Адамдардын өмүр бою ишке ашыргысы келген, кыялданган көптөгөн ар кандай
максаттары жана пландары бар. Бир караганда баары бири-биринен айырмалуу көрүнгөнү
менен, ал максаттардын баары бир нерсени көздөйт. Ал адамдардын бул жашоодон мүмкүн
болушунча эң көп мүмкүнчүлүккө ээ болуп, бактылуу жана бейпил өмүр сүрүшү.
Колдогу мүмкүнчүлүктөр канчалык көп болсо, ошого жараша бакыт жана бейпилдик да
ошончолук жогору болот. Ошондуктан бардык адамдар ар кандай жолдор менен жана
ар түрдүү ыкмаларды колдонуп, ушул максатка жетүүнү көздөшөт жана ал үчүн өмүр
бою жан үрөшөт. Бирок Аллахтын ыраазылыгын көздөгөн жана акыретти чыныгы мекен
катары көргөн чын ыкластуу ыймандуулардан башка адамдар кыялдарынын баарын ишке
ашырып, максаттарына жетсе да, натыйжа эч өзгөрбөйт. Бактысыздык жана түйшүктүү,
кайгылуу жашоо...
Бүгүнкү күндө адамдардын көпчүлүгү чыныгы бейпилдикти таба албаганы үчүн,
ошончо аракетине, эмгегине жана чарчаганына карабастан, эч бактылуу боло алган
жокмун деп арызданышат. Мунун себеби адамдар бакытты туура эмес жерден, туура
эмес адамдардан табам деп ишенишет. Кээ бирлер үчүн бакыт материалдык байлыкта;
бай болсом акчамды каалагандай коротуп, каалаган нерсеге ээ болуп, күн сайын көбүрөөк
нерселерди керектей алам деп ойлойт. Алар үчүн керектөө, бүт кооздуктарды жана
ырахаттарды татуу өмүрлөрүнүн эң чоң бакыт булагы. Бирок алардын бул каалоосу түбү
жок кудук сыяктуу, эч качан бүтпөйт. Мындан улам колундагы эч нерсеге ыраазы
болбогон, ар дайым көбүрөөгүн, жакшыраагын каалаган жана ошондо гана бактылуу,
бейпил өмүр сүрөм деп ойлогон адамдар келип чыгат. Бирок кылган аракеттери
аларга убактылуу гана бакыт алып келет.
Аллах Куранда «Каапырлар отко айдала турган күнү
(аларга мындай деп айтылат:) «Силер дүйнө жашооңордо бүт «кооздук жана
ырахаттарыңарды түгөтүп-бүттүңөр, алар менен жашап ырахат сүрдүңөр. Жер бетинде
акыйкатсыздык менен текеберленгениңер жана бузукулук кылганыңар үчүн бүгүн
басынтуучу бир азап менен жазаланасыңар» (Ахкаф Сүрөсү, 20) деген аят
аркылуу адамдардын бул дүйнөдө ач көздүк жана шүгүрсүздүк менен жеткен бул
жасалма бакытын акыретте түбөлүк бактысыздыкка айландыраарын кабар берген.
Кээ бир адамдар үчүн болсо бакыт – бүт элге таанылып, бардык адамдар жакшы
көргөн, жактырган жана артынан чуркаган адам болуу. Бүт баары ага окшошкусу
келип, аны туурайт жана кылган нерселеринин баары адамдарды суктандырат. Мында
канчалык ийгиликтүү болсо, адамдарды канчалык суктандырып, канчалык көңүлдөрүн бурса,
өзүн ошончолук бактылуу сезет.
Кээ бирлер үчүн бакыт – түйшүктүү жана монотондуу жашоосунан бир аз болсо
да кутулуп, көйгөйлөрүн унутуу. Ошондуктан бактылуу болуу үчүн жашоосуна бир
катар «өзгөртүүлөрдү» киргизиши керек. Башкалардан өзгөчөлөнүп, өзгөчө кийиниши
керек, кыскасы «маргиналдуу» өмүр сүрүп, өзгөчө нерселерди кылып көрүшү шарт. Же
болбосо саякаттап өзгөчө жерлерди көрүшү, жаңы адамдар менен таанышышы керек.
Айланасындагы адамдардын көңүлүн өзүнө канчалык бурса, өзүн ошончолук өзгөчө
сезет жана ошончолук көп ырахат алат. Ошентип жашоосуна көрк кошулуп,
бактысыздыктан кутулам деп ойлойт. Андай адамдар үчүн бакыт «өзгөчөлөнүү»
дегенди билдирет.
Бирок бул адамдардын баарынын бакыты жасалма жана убактылуу. Ошол саамга
гана тиешелүү; ал көз ирмемдер бүткөндө бактылуулук сезими да бүтөт жана адам
кайра эле мурдакы монотондуу жана түйшүктүү жашоосуна кайтат. Эч нерсе өзгөрбөйт,
болгону адам кыска убакытка гана өзүнүн көңүлүн көтөрөт. Ал мөөнөт бир күн, бир
ай же бир жыл болобу айырмасы жок, адамдар бакыттын сырын билбегени үчүн,
натыйжа өзгөрбөйт. Аллах өмүр бою Аллахты жана акыретти унутуп, өзүнүн каалоо
жана кыялдары менен жашаган мындай адамдардын абалын «Алардын
мисалы от жаккан адамдын мисалына окшошот; (анын оту) айланасын жарык кылганда,
Аллах алардын жарыгын кетирет жана эч нерсе көрүнбөгөн караңгылыктардын ичинде
калтырат» (Бакара Сүрөсү, 17) деп кабар берет. Аллах Анын аяттарын ойлонбой
жашаган мындай адамдардын «эч нерсе көрүнбөгөн караңгылыктардын ичинде
калаарын» билдирген. Адамдар аларды жараткан Аллахтын буйруктарын укпай жана
аларды жараткан Раббибизди унутуп жашаганы үчүн, Аллах алардын бакытка жетүү
аракеттерин ар дайым текке кетирет. Пайгамбарыбыз (сав) бул дүйнөнүн убактылуу
пайда алып келээрин, чыныгы пайдага жетүү үчүн акыретти көздөө керек экенин
эскерткен:
«Эй адамдар!
Бул дүйнө аманат берилген бир мүмкүнчүлүк. Жакшы да, жаман да андан өзүнүн
насибин алат. Акырет болсо чыныгы убада. Ал жерде кудуреттүү Малик (Кожоюн) өкүм
чыгарат. Акыйкаттык орнойт. Жалган болсо жок болот. Эй адамдар, акырет урпагы
болгула, дүйнөнүн кулу болбогула. Анткени урпак энени ээрчийт. (Башкача
айтканда, дүйнөнүн урпагы болсоңор, дүйнө сыяктуу талкаланганга татыктуу болосуңар.)
Аллахтан коркуп иш-аракет жасагыла. Билип койгула, кылган иштериңер менен
жолугушасыңар. Жана силер сөзсүз Аллахка жолугасыңар. Ким кыпындай жакшылык
кылса, аны көрөт жана ким кыпындай жамандык кылса, аны көрөт.» (G. Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 1. cilt, Gonca
Yayınevi, İstanbul, 1997, 184/4)
Бул китепте чыныгы бакыттын булагынын эмнеде экенин, каерде, кандай шартта
чындап бактылуу жана бейпил жашоого болоорун Курандын аяттарынын негизинде
карайбыз.
Бирок алгач, Аллах Куран аркылуу билдирген чындыктардан жана Куран
адеп-ахлагынан алыс жашаганы үчүн «караңгы коом» деп аталган адамдардын ар
дайым түйшүк тартып, бактысыз жашашынын себептерине кыскача токтололу.
Комментариев нет:
Отправить комментарий