четверг, 17 февраля 2022 г.

ЖЫЙЫНТЫК

 

Жаш болобу, кары болобу, адамдардын көпчүлүгү бул дүйнөдөн бир гана ийгиликтүү, коопсуз, ыңгайлуу жана бардар жашоону эле күтүшпөйт; негизи бардык эле адамдар бул нерселерден ырахат алышат. Бирок эң негизгиси адамдар жашоолорунун бир маңызы жана максаты болушун каалашат. Ыймандуулар менен ыймансыздар мына ушул жерде бири-биринен айырмаланышат. Ыймандуулар үчүн бул жашоо Аллахтын ыраазылыгына жете алуунун жалгыз мүмкүнчүлүгү болгондуктан, өмүрлөрүнүн аягына чейин Аллахтын ыраазылыгына жетүүнү көздөшөт.

Ыйман кылбагандар болсо бул барксыз дүйнөдөн мүмкүн болушунча пайдалануу үчүн ар кандай максаттарды коюп, өмүрлөрүнүн аягына чейин бул дүйнөгө ээлик кылуу каалоосу менен жашашат. Ошондуктан ыймандуулар сезген чыныгы бакыт менен караңгы коомдун жасалма бакытынын ортосунда өтө чоң айырмалар бар. Ыймандуу адам бул дүйнөнүн чыныгы маңызын, өзүнүн жаралуу максатын, Аллахтын аны сынап жатканын жана Ага ибадат кылууга милдеттүү экенин билет. Ушул себептен өмүр бою чыныгы мекени бейишти үмүт кылат жана Аллахтын ыраазылыгына жетип, Аллахтын мээримине жана сыйлыгына көбүрөөк татыктуу болууга аракет кылат. Бакыт болсо Аллахтын чын ыкластуу пенделерине чыныгы ыйманы жана моюн сунуучулугу үчүн бул дүйнөдө да, бейиште да берген өтө чоң сый-жакшылыгы. Ыймандуулардын бактылуулугунун жана бейпилдигинин булагы бир гана ыйманы. Аллах чын ыкластуу ыйманына бир сыйлык катары алардын жүрөктөрүнө бакыт жана бейпилдик сезимдерин берет. Ыймандуулардын бакыты шарттардан көз-каранды бир бакыт эмес, ыймандан келген руханий бакыт. Ыйман кылбагандар болсо Аллахка ишенмейинче, ар дайым бактысыз бойдон кала беришет. Аллах ыймансыздыгына жооп катары мындай адамдардын жүрөктөрүнө бактысыздык жана түйшүк салаарын кабар берген:

 

Аллах кимди хидаятка (туура жолго) жеткиргиси келсе, анын көкүрөгүн Исламга ачат; кимди адаштыргысы келсе, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткандай тар жана машакаттуу кылат. Аллах ыйман кылбагандардын үстүнө мына ушундай жамандыкты түшүрөт. (Энъам Сүрөсү, 125)

 

Ыймансыздар бул дүйнөгө болгон ашкере ач көздүгүн таштамайынча, ыймандын бейпилдигин жана бакытын эч качан сезе алышпайт жана биле алышпайт. Аллах мындай адамдардын акырет күнү ушул себептен бушаймандыгын «Жана мындай дешет: «Эгер уккан же акыл жүгүрткөн болгонубузда, мобул алоолоп күйгөн оттун тургундарынын арасында болмок эмеспиз.» (Мүлк Сүрөсү, 10) деп белгилешээрин жана ыйман кылбаганына себеп катары бул жашоодогу бактысыздыгын айтышаарын кабар берген:

 

Аяттарым силерге окулганда, жокко чыгаргандар силер эмес белеңер? «Раббибиз, бактысыздыгыбыз бизди жеңип кетти, биз адашкан бир коом экенбиз» дешти. (Мүминун Сүрөсү, 105-106)

 

Ыймандуулар болсо Аллахтын ыраазылыгына карап өмүр сүргөнү үчүн, Аллах акырет күнү аларды ичинде түбөлүк жашай турган, сый-жакшылыктарга бөлөнгөн бейиштерге киргизет жана ыймандууларды бейиш күзөтчүлөрү төмөнкүчө тосуп алышат:

 

Раббилеринен коркуп-тартынгандар бейишке топ топ киргизилишти. Аягында ал жерге келишкенде, эшиктери ачылды жана аларга (бейиштин) күзөтчүлөрү айтышты: «Силерге салам болсун, кош жана таза келдиңер. Түбөлүк калуучулар катары ага киргиле.» (Зүмер Сүрөсү, 73)

 

Бактылуулугу бул дүйнөдө эле башталган ыймандуулар бейишке кирген соң бакыттын жана эркиндиктин эң бийигине жетишет. Аллахтын алар үчүн даярдаган бейиштеринде Раббибиздин ыраазылыгына, сүйүүсүнө жана мээримине татыктуу болуунун бакыты жана кубанычы менен түбөлүккө теңдешсиз сый-жакшылыктарга бөлөнүп жашашат...

Комментариев нет:

Отправить комментарий

КИРИШ СӨЗ

  Адамдардын өмүр бою ишке ашыргысы келген, кыялданган көптөгөн ар кандай максаттары жана пландары бар. Бир караганда баары бири-биринен айы...