Көңүлдү
көтөрөт
Ыймандуулар
Аллахка жана Анын жараткан тагдырына ыйман кылганы үчүн ар дайым маанайлары
жакшы болот. Бул алардын күнүмдүк жашоолоруна да таасир берет жана
ыймандуулардын кулк-мүнөзүнүн негизги булагын түзөт. Ыймансыздар болсо
тескерисинче, Аллахтан жана Анын аяттарынан кабарсыз жашаганынын жазасы катары
ар дайым бактысыз болушат.
Ыймандуулардын
Аллахка болгон сүйүүсү, жакындыгы жана тагдырга моюн сунуусу аларды материалдык
жана руханий жактан тынчсыздандыра турган бардык себептерди жок кылат. Анткени
ыймандуу үчүн өмүр бою «жаман» деп сыпаттала турган эч нерсе жок. Курандын өкүмдөрү
менен жашаса, Аллахтын бардык «жамандык» сыяктуу көрүнгөн нерселерди ал үчүн
«жакшылыкка» айландыраарын эң жакшы билет. Бул ыймандууга ар дайым ыймандын
кубанычын тартуулайт. Бардык адамдар кайгырып, үмүтсүздүккө түшкөн учурларда
аны кайгыга сала турган эч кандай себеп болбогондуктан, маанайы көтөрүңкү
бойдон калат.
Караңгы
коомдогу адамдар болсо канчалык аракет кылышпасын, ыймандын кубанычы
болбогондуктан, эч качан мындай бакытты сезе алышпайт. Канчалык каалашса да, эч
качан чын жүрөктөн кубанып жүрө алышпайт. Ыймандын бейпилдигин билбегени үчүн,
чыныгы мааниде көңүлү тынч жана бейпил боло алышпайт жана жанындагы адамдардын да
бейпилдигин бузушат.
Ыймандуулар
болсо ыймандын кубанычы менен ар дайым чын ыкластуу жана чынчыл болушат. Ар
дайым Аллахка таянганы үчүн кыймыл-аракеттери жана мамилелери айланасындагы
адамдарга да бейпилдик жана жакшы маанай берет. Ошондуктан бир ыймандуу менен сүйлөшүүдөн
жана аны менен достошуудан ар бир адам эбегейсиз ырахат алат. Анткени чыныгы
маанидеги чынчылдык, чын ыкластуулук жана жакшы маанай бир гана ыймандууларда
болот. Ансыз да айланасындагы бардык адамдар анын бул касиетин апачык байкашат.
Ыймандуу Аллахтын ага берген мындай теңдешсиз сый-жакшылыгынан улам, жашоодон
ырахат алып, чындап көңүл ачкан жана күлгөн жалгыз киши болот, анткени ыймандуулар
бүт нерсенин Аллахтын колунда экенин билишет. Аллах муну бир аятта төмөнкүчө
кабар берет:
Айткын:
«Бизге Аллахтын биз үчүн жазгандарынан башка, эч качан эч нерсе келбейт. Ал –
биздин Мевлабыз (Досубуз). Жана ыймандуулар бир гана Аллахка тобокел кылышсын
(таянышсын). (Тообо Сүрөсү, 51)
Караңгы түшүнүктөрдөн
келип чыккан жана адамды түйшүккө салган чөйрөлөрдө жашаган адамдар болсо
руханий азаптардан улам, көңүл ачуунун жана кубануунун чыныгы ырахатын эч качан
сезе алышпайт. Мындай адамдар көңүлдүүдөй же каткырып жаткандай көрүнсө да, көңүл
ачып жатам деген ойдо гана болушат. Күнүмдүк жашоосундагы көйгөйлөрү жана
маселелери эч оюнан кетпей, ар дайым аларды ойлонгону үчүн, кайсы жерге барып,
кандай чөйрөдө болбосун, чындап көңүл ачып күлө алышпайт, ошондуктан жасалма
бактылуу болуп көрүнүшөт. Мындай адамдардын бактысыздыгы ушунчалык терең
болгондуктан, айланасында чындап күлө алган бирөөнү көргөндө, өздөрү андай боло
албаганы үчүн ага да кыжырданышы мүмкүн. Башкалардын кубанычы жана бейпилдиги
мындай адамдар үчүн кайра эле азапка айланып, бактысыздыгы ансайын күчөйт. Ошондуктан
өздөрүнүн бактысыздыгын айланасындагыларга да «жуктуруу» үчүн ар кандай жаман
жана терс мамилелерди жасоодон да тартынышпайт. Айланасындагы адамдарды да өздөрүнө
окшоштурууга аракет кылышат. Ыймансыздардын мындай терс жүрүм-турумдары аларды
«кубаныч» аттуу сонун сезимдин ырахатынан кол жуудурат. Эмне гана кылбасын,
кайда гана барбасын, чын жүрөктөн ыйман кылмайынча, ыймандын «кубанычынан» кол
жууп, өмүрлөрүн руханий азап менен өткөрүшөт.
Мындай
адамдардын жүрөгүн ичин түтүн каптаган караңгы үйгө салыштырууга болот. Аллахка
ыйман кылбаганы үчүн, ал үйдүн эшик, терезеси жок. Раббибизге ыйман кылбаганы үчүн,
үйлөрүнүн ичиндеги кир жана түтүн каптаган аба эч сыртка чыкпайт, ичине эч
качан таза аба да кирбейт.
Ыймандуулар болсо Аллахка чын жүрөктөн ыйман кылгандыгынын бир сыйлыгы
катары Аллахтын берген «чыныгы» кубанычын сезишет жана алган ырахаты менен
бакыты эң жогорку деңгээлде болот. Раббибиз муну Куранда төмөнкүчө сүйүнчүлөйт:
...Аллах алардан ыраазы болду, алар да Андан ыраазы
болушту. Улуу кутулуу жана бакыт – мына ушул. (Маида Сүрөсү, 119)
Башка бир
аятта болсо Аллах ыймандуулардын жүрөктөрүнүн Аллахты эстөө менен тынчтанаарын
билдирип, ыймандуулардагы бакыттын чыныгы булагынын Аллахка ыймандары экендигин
кабар берген:
Булар
– ыйман кылгандар жана жүрөктөрү Аллахты эстөө менен бейпилдикке жеткендер.
Кабарыңар болсун; жүрөктөр Аллахты эстөө менен гана бейпилдикке жетет
(тынчтанат). (Рад Сүрөсү, 28)
Күч-кубат
берет
Караңгы коомдо
күчтүү болууга жана ал аркылуу адамдарды башкарууга абдан маани берилет.
Адамдар бай болуу аркылуу, же болбосо айланасындагы адамдар сыйлай турган бир
кызматка жетүү аркылуу күчтүү болом деп ойлошот.
Мисалы,
акчанын күчүнө же акча менен каалаган нерсесинин баарын жасай алаарына ишенген
адам акчага жетүү үчүн бардык аракетин жумшайт. Бирок абдан маанилүү бир
нерсени унутуп калат: руханий күч. Адамдын руханий күчү Аллахка жакындыгынан көз-каранды.
Караңгы коомдогу адамдар материалдык жактан канчалык күчтүү болушса да,
болор-болбос кыйынчылык келээр замат үмүтсүз маанайга чөмүлүп, жашоодогу
кубанычтарынан ошол замат ажырап калышы мүмкүн. Жашоо кубанычын жана чечкиндүүлүгүн
жоготкону үчүн, башына кыйынчылык келгенде күч-кубат жана колдоо ала турган эч
нерселери калбайт. Рухтарындагы мындай алсыздык сөзсүз түрдө алардын күнүмдүк
жашоолоруна, кыймыл-аракеттерине жана жүрүм-турумдарына терс таасирин тийгизет.
Бир жерге барып, бир жумушту жасаганга күчү жана каалоосу калбаганы үчүн,
жалкоо жана алсыз болуп калышат. Бир ишти баштагандан тартынып, өздөрүнө
пайдалуу иштердин баарынан жүз бурушат. Ал тургай, өзүнүн кызыкчылыгы болсо да,
үстүндөгү жалкоолуктан улам, бир нерсе кылганга көп каалоосу болбой калат. Мындай
адамдарды абдан улгайган кишиге салыштырууга болот. Өзү жаш көрүнсө да,
алсыздыктан улам, руху денесин улгайган кишинин денесиндей кыймылдатат. Дене
жагынан эмес, руханий жактан улгайган болушат. Улгайган адамдын алсыз болуп, өзүн
чарчаңкы сезиши жана көп эс алууга муктаж болушу табигый көрүнүш. Бирок кээде
улгайган кезде да жаштардай энергиялуу жана кыймылдуу жүргөн кишилерди көрөбүз.
Денелери картайса да, рухтары активдүү жана энергиялуу бойдон кала берет. Сөз
болуп жаткан адамдар болсо, тескерисинче, жаш болуп туруп жогоруда сүрөттөлгөндөй
абалга түшүп, руханий жактан улгайган кишиден айырмасыз болуп калышат.
Көрүнүп
тургандай, мындай адамдар ыйман кылбаганы үчүн, Аллахтын жүрөктөргө бере турган
руханий күчтү билбей жашашат. Аллах алардын кылган мамилесине жараша жүрөктөрүндөгү
күчтү алып койот. Ошондуктан кандайдыр бир мааниде тирүү туруп өлгөн сыяктуу
маанай менен жашашат. Мындай терс маанайды алардын көрүнүшүнөн, жүрүм-турумунан
оңой эле байкоого болот.
Ал эми
ыймандууларда болсо күчтүү ыймандын алып келген бакыты менен руханий күчтөрүнө
күч кошулат. Ар дайым Аллахты дос тутуп, Анын ыраазылыгын көздөгөнү үчүн, Аллах
аларга сый-жакшылык катары руханий күч-кубат берет жана мындан улам ар дайым
энергиялуу жана күчтүү болушат. Эч качан жалкоо жана көңүлсүз маанайда
болушпайт; мунун өздөрүнө тийгизе турган зыянын жакшы билгендиктен, андан
тартынышат. Бул руханий күч аларды Аллахты көбүрөөк ыраазы кылууга жана ар
дайым мурдакыга караганда көбүрөөк аракет кылууга багыттайт. Аллах жолунда
кыйынчылыктарга туш болгондо сабырдуу болууга да шарт түзөт. Ошентип эч бир
иште жана эч жерде Аллахка жакпай турган жүрүм-турумдарды жасашпайт. Ар дайым
алдыда жана ар дайым үлгүлүү болуу үчүн дайыма ылдам жана активдүү болууга
аракет кылышат. Бул аракеттери күн сайын аларды бейиш адеп-ахлагына дагы бир аз
жакындатат. Аллахтын ыраазылыгын жана бейишин үмүт кылуунун берген күчү улам
эселеп көбөйөт жана Аллах Куранда сүрөттөгөн үлгүлүү адеп-ахлакка жетишет. Чын
ыкластан сооптуу иштерди жасоонун бакыты дагы чын ыкластуу иштерди жасоо
каалоосун пайда кылат. Бул багытта канчалык көп эмгек кылышса да, эч
чарчашпайт. Аллах Анын ыраазылыгы үчүн чын ыкластан аракет кылган пенделеринин
ыйманына ыйман кошуп, аларга бекем күч-кубат берет. Аллах Куранда ыймандууларга
тынымсыз аракет кылууну улантуу керек экенин төмөнкүчө кабар берет:
Ошондуктан
бош калганыңда, эч тынымсыз (дуба жана ибадат менен) чарчаганды улант. Жана бир
гана Раббиңе кайрыл (жалбарып сура). (Инширах Сүрөсү, 7-8)
Аллахтын бул
буйругун угуп, бүт өмүрүн Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн тынымсыз аракет
кылып өткөргөн ыймандуулар бул дүйнөдө да, акыретте да бактылуу өмүр сүрүшөт.
Аллах ыймандуулардын бул дүйнөдө жана акыретте бактылуулук менен сүйүнчүлөнгөнүн
Куранда төмөнкүчө билдирет:
Жана
алар Раббилеринин жүзүн (ыраазылыгын) каалап сабыр кылышат, намазды туптуура
кылышат, аларга ырыскы катары бергендерибизден жашыруун жана ачык садака
кылышат жана жамандыкты жакшылык менен токтотушат. Мына ошолор, бул мекендин (дүйнөнүн
сонун) акыбети (акырет бакыты) ошолор үчүн. (Рад Сүрөсү, 22)
Шыктандырат
Бир ишти же
бир максатты ишке ашырууга болгон күчтүү каалоо шыктануу деп айтылат. Бир иш
канчалык ыклас менен жасалса, шыктануу да ошончолук чоң болот. Ыймансыздар
болсо, кандайдыр бир кызыкчылыгы болмоюнча, кылган иштерин шыктануу менен
жасашы дээрлик эч мүмкүн эмес. Алар бир гана напсилеринин каалоолорун аткаруу үчүн
шыктанышат жана болгон аракетин жумшашат. Ал иштен ала турган жеке өзүнүн
пайдасы биринчи кезекте болот. Өзүнө пайда алып келбей турган иштерге эч көңүлдөнүшпөйт.
Бул кылган иштерине терс таасир берет. Шыктануу болбогону үчүн жумушту көңүл
койбой жасашып, жумуш натыйжасыз жана берекесиз болот. Көбүнчө баштаган жумушун
жарым таштап коюшат же баштай да алышпайт. Ошондуктан баштаган жумушун аягына
чыгаруу алар үчүн чоң ийгилик жана мактаныч болуп эсептелет. Аллах Куранда
мындай адамдардын көңүлсүз жасаган иштеринин толугу менен майнапсыз аракеттер
экендигин жана мындан улам азапка дуушар болушаарын кабар берген:
Айткын: «Мамиле (кылган иштер) жагынан эң көп азапка туш боло
тургандарды силерге кабар берейинби? Алардын дүйнө жашоосундагы бүт аракеттери
текке кетти, (бирок) өздөрүн чындыгында жакшы иштерди жасап жатабыз деп
ойлошууда.» (Кехф Сүрөсү, 103-104)
Ыймандуулар
болсо ыймандын алып келген бакытынан улам, түгөнбөгөн энергияга, шыктанууга
жана каалоого ээ болушат. Күн өткөн сайын Аллахты көбүрөөк ыраазы кылуу үчүн, көбүрөөк
сооптуу иштерди кылууну каалашат. Бир жумушту бүтүрүп эле канааттанып
калышпайт, тескерисинче бул аларды ансайын шыктандырып, башка сооптуу иштерди
кылганга үндөйт. Кыла турган иштери эң жакшы, эң үлгүлүү жана адамдарга эң
пайдалуу болушу үчүн, Аллахка дуба кылышат, ойлонушат жана чын дилден аракет
кылышат. Натыйжада колдон келген эң мыкты жыйынтык алынат. Бул Аллахтын
ыймандууларга берген ийгилигинин маанилүү бир сыры.
Бул дүйнөдөгү
кыска жашоодо Аллахтын ыраазылыгына жеткире турган канчалык көп сооптуу иш
жасаса, акыреттеги сыйлыктын ошончолук чоң болоорун билгендиктен, эч качан азга
канааттанбай, мүмкүн болушунча көбүрөөгүнө аракет кылышат жана Аллахка «...Сен
ыраазы боло турган чын ыкластуу бир ишти кылышымды мага илхам кыл...» (Ахкаф Сүрөсү,
15) деп дуба кылышат. Аллах ыймандуулардын мындай чын ыкластуу аракетине жооп
катары жүрөктөрүнө «ишенимдүүлүк жана бейпилдик» сезимин түшүрүп, алардын
ыйманын барган сайын бекемдейт. Аллах ыймандууларга болгон мээримин Куранда төмөнкүчө
кабар берген:
Денеге
сулуулук жана ден-соолук тартуулайт
Ыймандуулар
менен ыймансыздардын ортосунда бүт жагынан чоң айырмачылыктар бар. Адатта
адамдардын маанайы менен сырткы көрүнүшүнүн ортосунда тыгыз байланыш болот. Көбүнчө
кыймыл-аракет жана жүрүм-турумдарынан кандай маанайда экени оңой эле байкалат.
Курандан алыс жашаган адамдардын жүздөрү кыйынчылык учурундагы тобокелсиздигинен
улам чарчаңкы жана үмүтсүз болот. Жүрөктөрү кайгыга сала турган же кыйнай
турган бир нерсе болбогон учурларда да тар болуп, сыгыла берет. Жашоосундагы бүт
нерседен арызданып, оңойчулук менен эч нерсеге ыраазы болушпайт. Көбүнчө терс
мамиле жасашат. Мындай мүнөздөгү адам, албетте, жылмайып, көңүлдүү боло албайт,
ошондуктан жүзү да сулуу, тунук жана ишенимдүү боло албайт. Ушул себептен жүздөрү
кубаныч жана бакыттын нуру жок, караңгы болот. Аллах ыйман кылбагандардын
абалын бир аятта төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Ким Мени эстөөдөн (зикирден) баш тартса, анын жашоосу
азаптуу болот жана Биз аны кыямат күнү сокур кылып тирилтебиз. (Таха Сүрөсү,
124)
Ыйман
кылбаганы үчүн туура менен туура эмести, жакшы менен жаманды бири-биринен
айырмалай ала турган түшүнүктөрү болбойт. Ошондуктан өздөрүнүн абалынын өздөрүнө
канчалык зыяндуу экенин да байкай алышпайт. Абалынан тынчсызданып, андан чыгуу үчүн
аракет кылуунун ордуна, жашоо калыбынын тууралыгын жакташы абалына ыраазы
экенин апачык көрсөтөт. Шайтан булардын баарын аларга «жагымдуу жана кооз»
кылып көрсөтүү аркылуу ал абалдын зыяндуулугун көрүшүнө тоскоол болот. Ал
абалдын зыяндары түшүндүрүлүп, аларды оңдоо боюнча насаат берилгенде болсо,
Аллах аятында «Аллахтан ичи титиреп корккон сабак алып, ойлонот. Бактысыз болсо
андан качат» (Аъла Сүрөсү, 9-11) деп билдиргендей, айтылган насааттардан баш
тартышат. Өздөрүнүн бактысыздыгын билишсе да, моюнга алгылары келбейт жана ар
кандай себептерге шылташат. Аны кадимки нерседей көрсөтүүгө аракет кылып, өздөрүн
жоошутушат. Негизи алардын айткан шылтоолорунун бирөөсү да туура эмес. Анткени
аларды өмүр бою кайгыга салып, бактысыз кылган нерселердин баары Аллахтын алар үчүн
жараткан сыноосунун бир бөлүгү. Ал нерселердин баарынын Аллахтан бир
даанышмандык менен келгенин билбегени үчүн, жакпаган окуяларга кайгырып,
бактысыз болушат. Бул акыйкаттан канчалык кабарсыз жашашса, бактысыздыктары да
ошончолук күчөй берет.
Аллах Ага
ыйман кылбаган жана ошол себептен акыл жүгүртпөгөн мындай адамдардын үстүнө бир
«ыпыластык» берээрин кабар берген:
Аллахтын
уруксаты болмоюнча, эч ким үчүн ыйман кылуу (мүмкүнчүлүгү) жок. Ал акылы
жетпегендерге жийиркеничтүү бир ыпыластык берет. (Йунус Сүрөсү, 100)
Ыймансыздардын акылсыздыгынан келип чыккан жагымсыз абалы алардын
сулуулугун кетирип, руханий жана физикалык ден-соолугуна да терс таасирин
тийгизет. Бир калыптуу маанайда жүрө алышпайт. Стресс жана көйгөйлөр алардын
психологиясынын ажырагыс бөлүгүнө айланат. Качан ачууланып, качан күлөөрүн түшүнүү
жана эмнеге, кандай реакция кылаарын алдын ала билүү мүмкүн эмес. Мындай караңгы
маанайы ар дайым байкалып турат. Бейпилдикти ар дайым өздөрүнүн тынчын алып,
бактысыз кылган нерселерден издешет. Башына келген бир маселени чечүү үчүн
Аллахка дуба кылып, сабырдуулук менен Андан жардам суроонун ордуна, өзүнүн
акылы менен чечкенге аракет кылышат. Бирок маселелерин чече албай, анын стресси
менен ансайын бактысыздыктары күчөйт. Бир аз болсо да жеңилдөө үчүн өздөрүнө
андан да көп зыян тийгизе турган ыкмаларды колдонушат. Алардын эң белгилүүлөрү
ичимдик, тамеки жана баңгизаттар. Психологиялык абалы ушунчалык начар
болгондуктан, бул денелерине жана ички органдарына зыяндуу заттарды колдонуудан
эч тартынышпайт. Өмүр бою эч кетпеген бактысыздыктан улам, кандайдыр бир
мааниде акылдары жана аң-сезимдери жабылып калгандыктан, бул заттардын алардын
абалын ансайын начарлатаарын түшүнө алышпайт. Мындай психологиядан чыга албаган
адам ден-соолугу чың жана чыдамкай боло албайт. Денеси бир топ бат картайып,
анын белгилери ар тараптан байкала баштайт. Тынымсыз баш оорулар, жаш кезде
чачтын түшүшү жана табиттин начарлашы менен башталган көйгөйлөр бара бара пайда
боло турган оор жана олуттуу оорулардан белги берет.
Тарткан
руханий кыйынчылыктары өмүрдөгү эң зарыл мүмкүнчүлүктөрдүн бири болгон
ден-соолуктарына коркунуч келтирет. Бактылуу болуу, кыйынчылыктан бир аз болсо
да кутулуп бейпилдикке жетүү үчүн андан да чоң көйгөйлөрдү жана анын
кыйынчылыктарын чакырып жатышканын түшүнүшпөйт.
Ыймандуулар
болсо ар дайым Аллахка чын ыкластан ыйман кылып, бир гана Аны дос тутуп бейпил
жашашат. Эч качан ден-соолугуна зыяндуу нерселерди жасашпайт, ден-соолукту
Аллахтын берген бир сый-жакшылыгы катары көрүшөт. Ошондуктан өздөрүн мүмкүн
болушунча жакшы карашат жана ошентип ден-соолугу чың, чыдамкай болушат. Ден-соолукта
болуунун канчалык маанилүү жана жакшы нерсе экенин билишет жана ал үчүн ар
дайым Аллахка шүгүр кылышат. Ыймансыздарга окшоп башына келген бир маселени көрмөксөн
болушпайт, ошол замат ага көңүл бөлүп, келечекте чоңураак көйгөйлөр чыкпашы үчүн
чара көрүшөт.
Аллах
ыймандуулардын мындай үлгүлүү кулк-мүнөзүнө жана Ага болгон чын жүрөктөн
жакындыгына жооп катары, аларга бул дүйнөдө да жакшы жашоо берээрин сүйүнчүлөгөн.
Бул жакшы жашоо, албетте, материалдык жашоону да, руханий жашоону да камтыйт.
Руханий бактылуулук ыймандуулардын ден-соолугу чың жана сулуу көрүнүшүнүн эң
негизги жана эң чоң булагы. Ыймандуулардын сулуулугу – бул, Аллахтын аларга
берген «нуру». Бул нурдан улам ыймандуулардын жүзү ар дайым жарык жана таза
болот. Аллах ыймандууларга нур берүү аркылуу аларды ыймансыздардан өзгөчө жана
жогору кылган жана аларга таасирдүү руханий сулуулук жана ыйман бийиктигин
берген. Бардык ыймандуулардын көрүнүшү Аллахтын белеги катары таза жана
жагымдуу болот. Аллах аятында «...(Алардын) Белгилери жүздөрүндөгү сажданын
изи...» (Фетих Сүрөсү, 29) деп, ыймандуулардын жүзүнүн коомдо башкалардан өзгөчөлөнүп
тураарын билдирген.
Ыймансыздар
менен ыймандуулардын ортосундагы бул айырма дүйнөдө да, акырет күнү да
байкалат. Аллах муну төмөнкү аяттарда кабар берет:
Ал
күнү жүздөр нурдуу жаркырайт. Раббилерине карап турушат. Ал күнү ушундай жүздөр
да бар, карарып-капаланган. Ага запкылуу азап берилээрин билип турат. (Кыямат Сүрөсү,
22-25)
Ал
күнү ушундай жүздөр бар, жаркырап, күлүп, кубаныч ичинде болот. Жана ал күнү
ушундай жүздөр бар, бетин чаң каптаган. Бир каралык ороп-каптаган. Мына ошолор
каапыр, бузукулар. (Абаса Сүрөсү, 38-42)
Акылмандык
менен караган көрөгөчтүктү берет
Адам анын өзүн, бардык жандыктарды жана ааламды жараткан Аллахты таанып,
Анын кудуретин түшүнө алуу үчүн Раббибиз жараткан бардык нерселер тууралуу
ойлонуп, Анын чексиз акылынын жана чеберчилигинин үлгүлөрүн көрүүгө аракет
кылышы шарт. Ошондо гана айланасындагы бүт нерсенин жаратылганын, бүт баарынын
сөзсүз бир күч-кудурет жана акыл тарабынан гана жаратыла алаарын көрөт. Ошентип
Аллахтын акылын, кудуретин жана теңдешсиз чеберчилигин түшүнүп, Аллахка
жакындайт жана Ага ыйман кылышы керек экенин түшүнөт.
Бирок буларды көрүп түшүнүү үчүн, адамга «акылмандык менен караган бир
ички көз» керек. Адамдардын ар дайым айланасына «акылмандык менен» карашы Аллах
аятында «(Булар) Чын жүрөктөн Аллахка бурулган ар бир пенде үчүн акылмандык
менен караган бир ички көз жана бир зикир» (Каф Сүрөсү, 8) деп билдиргендей, ар
дайым Аллахты эстөөгө мыкты себепчи болот. Адам жер жүзүндөгү жаратылуунун далилдерин
канча жолу көрсө да, алар тууралуу күндөп, жумалап, жылдап изилдөөлөрдү жүргүзүп,
алардын таң калаарлык өзгөчөлүктөрүн ачса да, ыйман көзү менен карамайынча,
алардын чындыгында эмне мааниге келээрин жана алардан кандай сабак алуу керек
экенин түшүнө албайт.
Адамдардын
муну түшүнө албашынын бир себеби – булардын баарын жүрөктүн көзү менен карай
турган акыл-эстик жана руханий бейпилдиктин болбошу. Адам кунт коюп, бардык
майда-бараттарды байкашы жана аларды туура баалай алышы үчүн, акыл-эси бейпил болушу шарт. Караңгы коомдо жашаган адамдардын акыл-эси жогоруда
айтылган себептерден улам, ар дайым бул дүйнөнүн иштери менен алагды болот. Башына
келген маселелердин, көйгөйлөрдүн айласын издөө менен алек болушат. Тынчын
алган бир нерседен кутулуп бактылуу болуу үчүн, күнүмдүк жашоосунда ар дайым өзүнүн
иштерин ойлоп, ала турган кирешелерин эсептөө жана бул жашоодон максималдуу
пайдалануунун жолдорун издөө керек деп ойлошот. Ошондуктан болгон ойлорун ушул
нерселер ээлеп, айланасындагы жаратылуунун далилдерин көрө алышпайт. Же көрүшсө
да, үстүртөн ойлонгону үчүн, аларды көнүмүш нерселердей кабыл алышат. Алардын
канчалык кереметтүү далилдер экенин бирөө айтып берсе да, ал адамдарды өзүнүн
кызыкчылыктары гана ойлонткондуктан, ал сөздөр аларга эч кандай таасир бербейт.
Кыскасы, мындай адамдар көргүсү келбегени үчүн сокур адамдан да сокурураак, уккусу
келбегени үчүн дүлөй адамдан да дүлөйүрөөк болуп калышат. Аллах бир аятында
мындай адамдарды төмөнкүчө сүрөттөгөн:
«...Жүрөктөрү бар, бирок аны менен аңдап-түшүнүшпөйт, көздөрү
бар, бирок аны менен көрүшпөйт, кулактары бар, бирок аны менен угушпайт...»
(Аьраф Сүрөсү, 179)
Ойлорунан тышкары, руханий жактан да бейпил болбогону үчүн, Аллахтын
жаратуу далилдериндеги сырларды байкай алышпайт. Аллах Курандын бир аятында
ыймансыздардын чиркейдеги жаратуу далилдерин байкай албаганы үчүн, кандай жооп
көрсөтүшкөнүн төмөнкүчө баяндайт:
Чындыгында
Аллах бир чиркейди да, андан өйдөнү да мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ошентип
ыймандуулар, албетте, мунун Раббилеринен келген бир чындык экенин билишет;
каапырлар болсо «Аллах бул мисал менен эмнени максат кылган?» дешет. Муну менен
бир тобун адаштырат, бир тобун болсо туура жолго (хидаятка) жеткирет. Бирок Ал
бузукулардан башкасын адаштырбайт. (Бакара Сүрөсү, 26)
Ыйман
кылбагандар пессимизмде, кыйынчылыкта жана стрессте жашашканы үчүн, күн сайын көз
алдыларында турган ыйман акыйкаттары (далилдери) жөнүндө ойлонушпайт. Аларды
бул дүйнөдө ала турган пайдалары гана кызыктыргандыктан, башка нерселерге көп
маани беришпейт. Аллахтын кудуретин, Анын бүт баарын жаратып, башкараарын
чындап аңдай алышпаганы үчүн, Аллахка ыйман кылуунун талабын жана маанисин түшүнө
алышпайт. Бир аз түшүнгөндөй көрүнүшсө да, бул алардын абийирлерин ойгото турганчалык
күчтүү болбогону үчүн, кыска убакытта таасирин жоготот.
Аллах мындай
адамдардын Аллахты эске салган канчалаган далилдерди көрсө да, алардан эч
таасирленбей тургандыгын бир аятта төмөнкүчө кабар берет:
Асмандарда жана жерде канчалаган аяттар (далилдер) бар;
жанынан өтүп, андан тескери бурулуп кетишет. (Йусуф Сүрөсү, 105)
Бактысыздыктан
улам руханий жактан бейпил боло алышпайт. Бул болсо алардын айланасындагы
нерселерге «акылмандык менен караган бир ички көз» аркылуу карашына бөгөт койот
жана аларды Аллахка ыйман кылуудан тосот. Аллахка чын жүрөктөн ишенүү аркылуу
жете турган бакыттан өздөрүнүн акылсыздыгы себептүү ажырап, бактысыз өмүр сүрүшөт.
Ыймандуулар
Аллахка ишенгендиктен жана ар дайым Аны ойлоп, Анын ыраазылыгы үчүн аракет
кылгандыктан, ар дайым бактылуу болушат. Аллахка көбүрөөк жакындоо үчүн
Аллахтын бардык жараткан нерселери тууралуу терең ой жүгүртүшөт жана изилдешет.
Мисалы,
ыймандуунун учу-кыйырсыз асманга көз чаптырышы Аллахтын кудуретине жана
чеберчилигине суктанышына себеп болот. Же кооз табиятты көргөндө, ал кооздукту
Аллахтын көрсөтүп жатканын ойлоп шүгүр кылат. Ыймандуулардын айлана-чөйрөсүндөгү
бардык нерселерди Аллахты эстөөнүн бир мүмкүнчүлүгү катары көрүшү алардын
Аллахтын ыраазылыгына жетип, бакытынын ансайын артышына шарт түзөт.
Комментариев нет:
Отправить комментарий