четверг, 17 февраля 2022 г.

БАКТЫСЫЗДЫКТЫН ҮНҮ: ШАЙТАН

 

Шайтан адамдарды күмөн ойлорго салат

 

Шайтан адамзаттын жаралган күнүнөн бери эч өзгөрбөгөн, эң кооптуу душманы. Шайтандын максаты адамдарды Аллахтын ыраазылыгынан, сүйүүсүнөн, Курандан алыстатуу жана адамдарды көкүтүп бири-бирине кайраштыруу, кыскасы мүмкүн болушунча өзүнө окшотуп, жолдон адаштыруу. Аллах бир аятында «Эй Адам балдары, Мен силерге ант берген эмес белем: шайтанга кулчулук кылбагыла, себеби ал силер үчүн апачык бир душман» (Йасин Сүрөсү, 60) деп, шайтандын апачык душман экенин адамдарга эскерткен.

Кээ бир адамдар ушунчалык кооптуу жана ошол эле учурда тымызын душманы турса, бул чындыктан бейкапар жашашат. Анткени шайтандын бар экенин жана анын канчалык тымызын душман экенин билишпейт. Кээ бир адамдар болсо шайтанды мистикалык, бар же жок экени белгисиз, бир белги же символ катары көрүшөт. Адамдардын шайтан жөнүндөгү ушундай туура эмес ойлору анын адамдарды канчалык олуттуу зыяндарга жана балээлерге түртө алаарын байкабай калууларына себеп болот жана натыйжада адамдар шайтандан эч коргоно албай калышат. Бул шайтанга бейкапар адамдарды Аллахтан жана динден оңой гана алыстатуу мүмкүнчүлүгүн берет. Шайтандын алдында аны тааныбаган миллиарддаган адамдар бар. Бул ал адамдардын канчалык кооптуу абалда экендигин көрсөтөт.

Шайтандын кооптуу тарабы адамдарды Аллахтын жолунан азгыруу максатындагы чечкиндүүлүгү жана бул үчүн ант бергендиги. Максатына жетүү үчүн болгон аракетин жасап, бүт ыкмаларды колдонот. Аллах Куранда шайтандын бул багыттагы чечкиндүүлүгүн бизге төмөнкүчө кабар берет:

 

«Андай болсо, мени адаштырганың себептүү алар (адамдарды азгыруу) үчүн сөзсүз Сенин туптуура жолуңда (буктурмага жашынып) отурам. Анан сөзсүз алдыларынан, арттарынан, оң жана сол тараптарынан аралашам. Алардын көпчүлүгү шүгүр кылбай калышат» деди. (Аьраф Сүрөсү, 16-17)

 

Шайтандын дагы бир кооптуу тарабы, ал бүт баарын өтө тымызын жасайт. Шайтан ар бир адамдын кемчиликтерине, алсыз жактарына карап, ар кандай ыкмаларды колдонот жана ар бир адамга ар кандай жол менен жакындайт. Ар бир адамга өзүнчө ыкмасы, өзүнчө тактикасы бар. Бардык аракеттерин адамдарга тымызын азгырыктарды шыбыроо аркылуу жасайт. Адамдарды күмөнгө салып, болбогон куру ойлорго азгырат жана майнапсыз иштерге алаксытып убактысын кетирет. Аллах Куранда шайтандын адамдарды алдоого аракет кылаарын төмөнкүчө кабар берген:

 

«Аларды, кандай гана болбосун, жаңылтып-адаштырам, эч болбогон куру санааларга салам жана аларга сөзсүз малдардын кулактарын кесүүнү буйруйм жана Аллахтын жараткандарын өзгөртүүнү буйруйм.» Ким Аллахты коюп, шайтанды дос тутса, албетте, ал апачык кыйроого туш болот. (Шайтан) Аларга убадаларды берет, аларды болор-болбос куру кыялдарга салат. Чындыгында болсо шайтан аларга алдануудан башка эч нерсени убада кылбайт. (Ниса Сүрөсү, 119-120)

 

Шайтан адамдарга ар дайым зыян, жоготуу жана жамандык алып келүүгө аракет кылат. Адамдардагы бактысыздыктардын, түйшүктөрдүн жана булардын денеге тийгизген зыяндарынын булагы – шайтандын берген азгырыктары жана куру санаалары. Анткени шайтан адамдардын бактысыз болушун каалайт. Аллах Куранда шайтанды ээрчиген адамдардын ар дайым караңгылыкты жана туңгуюкту көздөй багыт алаарын кабар берген:

 

Аллах ыйман кылгандардын велиси (досу жана колдоочусу). Аларды караңгылыктардан нурга чыгарат; каапырлардын достору болсо тагут. Аларды нурдан караңгылыктарга чыгарышат. Мына ошолор – оттун (тозоктун) калкы, ал жерде түбөлүк калышат. (Бакара Сүрөсү, 257)

 

Бирок бул жерде дагы бир маанилүү жагдайга токтолуу керек. Көп адамдар бул психологияга моюн сунуп, аны жашоонун бир бөлүгү катары кабыл алышат. Антпесе жашоонун даамы жана ырахаты болбойт деп ойлошот. Ар дайым мындай маанайда болуунун өзүнө бере турган түйшүгүн жана зыянын ойлонбостон жашоосун улантат. Бул шайтандын бир көз бойомочулугу. Шайтан адамдарды мындай абалга түшүргөн соң, аны жагымдуу жана кооз көрсөтүп, адамдардын ой жүгүртүшүнө жана чындыкты түшүнүшүнө бөгөт койот. Аллах адамдардын мындай абалын Куранда төмөнкүчө кабар берет:

 

... Алардын кылгандарын шайтан кооздоп жагымдуу кылып көрсөттү, ошентип аларды жолдон адаштырды. Бирок алар көрө алышмак. (Анкебут Сүрөсү, 38)

 

Көрүнүп тургандай, шайтан ыймансыз адамдардын бактысыз болушунда жана түйшүк тартып жашашында чоң роль ойнойт. Шайтан азгырыктары аркылуу адамдарды алдайт жана аларды чоң кыйынчылыктарга түртөт. Аны ээрчиген адамдарды бактысыз кылып, Аллахтан жана Анын аяттарынан тынымсыз алыстатат жана аларды Аллахка баш көтөргөн адамдарга айлантат.

 

 

Шайтан үмүтсүздүккө жана айласыздыкка үндөйт

 

Мурдакы бөлүмдө айтылгандай, шайтан адамды Аллахтын жолунан адаштырып, аны динден алыстатуу жана пайдасыз иштерге алаксытып, Аллахты жана акыретти ойлонушуна тоскоол болуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук колдонууга аракет кылат. Шайтан мүмкүнчүлүк катары көргөн абалдардын бири – бул, адамдардын пессимизмге жана үмүтсүздүккө түшкөн учурлары. Адам өмүр бою ар кандай оң же терс сыяктуу көрүнгөн көптөгөн окуяларга туш болот жана каерде, качан жана кандай шарттарда мындай окуяларга жолугаарын биле албайт. Эч күтпөгөн учурда айыкпас ооруга чалдыгышы, табигый кырсыктан улам бүт мал-мүлкүн, жакындарын жоготушу, жумушунан чыгарылышы же көпкө чейин материалдык жактан кыйналышы же ушуга окшогон чоң, кичине ар кандай терс жагдайларга туш болушу мүмкүн. Бул жашоонун бир сыноо катары жаратылганын ойлонбогон жана Аллахтын бүт баарын бир даанышмандык менен жаратканына ыйман кылбаган адамдар мындай кырдаалдарда көңүлү чөгүп, бардык үмүттөрүн үзүшөт. Бул Аллахка тобокел кылбаганынан (таянбаганынан) келип чыгат.

Бирок өмүр бою адамдын башына келген эч бир окуя өзүнөн-өзү, кокусунан жана максатсыз болбойт. Аллах аятында «...Анын илими (кабары) болбостон, бир дагы мөмө бүчүрүнөн чыкпайт, бир дагы ургаачы кош бойлуу болбойт жана төрөбөйт...» (Фуссилат Сүрөсү, 47) деп билдиргендей, бардык окуялар Аллахтын илими, каалоосу жана көзөмөлү менен ишке ашат. Ошондуктан адамдын башына келген нерселердин эч бири кокустук жана максатсыз эмес. Тескерисинче, көптөгөн сырлары жана максаттары бар. Эгер адам бул акыйкатты түшүнүүнүн ордуна, башына келген нерселердин баарын «шанс» же «сокур кокустуктар» деген сыяктуу туура эмес түшүнүктөр менен караса, бул ага тынчсыздануу, түйшүк жана үмүтсүздүк алып келет. Бул, албетте, шайтандын жумушун жеңилдетет. Анткени бул сырды билбеген адамга азгырыктарды салып, Аллахтан жана динден алыстатат жана, ал тургай, душманга айлантат. Жана, албетте, адамдын мындай учурда үмүтсүздүккө кабылып, ансайын жаман абалга түшүшү жана өзүнө-өзү зыян алып келиши шайтандын дагы бир максатына жеткенин көрсөтөт. Аллах Куранда адамдардын кыйынчылыктарга туш болуу себебин жана кыйынчылык келгенде аны кантип туура эмес кабыл алаарын төмөнкүчө кабар берген:

 

Ант болсун, сенден мурдакы үммөттөргө (пайгамбарларды) жөнөтүп, аларды жан чыдагыс кыйынчылыктар (жокчулук) жана азаптар менен курчадык. Балким жалбарышаар деп. Аларга оор азабыбыз келгенде, жалбарышы керек эмес беле? Бирок алардын жүрөктөрү катуулашты жана шайтан аларга кылып жаткандарын жагымдуу (кооз) кылып көрсөттү. (Энъам Сүрөсү, 42-43)

 

Аллах адамдарга кыйынчылык жана азаптарды Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудуреттин жок экенин түшүнүп, туура жолду табышсын деп берет. Бирок шайтан адамдардын бул максатты түшүнүшүнө жолтоо болот жана алардын жүрөктөрүндөгү сезгичтикти жок кылып, катуулаштырат. Негизи адамдардын башына келген бул нерселер Аллахтын бир мээрими. Мындай кырдаалда Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн, ошол замат Аллахты эстеп, Ага кайрылып Андан жардам суроо жана башына келген кыйынчылыкка сабыр кылуу керек. Аллах чын жүрөктөн Ага кайрылган пенделерине колдоп жардам берээрин кабар берген. Аз. Мухаммед (сав)дын досу менен бирге, артынан түшкөн ыймансыздардан жашынуу максатында үңкүргө корголонгон кездеги үлгүлүү маанайы бардык адамдарга жакшы өрнөк болот. Аллах Куранда Пайгамбарыбыз (сав)дын бул үлгүлүү мамилесин төмөнкүчө кабар берген:

 

Силер Ага (пайгамбарга) жардам бербесеңер, Аллах Ага жардам берген. Каапырлар экөөнүн бири абалда Аны (Меккеден) чыгарышкан эле; экөөсү үңкүрдө турушканда курдашына мындай деген эле: «Кайгырба, албетте Аллах биз менен бирге.» Ушундайча Аллах Ага «бейпилдик жана ишеним сезимин» түшүргөн эле, Аны силер көрбөгөн аскерлер менен колдоп, каапырлардын сөзүн (каапырчылыкка чакырыктарын) төмөн кылган эле. Чындыгында Аллахтын сөзү – Улук. Аллах улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Тообо Сүрөсү, 40)

 

Аз. Мухаммед (сав) башына келген бул окуянын Аллахтын бир сыноосу экенин түшүнгөн жана Аллахка таянып, моюн сунганын эң мыкты көрсөткөн. Эң оор кырдаалда да кутулуу үмүтүн эч жоготкон эмес, ал тургай, жанындагы курдашына да Аллахтын мээримин жана жардамын эстеткен. Аллах чын ыкласына жооп катары Пайгамбарыбыз (сав)дын жүрөгүнө «бейпилдик жана ишеним сезимин» берген жана Аны куткарган.

Дагы бир мисал катары фараондун армиясы артынан кубалаган учурдагы Аз. Мусанын моюн сунуучулугун келтирүүгө болот:

 

Эки топ бири-бирин көргөндө, Мусанын адамдары: «Чындап кармалдык» дешти. Муса: «Жок» деди. «Күмөнсүз, Раббим мени менен бирге; мага жол көрсөтөт.» Анан (Биз) Мусага: «Асаң менен деңизди ур» деп вахий кылдык. (Урду жана) Деңиз ошол замат экиге бөлүндү да ар бир бөлүгү чоң бир тоодой болду. Беркилерди да ал жерге жакындаттык. Мусаны жана анын жанындагыларды куткардык. Кийин беркилерди сууда чөктүрдүк. Албетте, мында бир аят бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт. (Шуара Сүрөсү, 61-67)

 

Бул аяттардан да көрүнүп тургандай, Аз. Мусанын жанындагы кээ бир адамдар ошол замат үмүтсүздүккө түшүп, «кармалдык» дешкен. Бирок Аз. Муса Аллахка тобокел кылуунун жана моюн сунуунун үлгүсүн көрсөткөн жана жанындагыларга да Аллахтын аларга сөзсүз жардам берээрин эстеткен. Анын моюн сунган, чын ыкластуу мамилесинен кийин дароо Аллах улуу керемет көрсөтүп, аларды фараондон куткарган.

Аллахка чын жүрөктөн ыйман кылбаган адамдар үмүтсүздүккө бат кабылышат. Куран менен жашабаганы үчүн, ошондой эле, унутчаак болушат жана жакшылыкты билишпейт. Аллах мындай адамдардын шүгүрсүздүгүн бир аятта «Ант болсун, Биз адамга тарабыбыздан бир мээрим таттырып, анан аны андан алып койсок, албетте, ал (эми) үмүтүн үзгөн бир шүгүрсүзгө айланат» (Худ Сүрөсү, 9) деп кабар берген.

«...Аллахтын мээриминен үмүт үзбөгүлө. Себеби каапырлар коомунан башкалар Аллахтын мээриминен үмүт үзүшпөйт» (Йусуф Сүрөсү, 87) деген аяты аркылуу Аллах адамдарды эч качан «Менден үмүт үзбөгүлө» деп эскерткен. Аллах бул дүйнөдөгү бардык нерселерди адамдар үчүн жараткан жана алардын баарын адамдарга белек кылган. Адам бүт нерсеси үчүн Аллахка карыздар. Аллах ырыскыны Өзү берээрин жана Өзү алаарын адамдарга бир аятында «Алар көрбөй жатышабы, Аллах каалаганына ырыскыны жайып кеңейтет жана (каалаганына) азайтат. Албетте, мында ыйман кылган бир коом үчүн чындыгында аяттар бар» (Рум Сүрөсү, 37) деп кабар берген.

Адамдар «Же болбосо, зарыккан-муктаждын дубасына ким жооп берип, балээни ким кайтарат...» (Немл Сүрөсү, 62) деген аятты билип, кандай гана кырдаал болбосун, Аллахка ишениши жана Аллахка чын жүрөктөн дуба кылышы шарт. Аллах ушундай мүнөздүү пенделерин кыйынчылыктан куткараарын убада кылган. «...Силер болсо алардын үмүт кылбаганын Аллахтан үмүт кыласыңар...» (Ниса Сүрөсү, 104) деген аяты аркылуу Аллах адамдарга Аллахтын мээриминен үмүт үзбөгүлө деп насаат берген. Үмүт кылуунун бекемдиги анын булагынан көз-каранды. Караңгы адамдардын үмүт бере турган, туруктуу таянычы жок. Ошондуктан үмүтсүздүккө түшүшү абдан бат. Ыйман кылышса, чексиз кудуреттүү Раббибизге болгон ишениминен улам, эң оор кырдаалдарда да жүрөктөрүндөгү үмүтү абдан бекем болот. Ар дайым үмүттүү адам үмүтсүздүк менен пессимизмден келип чыккан стресстен, кайгыдан жана аларга байланыштуу ден-соолук көйгөйлөрүнөн да алыс болот. Көңүлсүз, супсак маанайдан алыстап, кайраттүү, күжүрмөн кишиге айланат. Мындай кайраттуулук анын кыймыл-аракеттерине да чагылып, ага көңүлдүү, бейпил, нормалдуу жана тең салмактуу кулк-мүнөз тартуулайт.

Чексиз кудуреттүү Аллахтан үмүт кылган адам үмүтүн жана андан келип чыккан бейпилдик жана бактылуулук сезимин, Аллахтын уруксаты менен, эч качан жоготпойт.

 

 

Шайтан сезимталдыкка чакырат

 

Адамды бактысыз кылган дагы бир нерсе адамга эч күтпөгөн жактан келет. Ал адамдын сезимдери. Зыянсыздай көрүнгөн сезимдер кантип зыянга айланышы мүмкүн?

Динден алыс жашаган коомдордо бардык түшүнүктөр бири-бирине аралашып кеткендиктен, адамдардын эмненин туура, эмненин туура эмес экенин айырмалашы абдан кыйын. Ар бир адам өзүнүн түшүнүгүнө жараша эмнени туура деп эсептесе, ошону жасайт жана оңойчулук менен өз оюнан кайтпайт. Көптөгөн туура эмес түшүнүктөр колдоо таап, жактырылат, туура нерселер болсо тескерисинче туура эмес көрүлүп, сындалат жана абдан каршы чыгылат.

Ушинтип чаташтырылган түшүнүктөрдүн башында сезимталдык турат. Сезимталдыкты жалпысынан адамдын бүт баарын сезимдери менен баалап, жашоосун ошого жараша калыптандырышы деп сүрөттөөгө болот. Мындай адам реалдуу, акыл-эстүү жана бейпил өмүр сүрүшү үчүн, сезимдери ар дайым аны жакшы жана туура нукка багытташы шарт. Бирок бул мүмкүн эмес, анткени сезимтал адам көбүнчө окуяларды туура баалай албайт. Себеби акылы жана логикасына эмес, сезимдерине таянат. Чечим алаарда сезимдерин уккандыктан, окуялардын жана адамдардын чыныгы жүзүн жакшы түшүнө албайт. Же болбосо бүтүндөй жаңылып, ачууланбай турган учурда өзүн-өзү башкара албай, өзүнө да, айланасына да зыян тийгизиши мүмкүн. Болор-болбос талашты бир заматта чоң урушка айландырып жибериши ыктымал же курдаштары менен көңүл ачып, жакшы маанайда отурган учурда бир ырдан улам күтүүсүздөн ыйлап башташы мүмкүн. Күтүүсүз кыймыл-аракеттерди жасап, маанайынын туруксуз экендиги байкалып турат. Кээ бир адамдарда болсо сезимталдык түнттүк, таарынчаактык сыяктуу мүнөздөрдү пайда кылат.

Ушул сыяктуу дагы көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. Бирок бүт баарында бир жалпы окшоштук бар: адамдын акыл жүгүртүү жөндөмүн жок кылып, акылын тосуп коюшу. Бул адамды адаштыргысы келген шайтан үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк. Шайтан бул тымызын куралды эң мыкты колдонуп, адамга эч байкатпастан, анын акыл жүгүртүп туураны түшүнүшүнө бөгөт койот. Адамды Аллахтын аяттарынан жана үлгүлүү адеп-ахлактан алыстатат. Кандайдыр бир мааниде адамдын акылына парда тартып тосуп койот.

Мындай абалдан кутулуу үчүн адамдар шайтанды жакшы таанышы шарт. Кандайдыр бир нерсени туура көз-караш менен баалоо үчүн туура жана ишенимдүү маалыматтар болушу шарт. Ошондо гана адам өзүнө эмненин туура эмненин туура эмес, эмненин зыяндуу эмненин пайдалуу болоорун биле алат. Адам өмүр бою керек болгон мындай акылды жана маалыматтарды Аллах адамдарды туура жолго салуу үчүн түшүргөн Курандан таба алат жана ошентип чыныгы акылмандыкка ээ болот. Аллах Куранда «таза акылды» ыймандуулардын бир өзгөчөлүгү катары кабар берген жана ал адамды шайтандын тымызын оюнунан коргой турган күчтүү курал. Ал эми каалоолоруна жана сезимдерине карап жашаган адамдар болсо бактысыз болушат.

Аллах бир аятта «...Айткын: мен силердин каалоолоруңарга баш ийбейм; антпесе мен жаңылып адашкандардан жана туура жолду таба албагандардан болуп калам» (Энъам Сүрөсү, 56) деп, напсинин каалоолорунун адамды Аллахтын жолунан адаштыраарын билдирген. Бул сөзсүз түрдө адамда көңүл калууларды, көпкө созулган депрессияларды, түйшүк жана стресстерди пайда кылат. Булар болсо адамга бул дүйнөдө бактысыздыктан башка эч нерсе алып келбейт.

 

 

Шайтандын тузагы алсыз

 

Мурдакы бөлүмдөрдө динден алыс калып, ошондуктан өмүр бою Аллахка ыйман кылуунун акылмандыгын билбей жашаган адамдарга шайтандын берген азгырыктарын жана ал аркылуу адамдарды кантип кыйынчылыктарга салаарын карадык. Бирок шайтандын мындай тузактары жана азгырыктары тууралуу маанилүү бир жагдайды унутпаш керек. Ал жагдай шайтандын адамды мажбурлоо күчүнө байланыштуу. Эң биринчиден, шайтан Аллахтан көз-карандысыз бир күч эмес. Шайтанды да Аллах жараткан жана бир гана Аллахтын каалоосу менен адамдарга душман болгон. Аллах кааламайынча, адамдарга өз алдынча эч кандай таасир тийгизе албайт. Аллах шайтанды адамдар үчүн бир сыноонун себепчиси катары жараткан. Аны уккандар туура жолдон адашат, абийирлеринин үнүн угуп Аллахтын ыраазылыгын көздөгөндөр болсо кутулууга жетишет.

Ошондой эле, шайтандын таасири адамдын Аллахка жакындыгы, моюн сунуучулугу, кыскасы ыйманынын бекемдиги менен тыгыз байланыштуу; шайтан Аллахтын чын ыкластуу пенделерине таасир бере албайт. Ал бир гана Аллахка шерик кошкон жана Аллахка ишенбеген адамдарга таасир берет. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн, Аллахтын шайтанды кандай максатта жаратканын билүү керек. Аллах аятында «...Биз акыретке ыйман кылгандарды (ишенгендерди), андан күмөн санагандардан айырмалоо үчүн (ага мындай чакыруу мүмкүнчүлүгүн бердик)...» (Саба Сүрөсү, 21) деп билдиргендей, шайтанды ыймандуулар менен ыймансыздарды бири-биринен айырмалоо максатында жараткан. Бул жерде шайтандын кимдерге көбүрөөк таасир бере алаары, кимдерди оңой эле Аллахтын жолунан адаштыра алаары апачык көрүнүп турат.

Аллах бир аятында «Чындыгында, шайтан силердин душманыңар, демек силер да аны душман туткула. Ал өз тобун бир гана алоолоп күйгөн оттун калкынан болууга чакырат» (Фатыр Сүрөсү, 6) деп, шайтандын адамдардын анык душманы экенин жана адамдардын да аны душман катары көрүшү керектигин кабар берген. Адамдын душманына каршы ийгиликке жетип, ага жеңилбеши душманын канчалык тааныганынан жана кандай ыкмалар менен тактикаларды колдоноорун билгенинен көз-каранды. Кыскасы, адам душманын абдан жакшы таанышы керек. Ыймандуулар Аллах түшүргөн Куран аркылуу шайтанды абдан жакшы таанышат жана аны менен кантип күрөшүү керектигин эң жакшы билишет. Бул шайтандын ыймандууларга таасиринин канчалык алсыз болоорунун бир көрсөткүчү. Шайтан бардык адамдар сыяктуу, чын ыкластуу ыймандууларды да азгырууга аракет кылат, бирок эч качан ийгиликке жете албайт. Ыймандуулар Аллахтын Куранда билдирген акыйкаттарына карап жашаганы үчүн, шайтандын тузактарын жана адамдарга кандай ыкмаларды колдоноорун да эң мыкты байкашат. Шайтанга бир дагы мүмкүнчүлүк беришпейт жана кандай гана кырдаал болбосун ар дайым абийирлерин угушат. Ыймандуулардын бул чечкиндүүлүгүн жана чын ыкласын Аллах Куранда төмөнкүчө кабар берет:

 

Эгер сага шайтандан бир азгырык келсе, ошол замат Аллахка корголон. Себеби Ал угуучу, билүүчү. (Аллахтан) Коркуп-тартынгандарга шайтандан бир азгырык келгенде (алгач) жакшылап ойлонушат (Аллахты зикир кылып, эстешет), анан кийин карасаң, байкап түшүнүшкөн болот. (Аьраф Сүрөсү, 200-201)

 

Аллах аятында «...Эч күмөнсүз, шайтандын тузагы (айлакерлиги) абдан алсыз» (Ниса Сүрөсү, 76) деп билдиргендей, шайтандын айлакерлиги ыймандуулар үчүн абдан алсыз. Бирок Курандан жүз буруп, Аллахты унутуп жашаган адамдарда мындай эмес. Куранды ээрчибей, Аллахка моюн сунуулары да абдан алсыз болгондуктан, Аллах Шуара сүрөсүнүн 223-аятында белгилегендей, оңой эле «шайтандарга кулак салышат». Абийирлерин эч колдонбогону үчүн, шайтандын ар бир айтканын толугу менен аткарышат. Мындай адамдар Аллахты эстөөнү унутуп, толугу менен шайтанга баш ийип калышат. Башкача айтканда, шайтанды кудай кылып алышат (Аллахты аруулайбыз). Ошондуктан шайтан мындай адамдарды оңой эле өзүнүн жолуна тартып, Аллахтан жана Курандан алыстата алат. Аллах шайтандын аны дос туткан адамдарды азгырып, ыймандууларга болсо эч кандай таасир тийгизе албай тургандыгын төмөнкүчө кабар берет:

 

Чындыгында ыймандууларга жана Раббилерине тобокел кылгандарга анын (шайтандын) эч кандай мажбурлоочу-күчү жок. Анын мажбурлоочу-күчү бир гана аны (шайтанды) дос туткандарга жана ал аркылуу Ага (Аллахка) шерик кошкондорго (таасир берет). (Нахл Сүрөсү, 99-100)

Комментариев нет:

Отправить комментарий

КИРИШ СӨЗ

  Адамдардын өмүр бою ишке ашыргысы келген, кыялданган көптөгөн ар кандай максаттары жана пландары бар. Бир караганда баары бири-биринен айы...