четверг, 17 февраля 2022 г.

ТҮБӨЛҮК БАКЫТТЫН МЕКЕНИ: БЕЙИШ

 

Аллах Анын ыраазылыгын көздөгөн чын ыкластуу пенделерин ичинде түбөлүк жашай турган, сый-жакшылыктарга бөлөнгөн бейиштер менен сүйүнчүлөгөн жана адамдарды бул дүйнөнүн жашоосуна алданбагыла, бул жашоону тандап, биринчи орунга койбогула деп эскерткен. «...Чындыгында, акырет мекени болсо – чыныгы жашоо ошол. Билишсе кана» (Анкебут Сүрөсү, 64) жана «...Чыныгы барыла турган сонун жер – Аллахтын кабатындагы (мекен)» (Али Имран Сүрөсү, 14) деген аяттары аркылуу Аллах акыреттин бул дүйнөдөн баалуу жана жогору экендигин жана адамдардын «чыныгы» жашоосунун акырет жашоосу болоорун кабар берген. Акыретте адамдарды кандай чөйрө жана кандай жашоо күтүп турат?

Бул жерде темабыз бейиш жана ал жердеги бакыт тууралуу болгондуктан, Аллах ыймансыздарга даярдаган азаптар менен курчалган тозок жөнүндө сөз кылбайбыз.

Аллах Куран аяттарында акырет жашоосун адамдардын «негизги жана чыныгы жашоосу» деп билдирген. Бейиште дүйнө жашоосундагы кыйынчылыктар, кемчиликтер таптакыр жок. Ал жерде адамдардын напсилери (көңүлдөрү) каалаган бардык нерселер бар. Бейиштеги мындай кемчиликсиздик жана ыймандуулардын бейиштеги жашоолору тууралуу терең маалыматтарды Аллах Куран аяттары аркылуу бизге кабар берген; ыймандуулардын жашоо шарттары, тамактары, бейиштеги табияттын кооздуктары, ыймандуулардын ал жердеги жубайлары сыяктуу бейишти элестете турган көптөгөн маалыматтар Куранда баяндалат. Бейиштеги жашоону жана ал жердеги чексиз бакытты жакшыраак түшүнүү үчүн бейиштин кооздугун Куран аяттарынын негизинде кыскача карайлы.

Алгач бейиштеги табият кооздуктарына токтолсок, ал тууралуу төмөнкүлөрдү айтууга болот: бейиш Аллах «ал жерде (күйгүзүүчү) бир күн да жана тоңдуруучу бир суук да көрүшпөйт» (Инсан Сүрөсү, 13) деп сүрөттөгөндөй, адамга эч кандай ыңгайсыздык бербеген, эң сонун аба-ырайына ээ. Адамды бул дүйнөдө тердетип, кыйнаган ысыктар же болбосо үшүтүп тоңдурган сууктар ал жерде жок. Бул бейиштеги аба-ырайынын кемчиликсиздигинен кабар берет. Аллах бейиш тууралуу билдирген табият кооздуктарынын бири – бул, «токтобой аккан суу(лар)» (Вакыа Сүрөсү, 31). Токтобой аккан суунун көрүнүшүнөн да, үнүнөн да адам абдан чоң ырахат алат. Ошондой эле, сергип, эс алат. Бул дүйнөдө адамдардын үйлөрүнүн, виллаларынын бакчаларына бассейндерди жана фонтандарды жасоонун максаты бир жагынан кооз көрүнүш үчүн болсо, экинчи жагынан сергитүүчү чөйрөнү түзүү болуп саналат. Аллах бейиштин бул өзгөчөлүгүн башка аятта төмөнкүчө кабар берет: «Ичинде токтобой оргуштап аккан эки булак бар» (Рахман Сүрөсү, 66).

Ошондой эле, Аллах «Чындыгында такыбалар (Аллахтан корккондор) бейиштерде жана булак баштарында» (Хижр Сүрөсү, 45), «Күмөнсүз, муттакилер (Аллахтан корккондор) көлөкөлөрдө жана булак баштарында» (Мурселат Сүрөсү, 41) деген аяттары аркылуу да ыймандуулардын бейпил, көңүл сергиткен жерлерде жашай тургандыгын кабар берет. Аллах Куранда билдирген дагы бир кооздук – бул, ыймандууларга даярдалган «бейиш бакчалары». Ал бакчаларда адамдын руху көрүп ырахат ала турган ар кандай гүлдөр менен өсүмдүктөр аралаш, бири-бирине шайкеш өсүп турат. Мындан тышкары, «оор бутактары ийилген» жана «үстү-үстүнө тизилген мөмөлөрү төгүлгөн» (Вакыа Сүрөсү, 28-29) мөмөлүү дарактар да өзүнчө бир сый-жакшылык. Ошондой эле, Аллах бейиштин «болушунча жапжашыл» (Рахман Сүрөсү, 64) көрүнүшкө ээ экенин кабар берет.

Булардын баарын чогуу элестеткенде, көз алдыбызга укмуш кооз көрүнүш тартылат. Бул кооз көрүнүш жоголбойт жана бара бара кооздугун да жоготпойт. Түбөлүккө чейин эч өзгөрбөй, бузулбай сакталат. Бейиштеги ыймандууларга даярдалган кооздуктар менен сый-жакшылыктар муну менен эле чектелбейт. Аллах Куранда табият кооздуктарынан тышкары, ыймандуулардын бейиште жашаган турак жайлары тууралуу да маалымат берет:

 

Бирок Раббилеринен коркуп-тартынгандар болсо; аларга бийик сарайлар бар, алардын үстүндө да бийик сарайлар курулган. Алардын астында суулар агып турат. (Бул) Аллахтын убадасы. Аллах убадасынан кайтпайт. (Зүмер Сүрөсү, 20)

 

Аллах аятта баяндагандай, ыймандуулар бейиште бийик жерлерге курулган сарайларда кооз табияттын маңдайында жашашат. Мындан тышкары, Аллах ыймандууларга кызмат кылышы үчүн кызматчыларды жараткан. Аллах ыймандууларга ар дайым, тынымсыз кызмат кылган жубандарды бизге төмөнкүчө кабар берет:

 

Алар үчүн (кызмат кылган) кыздар айланасында айланып турушат; (ар бири) седепте сакталган бермет сымал таптаза, жаркыраган. (Тур Сүрөсү, 24)

 

Ошондой эле, Аллах «жеңил жибектен жана өтө жасалгаланган атластан (сатинден кийимдерди) кийишет» (Духан Сүрөсү, 53) жана «...ал жерде алтындан билериктер менен жана берметтер менен жасанышат» (Хаж Сүрөсү, 23) деп аяттарында ыймандуулардын бейиштеги кийимдеринин кооздугу жөнүндө да маалымат берген. Белгилүү болгондой, жибек жана атлас (сатин) кездемелер менен алтын жана бермет бул дүйнөдө да абдан баалуу. Ошондой эле, кооздуктун жана байлыктын символдору катары кабыл алынат. Ыймандуулар бейиште ушул кездемелерден тигилген кийимдерди кийип, алтын жана бермет жасалгаларды тагынып, абдан сулуу жана келбеттүү көрүнүштө болушат. Аллах, ошондой эле, Куранда бейиште ыймандуулар үчүн таптаза, кемчиликсиз сулуу жана бир гана ыймандууларга таандык жубайларды берээрин да сүйүнчүлөйт:

 

Ал жерде көздөрүн жубайларына гана бурган аялдар бар, булардан мурда аларга бир адам да, бир жин да тийген эмес. (Рахман Сүрөсү, 56)

 

Аллах аяттарда «сакталган жумуртка» (Саффат Сүрөсү, 49) жана «сакталган бермет сыяктуу» (Вакыа Сүрөсү, 23) деп сүрөттөп, бир гана ыймандууларга таандык кылып жаратылган ал жубайлардын теңдешсиз сулуулуктарына да көңүл бурган. Аларда бул дүйнөгө таандык эч кандай кемчилик жок жана түбөлүккө чейин сулуулугу эч кемибейт. Булардын баары бейиште ыймандууларды күтүп турган бири-биринен кооз жана Аллахтын бир гана ыймандуу пенделерине бере турган сый-жакшылыктары. Ыймандуулар бул сый-жакшылыктардын баарын жактырып, Раббибизден ыраазы болушат. Аллах «Сый-жакшылыктын (нематтын) жаркыраган кубанычын сен алардын жүзүнөн көрөсүң» (Мутаффифин Сүрөсү, 24) деген аяты аркылуу ыймандуулардын чексиз бакыт жана кубанычтан жүздөрүнүн «жаркырап» тураарын кабар берген.

Ыймандуулардын бактылуу болушунун дагы бир себеби – бул, Аллахтын бейишти бүт жагынан кемчиликсиз кылып жаратышы. Адамды бул дүйнөдө кыйнаган, тынчын алып тажаткан, маанайын чөктүргөн эч бир кемчилик жана көйгөй бейиште болбойт. Чарчоо, өлүм, оору, кыйналуу, улгайуу, булгануу, кирдөө, суусоо, курсак ачуу жана ушул сыяктуу оюбузга келген бул дүйнөдөгү кемчиликтердин жана кыйынчылыктардын эч биринин бейиште болбой тургандыгын Аллах Куранда төмөнкүчө кабар берет:

 

Чындыгында сенин ач жана жылаңач калбашың ал жерде (бейиште болушуңа байланыштуу). Жана чындыгында сен бул жерде суусабайсың жана күндүн ысыгына да күйбөйсүң. (Таха Сүрөсү, 118-119)

 

Албетте, адамдын аны кыйнап, тынчын алып, бактысыз кылган бардык нерселерден тазаланган бир жерде түбөлүккө жашашы эң мыкты ыңгайлуулук, люкс жана бакыттын теңдешсиз булагы.

Бейиште, мындан тышкары, ыймандуулар үчүн «муктаждык» деген бир түшүнүк да жок. Ал жерде эч нерсени зарылдыктан улам жасашпайт. Баары аларга кызмат кылат жана көңүлдөрү каалаган нерселердин баары алардыкы болот. Аллах ал сый-жакшылыктардын баарын ыймандуу пенделери ырахат алып, бактылуу болушу үчүн жараткан. Кылган нерселеринин баары алар үчүн кубаныч жана ырахатка айланат. Түбөлүккө чейин алардын эч биринен сыгылып, тажашпайт.

Бейиште ыймандууларга бейпилдик жана бактылуулук тартуулаган дагы бир чоң сый-жакшылык – ал жерде чогуу жашаган чын ыкластуу ыймандуулар. Албетте, ыймандуулар бейиште бул дүйнөдө адамдарды тажаткан, ачууланткан жана тынчын алган бардык жаман мүнөздөрдөн тазаланган болушат. Аллах бир аятында бейиштеги ыймандуулардын жүрөктөрүндө кек жана ачуунун болбой турганын төмөнкүчө кабар берген:

 

Биз алардын көкүрөктөрүндөгү жаман көрүүлөрдүн баарын алып салганбыз. Астыларынан дарыялар агат. «Бизди буга жеткирген Аллахка мактоолор болсун. Эгер Аллах бизге хидаят бербегенде (туура жолго салбаганда), биз туурага жетмек эмеспиз» дешет... (Аьраф Сүрөсү, 43)

 

Бардык жаман мүнөздөрдөн жана жүрүм-турумдардан тазаланган, таптаза, адеп-ахлагы үлгүлүү адамдар менен жашоо жана кемчиликсиз адеп-ахлакка ээ болуу бейиште жашаган бардык чын ыкластуу ыймандуулар үчүн чындыгында абдан чоң сый-жакшылык, бейпилдик жана бакыт болот. Аллах ыймандуулардын бейиште бактылуулугун төмөнкүчө билдиришээрин кабар берет:

 

«Бизден кайгыны алып, жок кылган Аллахка мактоолор болсун; күмөнсүз Раббибиз чындыгында кечиримдүү, шүгүрлөрдү кабыл кылуучу. Ал бизди Өз берешендигинен (түбөлүк) жашай турган бир мекенге жайгаштырды; бул жерде биз чарчабайбыз жана бул жерде биз тажабайбыз да» дешет. (Фатыр Сүрөсү, 34-35)

 

Аяттардан да көрүнүп тургандай, Аллах бейиште адамга эң чоң ырахат жана жыргалдарды таттырат. Ыймандуудагы Аллахтын ыраазылыгына жана сүйүүсүнө жетүүнүн бакыты менен кубанычы болсо бакыттын эң чоң булагы болот. Бейиштеги бардык сый-жакшылыктар Аллахтын чын ыкластуу пенделерине көрсөткөн сыйы. Аллах ыймандуулардан ыраазы болуп, аларды бейишине кабыл алганы үчүн, ал сый-жакшылыктар баалуу жана жагымдуу болот.

Бейиш Раббибиз Аллахтын бир сыйы жана ушул себептен абдан баалуу. Бейиш эли сыйга татыктуу деп табылган пенделерден болгону үчүн, түбөлүктүү бакытка жана кубанычка ээ болушат. Бир адам үчүн «эң чоң бакыт жана эркиндик» - Аллахтын ыраазылыгына жетип, бейишине жана мээримине татыктуу боло алуу.

Комментариев нет:

Отправить комментарий

КИРИШ СӨЗ

  Адамдардын өмүр бою ишке ашыргысы келген, кыялданган көптөгөн ар кандай максаттары жана пландары бар. Бир караганда баары бири-биринен айы...