет деп ойлошот. Чогултуп
сактоо мындай адамдар үчүн амбицияга айланат. Бирок Аллах бул дүйнө жашоосунда
кээ бир адамдарды сыноо катары мал-мүлк жагынан бай кылат. Ошондуктан тапкан
байлыктарын сооптуу иштерге колдонбогондор туура кылып жатам деп ойлоп чоң жаңылыштык
кетиришет, анткени ал байлыктар акырет күнү аларга от болуп кайтат. Аллах бул
акыйкатты Куранда төмөнкүчө кабар берет:
Аллах
мол берешендиги менен берген нерселеринде сараңдык кылгандар муну өздөрү үчүн
жакшылык деп ойлошпосун. Жок, бул алар үчүн жамандык. Кыямат күнү
сараңдык кылгандары менен моюндарынан байланышат. Асмандардын жана жердин мурастары Аллахка таандык. Аллах
кылган иштериңерден кабардар.
(Али Имран Сүрөсү, 180)
Мындай адамдардын дагы бир өзгөчөлүгү, Аллах аятында «Алар сараңдык кылышат, адамдарга да
сараңдыкты буйрушат (кеңеш беришет)...» (Ниса Сүрөсү, 37) деп билдиргендей, башка адамдарды да сараңдыкка үндөшөт.
Ошондой эле, эч ким бизден эчтеке сурабасын деп колундагы байлыктарын да
айланасындагы адамдардан жашырышат. Негизги максаты байлыгын тынымсыз көбөйтүү
жана топтоо болгондуктан, аны башкалар үчүн колдонгулары келбейт.
Адамдардын бул жашоонун чыныгы маңызын түшүнбөшү аларды туура эмес
иш-аракеттерге жана ар дайым жеке кызыкчылыгын көздөөгө түртөт. Ушундай түшүнүктө
болсом, өзүмө пайдалуу болот деп өздөрүн ишендирип алышат. Бирок бул бир гана түйшүк
жана бейпилсиздик алып келет. Ошого карабастан, мындай түшүнүгүнөн кайтышпайт. Бул
жашоого алданып калышканы үчүн, өмүр бою кылган аракеттеринин бакыт жана
бейпилдик алып келишин күтүшөт. Бирок бактысыз жана түйшүктүү жашоодон башка эч
нерсеге жете алышпайт. Аллах бул жашоонун чыныгы жүзүн көрүп түшүнүүлөрү үчүн
адамдардын бул дүйнөдө тапкандарын «жамгырдын» таасирине салыштырып, адамдарды
төмөнкүчө эскерткен:
Билип койгула, дүйнө
жашоосу жалаң гана бир оюн, «жагымдуу бир алаксуу», бир кооздук, өз араңарда
бир мактануу, мал-мүлк жана бала-чаканы «көбөйтүү каалоосу» гана. Бир жамгыр
мисалындай. Ал (жамгыр) өстүргөн эгин (аны) эккендердин көңүлүнө жагат, анан
(ал) куурайт. Бир карасаң, сапсары болгон болот, кийинчерээк болсо ыпыр-сыпырга
айланат. Акыретте болсо оор азап; (же) Аллахтан бир кечирим жана бир ыраазылык
бар. Дүйнө жашоосу – алдамчы бир кооздук гана. (Хадид Сүрөсү, 20)
Аллахтан
башкаларды кудай кылып алышкан
Адамдардын бактысыз болушунун эң негизги себептеринин бири – Аллахка шерик
кошуп, Аллахтан башкаларды кудай кылып алышы. Кээ бир адамдар Аллахка шерик
(ширк) кошуунун Курандагы маанисин жакшы билишпейт. Шерик кошуу – бул, Аллахтын
Затына таандык сыпаттарды башка буюмдарда же жандыктарда бар сыяктуу көрүү жана
ошондуктан бир гана Аллахка көрсөтүлө турган сый-урматты жана мамилени ошол
буюмдарга же жандыктарга көрсөтүү. Шерик кошуу Аллахтын Затына карата жасалган
чоң «жалаа» жана «жакшылыкты билбегендик». Аллахка карата жасалган мындай чоң
«жалааны» жана «жакшылыкты билбегендикти» жазасыз калат деп ойлоо чоң жаңылыштык.
Аллахка шерик кошуу адамдын бул өмүрдөгү эң чоң жеңил ойлуулугу жана катачылыгы
болот. Аллах Куранда Ага шерик кошууну «чоң зулумдук» деп сүрөттөйт жана эч
качан кечирбей тургандыгын билдирет. Ошондуктан шерик кошуудан өтө сак болуп, абдан
алыс туруу шарт:
Эч
күмөнсүз, Аллах Ага шерик кошулушун кечирбейт. Андан башкаларды болсо (алардан)
каалаганын кечирет. Ким Аллахка шерик кошсо, албетте, ал алыс адашкан болот.
(Ниса Сүрөсү, 116)
Аллахтын шерик
кошкон адамдарга бул дүйнөдө берген жазаларынын бири – бул бактысыздык. Шерик
кошуу адамды кантип бактысыз кылат, же адам бир гана Аллахка багыттала турган
сезим жана ойлорун башкаларга багыттаса эмне болот?
Жооп айдан
ачык. Мындай учурда адамдын жашоосунда миңдеген жасалма кудайлар пайда болот.
Мисалы, бир адам башка бир адамдан корккондо, ал адамды Аллахтан көз-карандысыз,
өз алдынча бир күчтөй көргөн болот. Натыйжада ал адамдан бир жамандык же зыян көрүшүм
мүмкүн деп ойлоп, анын айткандарынын баарын кылууга, ага моюн сунууга, ал
тургай, аны ыраазы кыла турган иштерди жасоого аракет кылат. Көрүнүп тургандай,
Аллахтын Затынан эмес, башка бир адамдан коркуу адамды кандайдыр бир
иш-аракеттерге мажбурлайт. Бул адамдын өзүнө окшогон башка бир адамды Аллахка
шерик кошушуна себеп болот. Чындыгында болсо, коркуп, моюн сунууга татыктуу Зат
бир гана Аллах. Раббибиз бир аятында мындай дейт:
Аллах пендесине жетиштүү эмеспи? Сени Андан (Аллахтан)
башкалар менен коркутушат. Аллах кимди адаштырса, ага туура жол көрсөтүүчү жок.
(Зүмер Сүрөсү, 36)
Ошондуктан
адам бир гана Раббибиздин буйрук жана тыюуларын аткарып, Анын ыраазылыгына жана
сүйүүсүнө жетүүгө аракет кылышы шарт. Антпесе абдан түйшүк тартып, кыйналат. Аллахтан
коркуу сезими адамды Аллахка ансайын жакындаткан, Аллах сүйүүсү менен бирге
бекемделген, Аллахтын ыраазылыгы үчүн ансайын көбүрөөк иш-аракеттерди жасоого үндөгөн
пайдалуу сезим. Аллахка шерик кошуудан келип чыккан коркуу сезими болсо адамды
кыйнап түйшүккө салган, шерик кошкону үчүн адамды тозокко түртүшү ыктымалдуу
болгон зыяндуу сезим. Аллах эч кандай далил түшүрүлбөгөн нерселерди шерик
кошкон мындай адамдардын жүрөктөрүнө коркунуч салаарын Куранда төмөнкүчө
билдирген:
Эч бир далил түшүрүлбөгөн нерсени Аллахка шерик кошушканы
үчүн, ыймансыздардын жүрөктөрүнө коркунуч салабыз. Алардын жашай турган жери
от. Залимдердин турак жайы кандай жаман. (Али Имран Сүрөсү, 151)
Караңгы
коомдордо туура эмес багытталган дагы бир сезим – бул сүйүү. Сүйүү Аллах
тарабынан адамдардын жүрөктөрүнө берилген эң сонун сезим. Бирок бул сонун сезим
туура багытталбаса, адамга дарттан жана азаптан башка эч нерсе алып келбейт.
Анткени адамдардын жеке кызыкчылыктары бардык адеп-ахлактык баалуулуктардан
жогору коюлгандыктан, мындай адамдар үчүн сүйүү сезими да кызыкчылыкка жетүүнүн
шайманына айланат. Кызыкчылык күтпөстөн сүйө албай калышат. Мындай чөйрөдө
адамдар бири-бирин ал кишиден ала турган кызыкчылыгына жараша жакшы көрүшөт.
Бирок мындан улам ар дайым зыян тартышат. Жакшы көрүү сезими ойлонбостон туура
эмес жерлерге жана туура эмес кишилерге багытталганда, адамдын сөзсүз көңүлү
иренжийт.
Сүйүүгө жана сүйүлүүгө
чыныгы татыктуу Зат чексиз кудуреттүү Аллах. Адамды жоктон бар кылып, ага
каалаган нерселеринин баарын берген, аны жараткан, жедирген, ичирген,
кийиндирген, коргогон жана ага ар кандай кооздуктарды берген Аллах. Аллахты,
Анын көрүнүштөрүн чагылдырган жана Анын көрсөткөн жолу менен жүргөндөрдү сүйүү
туура сүйүү болот.
Бирок Аллахка
шерик кошкон адам мындай кыла албайт. Ой жүгүртпөгөнү үчүн, жакшы көрүүгө
татыксыз нерселерди жана адамдарды жакшы көрөт. Аллах ыймансыздардын мындай
абалын Куранда төмөнкүчө кабар берет:
Адамдардын
арасында кээ бирөөлөр Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып
алышат (жана) аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар болсо Аллахты
көбүрөөк сүйүшөт. Ал зулумдук кылгандар азапка жолугаар күнү сөзсүз бүт күч-кудуреттин
толугу менен Аллахка
таандык экенин жана Аллах берген азаптын чындыгында күчтүү (оор) экенин бир билишсе эле. (Бакара Сүрөсү,
165)
Шерик кошуунун
дагы бир түрүндө болсо адам эң көп өзүн жакшы көрүп, өзүн эң күчтүү, эң акылдуу
жана эң сулуу деп ишенет. Мындай адам өзүнүн ойлорун туура көрүп, ошого гана
таянат. Кыскасы, эбегейсиз күзгүсүнөн өзүн көрөт. Мындай адамдын кудайы өзү, өзүнө
өзүн кудай кылып алган (Аллахты аруулайбыз). Аллах мындай адамдардын абалын бир
аятта төмөнкүчө кабар берет:
Өзүнүн
каалоо жана кумарларын кудай кылып алганды көрдүңбү? Сен ага көзөмөлчү боло
аласыңбы? (Фуркан Сүрөсү, 43)
Аллахка шерик
кошкон киши адамдарды жана башка нерселерди кудай кылып алгандыктан, жашоосун сөзсүз
түрдө алардын каалоолоруна жараша өзгөртөт. Анткени ошондо бактылуу жана бейпил
жашайм деп ойлойт. Ошондой эле, ал жасалма кудайлардын мактоосуна жана сүйүүсүнө
жетүүнү абдан маанилүү көрөт. Бакыты ошол жасалма кудайлардын ыраазылыгынан көз-каранды
болгондуктан, ар бири үчүн өзүнчө бөлүктөргө бөлүнөт. Өзүнө бирден көп жасалма
кудайларды тутунуп алганы үчүн, ар бирине ар кандай болуп кубулат. Бул адамды
абдан кыйнайт жана жасагысы келбеген нерселерди да жасаганга мажбурлайт. Бир
гана Аллахты кудай туткан адам болсо бир гана Анын сөзүн аткарып, бир гана Анын
ыраазылыгына жана сүйүүсүнө жетүүгө аракет кылат жана болгон күчү менен акылын
ошого колдонот. Бул эки типтеги адамдардын ортосундагы айырманы Аллах Куранда өтө
акылдуу бир мисал менен түшүндүргөн:
Аллах
бир мисал берди: өз ара ынтымаксыз жана пикир келишпес, аны талашкан көп
кожоюндары бар бир адам менен жалгыз кишиге баш ийген бир адам. Бул экөөсүнүн
абалы бирдей болмок беле? Мактоолор Аллахка тиешелүү. Жок, алардын көпчүлүгү
билишпейт. (Зүмер Сүрөсү, 29)
Атасына айткан эле: «Атаке, укпаган, көрбөгөн жана сени
кандайдыр бир нерседен көз-карандысыз кылбаган нерселерге эмне үчүн сыйынып
жатасың? (Мариям Сүрөсү,
42)
Аллах аятта
белгилегендей, шерик кошкон адам бир жагынан өзүн кыйнаган бир психологияда
жашаганга мажбур болсо, экинчи жагынан кылган иштеринен толук натыйжа ала
албай, өзү күткөндөй көңүл бурууга жана ыраазылыкка жете албайт. Анткени
адамдар бири-бири менен болгон мамилелеринде өзүнүн кызыкчылыктарын биринчи
кезекке коюуну каалашат. Бир адамдын жардам күтүп, айткандарынын баарын
жасаган, сүйүүсүнө жана ыраазылыгына жетүүгө аракет кылган кишилери өздөрүнүн
жеке кызыкчылыктарынан улам, каалаган эч нерсесин ага бербейт же бере албайт.
Ал тургай, кээде аны менен касташып, ага жамандык каалай турганчалык өзгөрүп кетишет.
Бул адамдын ичиндеги тынчсызданууну жана түйшүктү ансайын күчөтөт. Шерик
кошуудан (ширктен) жана ал себеп болгон бактысыздыктан кутулуу үчүн ширк
тууралуу терең ойлонуу жана Аллахтан башка күч-кудурет жоктугун түшүнүп, бир
гана Анын ыраазылыгын көздөө шарт.
Адам шерик
кошкон эч бир нерсенин чындыгында өзүнө таандык бир күчү, сулуулугу, жөндөмү
жана акылы жок; алардын баарынын жалгыз ээси Аллах. Ошондуктан адам кыйын
абалда калып жардам сураганда, чындыгында ага Аллах жардам берет. «Ойлонуп
жатам» дегенде ойлонгон нерсесин ага Аллах илхам кылат. Кайсы бир
кыймыл-аракетти жасаганда, негизи ал кыймылды ага Аллах жасатат. Алдындагы
даамдуу тамагын, ырыскыны жана даамды Аллах жаратат. Тамагын анын алдына алып
келтирген, ага дасторкон даярдаткан да Аллах. Ооруганда ага дарт берген
чындыгында микроб эмес, Аллах. Ага шыпаа берип айыктыра турган да дарыгер эмес,
Аллах. Ширеңке менен бир кагазды тутантканда, кагазды күйгүзгөн ширеңкедеги
жалын эмес, Аллах. Жарашыктуу кийим кийгенде, аны жарашыктуу кылган Аллах. Дагы
сансыз мисалдарды келтирүүгө болот. Бирок бир нерсени туура эмес түшүнбөш
керек. Албетте, адам ооруганда дарыгерге барат. Бирок аны айыктыра тургандын
дарыгер эмес экенин да эң жакшы түшүнүшү шарт. Же мисалы үйүндө апасы тамак
бышырышы мүмкүн. Бирок тамакты даярдаткан жана ага жегизген себептерди Аллах
жаратат. Окуялардын ортосунда себеп-натыйжа байланыштары бар. Бирок Аллах
натыйжаны да, натыйжага алып келүүчү себептерди да баарын өз-өзүнчө жаратат.
Адамдар бул маанилүү акыйкатты терең ойлонуп, абдан жакшы түшүнүшү шарт. Эч
кимдин Аллахтан көз-карандысыз, өз алдынча кандайдыр бир нерсени жасай турган күчү
да, жөндөмү да, акылы да жок. Бүт нерсенин кожоюну Аллах болгондуктан, бүт
нерсени жасаган жана жасаткан да бир гана Аллах. Аллах адамдар кудай кылып
алган нерселердин чындыгында эч кандай күчү жок экенин көптөгөн аяттары аркылуу
бизге кабар берет:
Өздөрү
жаратылып, эч нерсени жарата албаган нерселерди (Аллахка) шерик кылышабы? (Бул шерик кошкон күчтөр менен нерселердин) аларга да
жардам бергенге күчтөрү жетпейт, өз напсилерине (өздөрүнө) да. Аларды туура жолго (хидаятка) чакырсаңар, силерди
ээрчибейт. Аларды чакырсаңар да, унчукпай койсоңор да силер үчүн айырмасы жок (мамилелери
өзгөрбөйт). (Аьраф Сүрөсү,
191-193)
Аллахтан
башка сыйынгандарыңар силер сыяктуу кулдар (пенделер).
Эгер чынчыл болсоңор, ылдам аларды чакыргыла, силерге жооп беришсин. Алардын
баса турган буттары барбы? Же кармай турган колдору барбы? Же көрө турган көздөрү
барбы? Же болбосо уга турган кулактары барбы? Айткын: «Шерик кошкондоруңарды чакыргыла, кийин бир тузак кургула жана мага эч бир мөөнөт да
бербегиле.» (Аьраф Сүрөсү,
194-195)
Аллах башка
бир аятында мындай адамдардын акырет күнү бул акыйкатты өз ооздору менен кабыл
алаарын төмөнкүчө кабар берет:
Анан
аларга айтылат: «Силердин шерик кошкондоруңар кайда? Аллахтан башка
(сыйынгандарыңар).» «Бизди таштап жоголуп кетишти. Жок, биз мурда эч нерсеге
сыйынчу эмес экенбиз» дешти. Аллах каапырларды мына ушундай жаңылтып-адаштырат.
(Момун Сүрөсү, 73-74)
Ошондуктан адамдын
эч кандай күчү жок нерселерден жардам сурашы, алардын каалоолору жана
ыраазылыгы үчүн аракет кылып, бүт жашоосун аларга карап өзгөртүшү чындыгында
шерик кошкон адамдын канчалык аңкоолук кылып, алданып жүргөндүгүнүн эң айкын
далили. Анда мындай адамдар эмнени угушат жана эмнеге карап мындай кылышат? Бул
суроонун жообун Аллах Куранда бизге төмөнкүчө кабар берет:
Кабарыңар болсун; күмөнсүз асмандардагы, жердегилердин
баары Аллахка таандык. Аллахтан башкага сыйынгандар дагы шерик кошкон
нерселерди жана күчтөрдү (чындыгында) ээрчишпейт. Алар болгону күмөндөрүн
ээрчишет жана алар болгону күмөн жана божомол менен жалган сүйлөшөт. (Йунус Сүрөсү,
66)
Көрүнүп
тургандай, мындай адамдар чындыкты эмес, толугу менен өздөрүнүн күмөн жана
божомолдорун угушат жана ошого карап кыймыл-аракет жасашат. Жасалма кудайларынын
баары өздөрүнүн күмөн жана божомолдорунан пайда болот. Күмөн жана божомолдору
эч кандай пайда бербейт, тескерисинче алардын зыянын ансайын көбөйтөт жана
Аллах аятында «Ант болсун, сага жана сенден мурдакыларга: «эгер шерик кошсоң,
чындыгында кылган иштериң текке кетет жана, албетте, сен зыянга кабылгандардан
болосуң» деп вахий кылынды» (Зүмер Сүрөсү, 65) деп билдиргендей, кылган
иштеринин жана жасаган аракеттеринин баары текке кетет. Пайгамбар Мырзабыз
(сав) да Аллахтан башкалардан үмүт кылган адамдарга алардын эч кандай пайдасы
тийбей тургандыгын кабар берген:
«...Бир нерсе
сураганда Аллахтан сура. Жардам керек болсо Аллахтан жардам тиле. Анткени
пенделер Аллах жазбаган бир нерседе сага пайда берүү үчүн биригишсе, ал пайданы
берүүгө кудуреттери жетпейт. Аллах жазбаган бир зыянды сага тийгизүү үчүн
биригишсе, ага да кудуреттери жетпейт.» (Kütüb-i Sitte, Muhtasarı Tercüme ve
Şerhi, Prof. Dr. İbrahim Canan, 16. cilt, Akçağ Yayınları, Ankara, 1992, s.
314)
Бирок кээ бир
адамдар шерик кошуунун канчалык чоң коркунуч жана алдануу экенин билишпейт. Өмүр
бою Аллахка шерик кошуп жашаган мындай адамдар шерик кошкон бардык жандыктардын
жана нерселердин аларды кантип томсортуп таштап кетээрин, бош бир алдануу гана
экендигин жана эч бир күчү жоктугун акырет күнү түшүнүшөт. Аллах мындай
адамдардын акыреттеги бушаймандыгын жана психологиялык чарасыздыгын Куран
аяттарында төмөнкүчө кабар берет:
(Ал
күнү) Ээрчитүүчүлөр (жол башчылар) ээрчигендерден алыстап качышат. Азапты көргөндө
ортолорундагы бардык байланыштар (жана мамилелер) да үзүлөт. (Ошондо баш ийип)
ээрчигендер: «эгер бизге (дүйнөгө кайтууга дагы) бир жолу мүмкүнчүлүк
берилгенде, (эми) сөзсүз алар бизден алыстагандай, биз да алардан алыстамакпыз
(аларды оңтойсуз абалда калтырмакпыз)» дешет. Ошентип Аллах алардын бардык
кылгандарын орду толгус бушаймандыктарга айлантат. Жана алар оттон (тозоктон)
чыгышпайт. (Бакара Сүрөсү, 166-167)
Шерик кошуп, Аллахтан башкаларга таянган адамдар өмүр бою курулай бакытты
күтүшөт. Аллахты дос тутуп, Ага таянбаганы үчүн, өмүр бою чыныгы бейпилдикти,
тынчтыкты жана бакытты сезе алышпайт. Аллах мындай адамдарга жакшылыкты
билбегени үчүн, жаза катары бактысыздык берет. Бул эч качан өзгөрбөй турган акыйкат.
Адам мындай абалга түшүшүнө бир гана өзү себепкер. Адам бактысыздыгынын себебин
өзүнөн издеп, ой жүгүртүшү шарт. Аллах бир аятында адамдардын өз колдору менен
жасагандары үчүн бактысыз болушаарын эскертет:
Күмөнсүз,
Аллах адамдарга эч нерсе менен зулумдук кылбайт. Адамдар өздөрүнө өздөрү
зулумдук кылышат. (Йунус Сүрөсү, 44)
Адам ширктен
(шерик кошуудан) кутулуу үчүн жүзүн чын жүрөктөн Аллахка буруп, абийири менен
ойлонушу керек жана Аллахтын күчүн жана кудуретин түшүнүшү зарыл. Аз.
Ибрахимдин абийирин угуп жүзүн Аллахка бурушу жана Аллахтын күч-кудуретин түшүнүшү
бардык адамдарга үлгү боло алат. Аллах Куранда Аз. Ибрахимдин бул мамилесин төмөнкүчө
кабар берет:
Ошентип
Ибрахимге анык илим менен (бекем) ишенгендерден болушу үчүн, асмандардын жана жердин
падышалыктарын көргөздүк. Түн
асманды каптаганда бир жылдызды көрүп: «Ушул менин Раббим» деди. Бирок (жылдыз)
жоголгондо: «Мен жоголуп-кетчүлөрдү сүйбөйм» деди. Анан айды (айланага жарык
чачып) чыгып жатканын көргөндө: «Бул менин Раббим» деп, бирок ал да жоголгондо:
«Ант болсун» деди, «Эгер Раббим мени туура жолго салбаса, чындап адашкандардан
боломун.» Анан күндү (айланага нур чачып) чыгып жатканын көргөндө: «Мына ушул
менин Раббим, бул эң чоң» деди. Бирок ал да жоголуп кеткенде, коомуна: «Эй
коомум, чындыгында мен силердин ширк (шерик) кошуп жаткандарыңардан алысмын»
деди. «Чындыгында, мен бир муваххид (Аллахтын жалгыздыгына ишенген) катары жүзүмдү
асмандарды жана жерди жаратканга бурдум. Жана мен мушриктерден (Аллахка шерик
кошкондордон) эмесмин.» (Энъам Сүрөсү, 75-79)
Эгер адам өмүр
бою Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн аракет кылып, бүт баарын Аллахтан сурап,
жоопкерчиликтерин чын ыкласы менен аткарса, Аллахтын ар бир ишине жардам
берээрин жана аны ар түрдүү кыйынчылыктардан куткараарын сөзсүз көрөт. Аллах
Куранда ыймандууларга жардамын төмөнкүчө сүйүнчүлөгөн:
Айткын:
«Андан жана ар түрдүү азаптан силерди Аллах куткарууда. Кийин силер кайра эле
шерик кошуп жатасыңар.» (Энъам Сүрөсү, 64)
...
Аллах Ага (Анын динине) жардам бергендерге сөзсүз жардам берет. Чындыгында,
Аллах кудуреттүү, улуу (Азиз). (Хаж Сүрөсү, 40)
Эгер Аллах силерге жардам берсе, силерди эч ким жеңе
албайт жана эгер силерди жападан жалгыз жана жардамсыз калтырган болсо, андан соң
силерге ким жардам берет? Демек ыймандуулар бир гана Аллахка тобокел кылышсын (таянышсын). (Али Имран Сүрөсү,
160)
Тагдырга
туура эмес ишенишет
Бүгүнкү күндө
адамдарга «тагдыр деген эмне?» деп суроо берилсе, абдан аз киши гана туура жооп
берет. Бул адамдардын тагдырдын чыныгы маанисин билбегенин көрсөтөт. Тагдырдын
чыныгы маанисин бизге бүт нерсенин эң туурасын көрсөткөн Курандан окуп үйрөнбөшү
алардын тагдырды түшүнүүдөн келип чыккан бейпилдиктен да кол жуушуна себеп
болот.
Тагдыр – бул,
Аллахтын жараткан ар бир жандыгынын мурда жасаган жана келечекте жасай турган
бардык иштерин, ар бир кыймыл-аракетин, ойлорун, сүйлөшкөн сөздөрүн бардык
майда-чүйдөсүнө чейин билип, башкарышы. Адамдар төрөлө электе өмүр бою көрө
турган жана башынан өткөрө турган нерселеринин баары Аллах Кабатында
белгиленген жана пландалган. Аллах бүт баарын бир тагдырга ылайык жаратканын «Эч
күмөнсүз, Биз бүт нерсени бир тагдыр менен жараттык» (Камер Сүрөсү, 49) деп
кабар берген. Адам өмүр бою Аллахтын ал үчүн белгилеген жана каалаган
окуяларына туш болгондуктан, толугу менен Аллах каалагандай өмүр сүрөт. Аллах
бул акыйкатты бизге төмөнкүчө билдирет:
Алар
жасаган бүт нерселер китептерде (жазылуу). Кичинекей, чоң бүт нерсе сап сап
(жазылган). (Камер Сүрөсү, 52-53)
Аллах аятта
белгилегендей, бардык адамдар толугу менен Аллахтын көзөмөлүндө жана Ага толук
моюн сунуп жашашат. Башка бир аятта Аллах бардык адамдардын Раббибиз белгилеген
тагдырга ылайык өмүр сүрөөрүн төмөнкүчө кабар берет:
Аларды
силер өлтүргөн жоксуңар, аларды Аллах өлтүрдү; ыргытканда (таштаганда) сен ыргыткан жоксуң, Аллах ыргытты. Ыймандууларды Өзүнүн жакшы сыноосу менен сыноо үчүн
(жасады). Чындыгында Аллах угуучу, билүүчү. (Энфал Сүрөсү, 17)
Ошондуктан адам
каалаганын өзгөртүп, тагдырынын сыртына чыга албайт. Адамдардын тагдырлары,
тагдырына ылайык башынан өткөргөн бардык окуялары жана ал окуяларда жасаган
кыймыл-аракеттеринин баары Аллахтын «буйругу». Аллах бул акыйкатты бир аятта
«...Аллахтын буйругу белгиленген тагдыр» (Ахзаб Сүрөсү, 38) деп кабар берген.
Ушул себептен бардык адамдар тагдырга моюн сунуулары зарыл. Адам да кошо,
бардык жандыктар Аллахтын белгилеген тагдырына ылайык өмүр сүрүшөт.
Бул
айтылгандар адамдын бактылуу жашашына, бардык шартта көңүлү тынч, бейпил жана маанайы
туруктуу болушуна чоң таасирин тийгизет. Тагдырга моюн сунуунун адамга кандай
бейпилдик берээрин жакшыраак түшүнүү үчүн, тагдырга ишенип баш ийген адам менен
тагдырга ишенбеген адамдын бир окуяны кандай кабыл алаарын салыштырып көрөлү.
Мисал катары бардык жаштар жашоолорунун бурулуш чекити катары кабыл алган
университетке тапшыруу сынактарын карайлы. Биз сөз кылып жаткан эки адам тең
ушул сынакка киргени жатат дейли. Ал экөөнүн тагдырга болгон көз-караштары
бири-биринен абдан айырмаланганы үчүн, сынак психологиясынын экөөнө таасири да
толугу менен эки башка болот. Аллахтын ал үчүн жараткан тагдырына моюн сунган
адам сынак учурунда кетире турган каталарынын жана ала турган жыйынтыгынын
сынакка кире электе эле Аллах Кабатында белгилүү экенин жана Аллахтын ал
нерселердин баарын белгилүү бир максат менен жаратканын билгендиктен, сынактан
улам стресс болуп, толкунданбайт. Анткени ал сынак негизи тагдырында болуп бүткөн.
Адам болгону сынакка кирип, анын жыйынтыгын көрүүнү күтөт. Сынактын жыйынтыгына
кийлигише ала турган Аллахтан башка бир күч жок экенин билет. Сынактын
жыйынтыгы жакшы же жаман болсо да, Аллахтын бүт нерсени жакшылык менен
жаратканын билип, сынак үчүн кайгырып, стресс болбойт. Аллахка тобокел кылып,
моюн сунганы үчүн, сынактан чыга турган жакшы же жаман жыйынтыктын экөөсүнө тең
чын жүрөктөн ыраазы болот. Анткени аны Аллах каалаган.
Мындай адам
толкунданып, стресске кирбегени үчүн, бул сезимдердин зыян жана жоготууларынан
да алыс болот. Себеби толкунданып, стресс болгон адамдын көңүлү тынч болбойт,
ойун бир жерге топтой албайт, билгендерин жакшы колдоно албайт жана оңой эле
ката кетириши мүмкүн. Бир адамдын абдан маанилүү сынакта мындай маанайда
болушунун анын сынактагы ийгилигине терс таасирин тийгизээри анык. Тагдырга
ишенген адам сынак психологиясынын мындай терс жүгүнөн да алыс болот жана
сынакта ийгиликке жетүү ыктымалдыгы да жогорулайт.
Берки адамдын
абалы болсо мындан толугу менен башкача болот. Ал тагдырга ишенип моюн
сунбаганы үчүн, бүт баарын өзүм кылам, бүт баары өзүмдүн колумда деп ойлойт.
Ушунчалык маанилүү сынакта минтип ойлоо адамга абдан оор жүк алып келет.
Ошондуктан бул оор жүктү көтөрө албай, чоң стресске жана чыңалууга кабылат.
Анын ою боюнча, бул сынактан өтүп өтпөшү толугу менен өзүнүн колунда. Сынактан өтүү
үчүн канча ай бою даярданып, убактысын короткондуктан, эгер өтпөй калсам,
ошончо эмгек текке кетет деген ойлор да анын маанайын түшүрөт. Тагдырга
ишенбегени үчүн, чыңалып, стресс болот жана ал сынагына терс таасир берет. Ойун
бир жерге топтой албай, балким билген суроолорунун да жообун таба албайт, тапса
да балким туура эмес белгилеп салат. Ал үчүн абдан маанилүү болгон бул сынактан
балким бир гана стресс жана толкундануудан улам өтпөй калат. Мындай абалга
кабылган адам окуяларга ыйман көзү менен карамайынча, сөзсүз түрдө маанайы чөгүп,
пессимизмге туш болот. Ал тургай, олуттуу депрессияларга да кабылышы мүмкүн. Бүт
окуяларга өзүн себепкер сезгени үчүн, ансайын кыйналып, азап тартат. Тагдырга
моюн сунуп, Аллахка тобокел кылбаганы үчүн, Аллахтын аны жүрөгүнө бере турган
бейпилдик жана ишеним сезимдеринен да кол жууйт. Ошондуктан Аллах төмөнкү аятта
белгилегендей, тагдырга толук моюн сунган адамдардагы «туруктуу» жана «бейпил»
маанайды эч качан сезе албайт:
Колуңардан чыкканга кайгырбашыңар жана силерге (Аллахтын)
бергендеринен улам сүйүнүп-көппөшүңөр үчүн (ушундай кылды)... (Хадид Сүрөсү,
23)
Адамдардын дагы бир жаңылыштыгы – бул, өздөрү үчүн эмненин жакшы, эмненин
жаман экенин толук биле албашы жана мындан улам түйшүк тартышы. Адамдын акылы
жана талдоо күчү алсыз болгондуктан, Куран көрсөткөн жолго түшмөйүнчө, өзүнө
эмненин жакшы, эмненин жаман болоорун толук биле алышпайт. Ошондуктан башына
жамандык сыяктуу көрүнгөн бир окуя келгенде, аны мага зыян алып келди деп ойлоп
жаңылыштык кетиришет. Анткени Аллах сыноонун бир талабы катары адамдарды
жакшылык менен да, жамандык менен да сынайт. Аллах бардык окуяларды адамдарды
сыноо үчүн атайын бир максат жана даанышмандык менен жаратат. Аллах бул сырды
бир аятта пенделерине «...Биз силерди жамандык менен да, жакшылык менен да
текшерип, сынап жатабыз жана силер Бизге кайтарыласыңар» (Анбия Сүрөсү, 35) деп
кабар берген. Бул акыйкатка ыйман кылып, Аллахтын ыраазылыгын көздөгөн бир адам
үчүн башына келген ар бир окуя жакшы натыйжага себепчи болот. Аллах башка бир
аятында ар бир окуяны адамдар байкаган жана байкай албай турган көптөгөн
даанышмандыктар менен жаратканын төмөнкүчө кабар берет:
...(Кээде) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чындыгында ал силер үчүн
жакшылык болот. Ошондой эле, (кээде) силер жакшы көргөн
нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Аллах билет, силер билбейсиңер. (Бакара Сүрөсү,
216)
Аяттан да көрүнүп тургандай, адам жакшы көргөн же жаман көргөн, көңүлүнө
жаккан же жакпаган бүт нерседе негизи адамдын өзүнө бир жакшылык жашырылган.
Анткени адамдын башына келген бардык окуяларды бүт нерсени билген Аллах
пландаган. Адамды жараткан Раббибиз, албетте, адам үчүн эмненин жакшы, эмненин
жаман экенин толук билет. Муну мындай эмес деп ойлоо Аллахтын кудуретин жакшы түшүнбөгөндүктү
көрсөтөт. Бул болсо адамга зыян жана бактысыздыктан башка эч нерсе алып
келбейт. Ошондуктан адам аны ар дайым жакшылыкка багыттай турган, Аллахтын ал үчүн
белгилеген тагдырына моюн сунушу шарт.
Баштарына келген бүт нерсенин бир сыноо экенин жана Аллахтын бүт баарын жакшылык
менен жаратканын байкай албаган адамдар болсо чоң зыянга дуушар болушат. Адамдар
окуяларды Куранга карап талдабаган учурда, башына келгендердин баарын терс
кабыл алып, үмүтсүздүккө жана пессимизмге түшүшөт. Мындан кутулуунун бир гана
жолу бар: тагдырга толук моюн сунуп, ар бир окуянын сырларын түшүнүүгө аракет
кылуу. Бул бактылуулукка жетүүнүн караңгы адамдар эч билбеген бир жолу.
Аллахка жана
тагдырга моюн сунбаган адам көңүлүнө жакпаган окуяларга туш болгондо, нааразы
болуп баштайт. Бул анын түйшүгүн жана тынчсыздануусун ансайын күчөтөт. Булагын
билбеген, себебин түшүнө албаган окуяларга туш болуу мындай адамдарды кыйноого
салат. Бул кыйноо Аллахтын ыймансыздарга бул жашоодо берген бир жазасы. Ошентип
Аллахка баш көтөрүп, Ага ибадат кылууну каалабаган адамдардын азабы бул дүйнөдө
эле акырындан башталат. Аллах Куранда бул акыйкатты төмөнкүчө кабар берет:
Ант болсун, Биз аларга балким (каапырдыктан) кайтышаар деп
улуу (акыреттеги) азаптан мурда, жакын (бул
дүйнөдөгү) азаптан да таттырабыз. (Сажда Сүрөсү,
21)
Тагдырга
чындап моюн сунбаган адам бул дүйнөдө бактысыздык жана азаптан башка эч нерсе
таппайт. Бир адамдын тагдырга болгон ыйманы, ишеними жана Аллахка моюн сунуусу
канчалык күчтүү болсо, бейпилдик, тынчтык жана ишенимдүүлүк сезимдери да
ошончолук бекем болот. Натыйжада бир жагынан ар дайым туруктуу маанайга ээ
болсо, экинчи жагынан башына келген окуялардын жакшылыктарын жана сырларын
жакшыраак байкай алат.
Жасалмалыкты
адат кылып алышкан
Чынчылдык же
чын ыкластуулук дегенде кыскача адамдын ойлору жана сезимдери менен
кыймыл-аракеттеринин бири-бирине дал келишин түшүнөбүз. Чыныгы мааниде чынчыл
киши өзүн эч кимге далилдөөгө же кабыл алдырууга мажбур сезбегени үчүн, бүт
жерде өзүн табигый алып жүрөт. Мындай адам үчүн чынчылдык бейпилдиктин булагына
айланат.
Бирок бүгүнкү күндө көптөгөн адамдардын айланасындагы адамдар менен болгон
мамилелеринен жасалмалыкты көп байкоого болот. Караңгы түшүнүктөгү адамдардын көпчүлүгү
калпычылыкты, эки жүздүүлүктү, жасалмалыкты адат кылып алышкан жана
мамилелеринде толугу менен ушул адаттары үстөмдүк кылат. Ар бир адам кээ бир
белгилүү кызыкчылыктарды көздөгөндүктөн, бири-бирине жасалма мамиле кылышат.
Албетте, бул бир тараптуу эмес, эки жактуу. Эки тарап тең бири-бирин колдонуп,
бири-биринен максималдуу пайдаланууга аракет кылат. Мындай чөйрөдө ишеним деген
түшүнүк болбойт. Анткени кимдин эмне кылаары, кандай мамиле жасаары, ойунда
эмне бар экени толугу менен белгисиз. Ансыз да адамдардын бири-бири менен
болгон мамилелеринде бактысыз болушунун, депрессияга киришинин, бири-бирине
болгон сүйүү жана жакындык сезимдеринин өтө кыска болушунун себеби да
жасалмалык. Аллах аятта «Демек кылгандарынын жазасы катары аз күлүп, көп
ыйлашсын» (Тообо Сүрөсү, 82) деп, динден алыс жашаган адамдардын бактысыз
болоорун кабар берген.
Жасалмалык адамдарда башка терс кулк-мүнөздөрдү да пайда кылат. Алардын
бири, көрсөтүлгөн жардамдардын жана жакшылыктардын баркын билишпейт. Курандан
алыс жашашканы үчүн, башкалардын кылган жардамдарын жана жакшылыктарын бат
унутуп, жамандыктарын болсо эч унутушпайт. Болор-болбос бир уруш же пикир
келишпестик келип чыкса, ошол замат бир-биринин терс тараптарын айтып,
бири-бирин катуу сындашат. Бир-биринин жакшы тараптарын көрүшпөйт же көргүлөрү
келбейт. Кыскасы, адамдар башкалардын аларга кылган жакшылыктарын жана
жардамдарын жакшы баалай алышпайт.
Бири-бирине мындай мамиле кылган адамдар Аллахка жана динге карата да
жасалма мамиле жасашат. Мындай адамдардын Аллахка ыйманы (ишеними) абдан алсыз
болот жана башына болор-болбос кыйынчылык келгенде Аллахты унутуп калышы мүмкүн.
Аллах Курандын төмөнкү аятында мындай адамдардын «Аллахка бир учунан ибадат
кылаарын», мындан улам бул дүйнөдө жана акыретте чоң жоготууга дуушар болоорун
билдирген:
Адамдардын
кээ бирлери Аллахка бир учунан ибадат кылат, эгер ага бир жакшылык келсе, ага ыраазы болот жана эгер ага бир фитна
(сыноо, кыйынчылык) келсе, жүзү терс бурулат. Ал дүйнөнү жоготту, акыретти да.
Мына ушул апачык бир жоготуу. (Хаж Сүрөсү, 11)
Аллах мындай
адамдардын динге байланыштуу жасалмалыгын башка бир аятта төмөнкүчө кабар
берет:
Адамга
бир жамандык келгенде, жатып алып да, отуруп да же турганда да Бизге дуба
кылат; ал жамандыкты андан алып койгонубузда болсо, ага тийген зыянга Бизди эч
(жардамга) чакырбаган сыяктуу болуп бурулуп кетет. Чектен чыккандарга кылган
иштери мына ушундай кооздолгон. (Йунус Сүрөсү, 12)
Мындай
адамдардын жасалмалыгынын дагы бир көрсөткүчү, бир нерсени жасагылары
келбегенде, аны жашыруу үчүн бир катар шылтоолорду айтышат. Аллахтын алдындагы
жоопкерчиликтери эскертилгенде, ал жоопкерчиликтерден качуу жана өмүрлөрүн напсилеринин
каалоосуна карап өткөрүү үчүн сансыз шылтоолору бар. Шарттар кандай гана
болбосун, ибадат кылууга жана Аллахтын буйруктарына баш ийүүгө өз ойлорунда
жолтоо болгон жасалма себептерди ойлоп табышат. Бул ар бир адамдын каалоолоруна
жана келечек тууралуу пландарына жараша өзгөрөт. Кээ бирлер жасашым керек
болгон жумуштарым бар десе, кээ бирлер эч убактым жок дейт, кээ бирлер болсо
ибадаттарды улгайланда жасайм дейт.
Аллахтын ал
адам да кошо бүт нерсени ороп курчап тураарын, бүт баарын көрүп угуп жана шылтоолорду
айткан учурдагы ойлонуп жаткан ойлоруна күбө болуп тураарын билген адам эч
качан мындай кылбайт. Мындай кылса кандай азапка туш болоорун жана өзүн-өзү
алдоонун бул дүйнөдө жана акыретте ага эч кандай пайда алып келбей тургандыгын
билет.
Аллахка чын
ыкластуу болуп, Анын буйруктарын жана тыюуларын толугу менен аткарган адамдар
Аллахтын бир убадасы катары чын ыкластуу ыймандуулар менен бирге болушат жана
алар менен чогуу чынчылдыктын бейпилдигин жана тынчтыгын татып жашашат. Бул
Аллахтын чын ыкластуу пенделерине бул дүйнөдө жана акыретте берген сыйлыгы жана
эң сонун белеги. Адамдын милдети болсо мындай сонун чөйрөнү тартуулаганы үчүн
Аллахка шүгүр кылуу.