Пайгамбарлар
адамдарга динди түшүндүрүп, аларды туура жолго чакыруу үчүн Аллах тарабынан
жиберилген куттуу инсандар. Аллах пайгамбарларды адамдарга динди түшүндүрүп,
мыкты кулк-мүнөздөрү менен аларга эң жакшы үлгү болушу жана акыреттин бар
экенин айтып, аларды эскертип коркутушу үчүн жиберген. Бир адамдын жер жүзүндө
Аллахка өкүлчүлүк кылышы өтө чоң жана маанилүү бир жоопкерчилик.
Пайгамбарлардын Аллах тарабынан атайын милдеттендирилген кишилер болушу аларды
башка адамдардан айырмалайт. Пайгамбарлар жүрөгүндө ыйманы абдан бекем адамдар
болушат. Аллах жолундагы үлгүлүү кыймыл-аракеттеринен да бул апачык көрүнүп
турат. Бардык пайгамбарлар адашуучулуктун, адеп-ахлаксыздыктын жана коомдук
бузукулуктун чегин билбеген көптөгөн коомдорго жана өкүмдарларга жиберилген.
Аллахтын динин түшүндүрүп, коомдорун жаман иштерди жана уятсыздыктарды
таштагыла деп эскертишкен жана аларды Аллахка ыйман кылууга чакырышкан.
Пайгамбарлык милдетин аткаруу үчүн өмүрлөрүнүн аягына чейин баштарына келген эч
бир кыйынчылыктан, түйшүктөн, коркутуп-үркүтүүлөрдөн жана жалган жалаалардан
жалкпастан сабыр кылышкан жана бул жолдо жасаган бардык иштери, кулк-мүнөздөрү
жана ой-пикирлери менен аларга ишенип, колдоо көрсөткөн ыймандууларга эң мыкты үлгү
болушкан. Аллах Куранда ыймандуулар үчүн пайгамбарлардын жашоо таржымалдарында
мыкты үлгүлөр бар экенин төмөнкүчө кабар берет:
Ант
болсун, силер үчүн, Аллахты жана акырет күнүн үмүт кылгандар жана Аллахты көп
эстегендер үчүн Аллахтын пайгамбарында мыкты үлгүлөр бар. (Ахзаб Сүрөсү, 21)
Пайгамбарлар
бардык адамдар үчүн үлгүлүү инсандар. Ыймандуулар үчүн Пайгамбарыбыз (сав)дын
жиберилишинин чоң мээримдүүлүк жана ырайымдуулук экендигин Аллах Куранда төмөнкүчө
билдирет:
Ант
болсун, өздөрүнүн арасынан, аларга Аллахтын аяттарын окуп бере турган, аларды
тазалай турган жана аларга Китеп менен даанышмандыкты үйрөтө турган бир
пайгамбарды жиберүү менен Аллах ыймандууларга (теңдешсиз) жакшылык кылган.
Мындан мурун алар анык адашуу жолунда болчу. (Али Имран Сүрөсү, 164)
Чын ыкластуу
ыймандуулар Аллах аяттарда кабар бергендей, өмүр бою пайгамбарлардан үлгү алып,
эң мыкты адеп-ахлакка жетүүгө аракет кылышат.
Пайгамбарлар өмүр
бою ыймансыздарга каршы күрөшкөнү менен, абдан бактылуу жана бейпил болушкан.
Адамдарды «туура жолго багыттаган жол башчылар» болгондуктан, ыймандары абдан
бекем жана терең болгон. Ыймандарынын бекемдигине жараша Аллахтын алардын жүрөктөрүнө
салган бакыт, бейпилдик жана ишенимдүүлүк сезимдери да ошончолук күчтүү болгон.
Алдыда Аллах
Куранда кабар берген пайгамбарлардын кээ бирлеринин өмүр таржымалдары жана үлгүлүү
кулк-мүнөздөрү тууралуу сөз кылабыз.
Аз.
Ибрахим
Аллах Курандын
көптөгөн аяттарында Аз. Ибрахимдин өмүрүнөн жана башына келген окуяларда көрсөткөн
үлгүлүү мамилелеринен мисалдарды келтирип, аны мактаган.
Аз. Ибрахим бир
ыймандуунун өтө акылдуу жана кылдат болуп, ар дайым абийирин угушу жана Аллах
жолунда эч нерседен тайманбашы керек экенин кылган иштери менен эң мыкты көрсөткөн.
Ибрахим пайгамбар Аллахка моюн сунуусу жана жакындыгы менен да ыймандууларга
мыкты үлгү болгон. Аллах Ниса сүрөсүнүн 125-аятында Аз. Ибрахимди Өзүнө «дос»
тутканын белгилеп, анын Өзүнүн Кабатында канчалык баалуу жана бийик даражага ээ
экенин ыймандууларга билдирген. Аллахтын бир пендесин дос кылышы чындыгында бир
адамдын жете турган эң бийик даражаларынын бири. Албетте, Аллахка бир досчолук
жакын боло алуу жана натыйжада Аллахтын жардамын, мээримин, колдоосун жакындан
сезүү, Анын ар дайым, ар тарапта аны менен бирге экенин, аны сезээрин, угаарын
билүү ыймандууга бакыт, бейпилдик жана ишеним берет.
Аллах Курандын
Мариям сүрөсүндө Аз. Ибрахимдин бутка (идолго) сыйынган атасын Аллахка ыйман
кылууга кандайча чакырганын баяндаган. Аллах Аз. Ибрахим менен атасынын сүйлөшкөн
сөздөрүн төмөнкүчө кабар берген:
Атасына айткан эле: «Атаке,
укпаган, көрбөгөн жана сени кандайдыр бир нерседен көз-карандысыз кылбаган нерселерге
эмне үчүн сыйынып жатасың? Атаке, чындыгында мага сага келбеген бир илим келди.
Эми мени ээрчигин, сени туура бир жолго жеткирейин. Атаке, шайтанга кулчулук кылба, чындыгында
шайтан Рахман (болгон Аллах)ка баш көтөргөн. Атаке, чындыгында мен сага Рахман тарабынан бир азаптын
келишинен корком, анда (сен) шайтандын досу болосуң.» (Атасы) Айткан эле: «Ибрахим, сен менин кудайларымдан жүз
үйрүп жатасыңбы? Эгер (мындай мамилеңди) токтотпосоң, ант болсун, сени ташбараң
кыламын; узун бир убакытка менден алыста, (бир жерлерге) кет.» (Мариям Сүрөсү,
42-46)
Аз. Ибрахим атасына шерик кошкон нерселериңди ташта деп насаат бергенде
абдан жумшак жана сый-урмат менен сүйлөгөн. Бирок атасы уулунун мындай үлгүлүү
кулк-мүнөзүнө жооп катары ушунчалык ачууланып, өз уулун өлүм менен коркута
турган жана аны көргүсү келбей турган даражага жеткен. Атасынын капилеттиги
анын чындыкты көрүшүнө бөгөт коюп, абийирин жана акылын жаап салган. Анын
кыжырдуу жана жаман мамилесине Аллахка ыйман кылбашы жана дин адеп-ахлагын
билбеши себеп болгон.
Аз. Ибрахим болсо атасынын ошондой начар мамилесине карабастан, аны менен
сылык коштошуп, мындай деп айткан:
«Силерден жана Аллахтан башка сыйынгандарыңардан (алыска)
кеттим жана Раббиме дуба кыламын. Раббиме дуба кылуу менен бактысыз
болбостурмун.» (Мариям Сүрөсү, 48)
Чындыгында бир
адамдын жакшы көргөн адамдарынан, өзгөчө апасынан, атасынан, үй-бүлөсүнөн
ажыраганга мажбур болушу же алар менен мамилесинин бузулушу эч жагымдуу нерсе
эмес. Өзүнүн эң жакыны болгон үй-бүлөсүн таштап кетүү адам үчүн абдан эле оор.
Ошондуктан эч ким үй-бүлөсү, атасы же жакыны менен карама-каршылыкка баргысы
келбейт. Бирок эгер ал адам Аллахты тааныбаган, ал тургай, Аллахка душман
болгон бир ыймансыз болсо аны жакшы көрүп, аны менен жакын жана ынак болушу
Аллахтын ыраазылыгына толугу менен карама-каршы келет. Аз. Ибрахим да атасынын
агрессивдүү мамилесинен аны менен ынак боло албай тургандыгын түшүнгөн жана
атасынын кет деген каалоосун кабыл алган. Бул окуяда Аз. Ибрахим үчүн эң
негизгиси «Аллахтын ыраазылыгына эң татыктуу мамиле» көрсөтүү болгондуктан, эч
ойлонбостон атасынан алыстаган. Аллахтын ыраазылыгына татыктуу чечимге келгени үчүн,
ал чечиминен соң «Аллахка дуба кылуу менен эч качан бактысыз болбой
тургандыгын» белгилеген. Чындыгында бул Аллахтын ыраазылыгына татыктуу кыймыл-аракет
жасоонун берген бейпилдиги жана бакыты. Аллах Аз. Ибрахимге Аз. Исхакты жана
Аз. Йакубду белек кылган жана аны Өз мээриминен белектер менен сыйлаган:
Аллах бул окуя аркылуу эске салгандай, эгер адам Аллахтын ыраазылыгына
татыктуу иш-аракет жасаса, кандай гана шарт болбосун, Аллах аны бардык
кыйынчылыктардан куткарып, жүрөгүнө үзгүлтүксүз бакыт жана бейпилдик берет.
Аз.
Закария
Аз. Закария да Курандын көптөгөн аяттарында эскерилген пайгамбарлардын
бири. Ал дагы башка бардык пайгамбарлар сыяктуу, өмүр бою Аллахтын ыраазылыгын
көздөп, адеп-ахлагы менен үлгү болуп жашаган. Аллахка ибадатына бекем болгон
жана Ага берилгендигин жана моюн сунуусун ар дайым сактаган. Аз. Закариянын мындай
чын жүрөктөн берилгендигине жооп катары Аллах ага ар дайым мээримин төккөн.
Аллах Куранда Аз. Закариянын улгайганда урпагы уланышы үчүн, Аллахтан чын
ыкластуу бир бала сурап, төмөнкүчө дуба кылганын билдирген:
«Раббим,
чындыгында менин сөөктөрүм бошошту жана карылыктан
чачтарым агара баштады; мен сага дуба кылуу менен бактысыз болгон жокмун.
Чындыгында мен менден соң келе турган жакындарым үчүн коркуп жатам, менин аялым
болсо төрөбөс (аял). Эми мага Өз Кабатыңдан бир жардамчы тартуу кыл. Мага
мураскор болсун. Йакуб урпактарына да мураскор болсун. Раббим, аны ыраазы
болунган(дардан) кыл» деген эле. (Мариям Сүрөсү, 4-6)
Аллах Аз. Закариянын бул дубасын кабыл алып, аны «Яхья» аттуу бир бала
менен сүйүнчүлөгөн. Аллах төрөбөс аялды төрөй ала турган кылып койгон жана Аз.
Закарияны бул тынчсыздануусунан кереметтүү жол менен куткарган. Аллах бул мисал
аркылуу да, шарттар канчалык терс же эч мүмкүн эместей көрүнбөсүн, чын ыкластуу
пенделерин баштарына келген ар кандай кыйынчылыктардан куткараарын жана аларды
ар дайым ыраазы кылаарын көрсөткөн.
Аз.
Йусуф жана атасы Аз. Йакуб
Аллах Курандын Йусуф сүрөсүндө бизге Аз. Йусуфтун өмүр таржымалы тууралуу
маалымат берет. Аз. Йусуф башына келген кыйынчылыктарда, жалган жалааларда,
курулган тузактарда ар дайым Аллах чын ыкластан дуба кылуу аркылуу күрөшкөн жана
Раббибизге болгон берилгендигинен эч качан чегинген эмес. Аллахтын ыраазылыгына
жетүү жана күнөө ишке барбоо үчүн абакка кирүүгө макул болгон. Чын ыкласы,
чынчылдыгы жана үлгүлүү жүрүм-турумдарынан улам айланасындагы адамдар Аз.
Йусуфту жакшы көрүп, урматташкан. Ал болсо адамдарга насаат берип, аларды туура
жолго чакырган. Йусуф сүрөсүндө Аз. Йусуфтай эле көп эскерилип, Аллахка
берилгендиги жана моюн сунуучулугу менен макталган дагы бир инсан бар, ал Аз.
Йусуфтун атасы Аз. Йакуб.
Аз. Йакуб уулу Аз. Йусуфтун келечекте кадырлуу инсан болоорун анын айтып
берген түшүнөн түшүнгөн, ошондуктан Аз. Йусуфту колунан келишинче коргогонго
жана ага колдоо көрсөткөнгө аракет кылган. Бирок Аз. Йусуфтун бир туугандары
аталарынын ага болгон мээримин жана камкордугун кызганып, ага тузак даярдашкан.
Өз ара сүйлөшүп Аз. Йусуфту кудукка таштап, андан кутулууну чечишкен. Аз.
Йусуфту кудукка таштаган соң аталарына калп айтып, аны бөрү жеп кетти деп
айтышкан жана далил катары үстүнө жасалма канга бойолгон көйнөгүн алып
келишкен. Аз. Йакуб ушундай кайгылуу кырдаалда мыкты адебин көрсөтүп, Аллахтын
ыраазылыгы үчүн бир жагынан балдарына насаат берсе, экинчи жагынан бул
кырдаалдан сабырдуулук жана Аллахтын жардамы менен чыгаарын билгендиктен сабыр
кылууну чечкен. Аллах Куранда Аз. Йакубдун бул мамилесин төмөнкүчө кабар берет:
Жана
үстүнө жалган кан болгон (сүртүлгөн) көйнөгүн алып келишти. «Жок» деди. Напсиңер
силерди жаңылтып (ушундай) бир ишке түртүптүр. Мындан соң (менин милдетим)
жакшы бир сабыр. Силердин мындай түзгөн (план)ыңарга карата бир гана Аллахтан
жардам суроо керек. (Йусуф Сүрөсү, 18)
Бир
туугандарынын Аз. Йусуфка курган тузагы Аз. Йакуб үчүн Аллахтан келген бир
сыноо болгон. Аз. Йакуб Аллахтын ыраазылыгына татыктуу мамиле кылса, Аллахтын
анын бул кайгысын бакытка жана кубанычка айландыраарын үмүттөнүп тобокел
кылган.
Аз. Йусуф
кудуктан бир жолоочулар кербени тарабынан куткарылып, египеттик бир вазирге
сатылган. Аллах ошентип Аз. Йусуфту Египетке жайгаштырып, ага акыл жана
даанышмандык берген жана түш жорууну үйрөткөн. Аз. Йусуф кийинчерээк вазирдин
аялынын жалган жалаасынан улам зынданга түшүп, ал жерде бир канча жыл жаткан соң,
өкүмдардын эч ким түшүнө албаган түшүн өзүнө берилген илим менен түшүндүрүп, өкүмдарды
таң калтырган. Андан соң өкүмдар тарабынан Египетке башчы кылып дайындалган.
Аллах аны мээрими жана жардамы менен колдоп, зындандан куткарып өлкөнүн
казыналарына башчы кылган.
Ал ортодо Аз.
Йусуфтун калган бир туугандары ким экенин тааныбастан, акчаларына азык-түлүк
алуу үчүн ага бир канча жолуп келип кетишкен. Аз. Йусуф ал ортодо берки бир
тууганын да башка кара ниет бир туугандарынан куткаруу үчүн бир план түзүп, аны
да өзүнүн жанында калтыра алган. Аз. Йусуфтун бир туугандары муну аталарына
айтып бергенде, Аз. Йакубдун моюн сунуу менен жооп бергенин Аллах Куранда төмөнкүчө
кабар берет:
Берки уулун да
жоготконун угуу Аз. Йакубдун кайгысын ансайын күчөткөн, бирок ал ошентсе да
Аллахтын ыраазылыгына татыктуу болуп, үлгүлүү адеп-ахлагынан кайткан эмес жана сабыр
кылып аларга жолуга турган күнүн үмүт менен күткөн. Аллах Аз. Йакубдун үлгүлүү
адеп-ахлагына жана тобокелдигине жооп катары аны эки уулуна тең жолуктурган.
Аллах чын ыкластан берилгендиги жана Анын ыраазылыгын көздөөдөгү чечкиндүүлүгү үчүн,
Аз. Йакубдун кайгысын бакыт жана кубанычка айланткан.
Аз. Йакубдун өмүр
таржымалынан көрүнүп тургандай, шарттар кандай гана болбосун, ар дайым Аллахка
моюн сунуп, Анын ыраазылыгын көздөгөн ар бир адам, Аллахтын каалоосу менен, сөзсүз
түрдө бактылуу болот. Бул Раббибиздин бизге убадасы.
Комментариев нет:
Отправить комментарий