Кээ бир
адамдар ичинде жашаган коомуна, башка адамдар менен болгон мамилелерине, ал
тургай, өзүнүн эң жакын адамдары деп эсептеп, абдан жакшы көрөм деп айткан
досторуна, бир туугандарына жана туугандарына да кызыкчылык көзү менен карагандан
тартынышпайт. Кызыкчылыктарында чоң же кичине кандайдыр бир карама-каршылык
пайда болгондо, ортолорундагы жакшы нерселердин баарын бир заматта унутуп, барктаган,
жакшы көргөн адамдары менен мамилелери ошол замат сууй баштайт. Мындай адамдар
бактылуу болууну жана бейпил өмүр сүрүүнү жеке өзүнүн кызыкчылыктарынан көз-каранды
деп ойлойт. Кылган болор-болбос бир жакшылыгы же жардамы үчүн да сөзсүз бир
жооп күтүшөт. Эч нерсе күтпөстөн жакшылык кылууну же жардам берүүнү болсо зыян
катары көрүшөт. Эч нерсе күтпөй жакшылык кылган, ак ниеттүү адамдарды болсо мүмкүн
болушунча жамандап, шылдың кылуу аркылуу өздөрүн абдан акылдуу жана эң мыкты
адамдардай көрсөтүүгө аракеттенишет. Кандайдыр бир пайда күтпөстөн жакшылык
кылууну ойлонушпайт жана ар дайым жеке кызыкчылыктарын көздөшөт. Алардын бирден
бир максаты бул дүйнөдөн максималдуу пайдаланып, бейпил, бактылуу өмүр сүрүү.
Ошондуктан мындай адамдар үчүн жеке кызыкчылыктар биринчи орунда турат. Ар
дайым, бүт тарапта жана ар кандай шартта бир гана өзүн ойлоп, дайыма өзүнүн
кызыкчылыктарын коргогонго аракет кылышат. Бул жерде бир нерсени туура түшүнүү
керек: бардык эле адамдар, албетте, бейпил жана бактылуу өмүр сүрүүнү каалашат,
бирок сөз болуп жаткан адамдардын тандаган жолу туура эмес.
Мындай адамдар
Аллах адамдар үчүн бир «туура жол (хидаят) жана бир насаат» катары түшүргөн
Куран адеп-ахлагына карап өздөрүн оңдобогону жана Куран жүктөгөн
жоопкерчиликтерди көрмөксөн болгону үчүн, жеке кызыкчылыктарына ушунчалык маани
беришет. Аллах аятында «Алар дүйнө жашоосунун (бир гана) сырткы тарабын билишет. Акыреттен болсо капилет
(бейкапар) калышкан» (Рум Сүрөсү, 7) деп билдиргендей, өмүр бою акыретти ойлонбой жашашат. Өлүмдү,
өлгөндөн кийин эмнелерге туш болоорун, өмүр бою кылган бардык иштери үчүн
Аллахка сурак берээрин, ошого жараша бейиш же тозокто, Аллах кааламайынча, түбөлүккө
калаарын ойлонушпайт же ойлонгулары келбейт. Мындай адамдарды бейкапардыкка
жана акылсыз иштерге түрткөн эң негизги себеп – бул акыретти алыс деп ойлоо. Өз
ойлорунда өмүрлөрүн узун көрүшөт, ошондуктан эч ойлонбогон же ойлонсо да башына
эч келбечүдөй сезилген бир нерсе үчүн бүт өмүрүн, кызыкчылыктарын жана түзгөн
пландарын курмандыкка чалгылары келбейт. Муну өздөрүнчө чоң жоготуу катары көрүшөт.
Бул жашоо жана бул дүйнөнүн кызыкчылыктары акыретте ала турганына салыштырмалуу
алда канча жакын жана оңой сезилет. Ошондуктан бул дүйнөгө бекем жабышып,
акыретти унутушат. Бардык каалоолорун бул дүйнөдөгү кыска өмүрүнө батырууга
аракет кылышат. Бүт өмүрүн Аллахтын ыраазылыгын ойлобостон, Аллахты ыраазы кыла
турган иштерден жана үлгүлүү кулк-мүнөздөн качуу менен өткөрүп, бардык
убактыларын дүнүйөлүк каалоо жана амбицияларына коротушат.
Мурдакы бөлүмдөрдө
каралгандай, дүнүйөкор амбициялар адамдарды бактысыз кылат. Аллах мүмкүн
болушунча Аллахты эстөөдөн качкан мындай адамдардын бул дүйнөдө да бактылуу
боло албай, ар дайым кыйналып жашаарын Куранда төмөнкүчө кабар берет:
Ким
Мени эстөөдөн (зикирден) баш тартса, анын жашоосу азаптуу болот жана Биз аны кыямат күнү сокур
кылып тирилтебиз.
(Таха Сүрөсү, 124)
Мындай
адамдардын жанында Аллахты эстөө, аларга Курандан жоопкерчиликке тартылаарын,
акырет күнү бул дүйнөдө бардык кылган нерселери үчүн Аллахка сурак берээрин
эстетүү аларды абдан тынчсыздантат, ал тургай, ачууларын келтирет. Аллах
ыймансыздардын мындай мүнөзүн төмөнкүчө билдирет:
Бир
гана Аллах эскерилгенде, акыретке ишенбегендердин жүрөгү ачууланып-көбөт. Ал
эми Андан башкалар эскерилгенде ошол замат сүйүнүшөт. (Зүмер Сүрөсү, 45)
Аллахтын чын
ыкластуу пенделери ыймандуулар үчүн болсо жашоонун негизги максаты – бул,
Аллахтын ыраазылыгы. Ыймандуулар аларды жоктон жаратып, аларга бүт нерсени
бергендин, бүт нерсенин чыныгы кожоюнунун жана жалгыз өкүмдарынын Аллах
экендигин, бардык окуялардын Анын каалоосу менен болоорун, Анын кечиримдүү да,
азапка салуучу да экендигин эң жакшы билишет. Ошондуктан ыймандуулардын Аллахка
жакындыгы, таянуусу (тобокелдиги) жана сүйүүсү абдан күчтүү болот.
Ыймандуулар өмүр
бою бир гана Аллахка сыйынып, бир гана Андан жардам сурашат (Фатиха Сүрөсү, 4)
жана Андан башка эч кимден коркушпайт. Аллахка болгон сүйүүсү жана жакындыгы
абдан күчтүү болгондуктан, Аллахка ар дайым шүгүр кылышат жана Ага ибадат
кылууда эч качан жалкоолонушпайт. Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн абдан дилгир
болушат. Караңгы адамдар бүт өмүрүн арнаган дүйнөнүн бардык кызыкчылыктары
менен баалуулуктарынан Аллахтын ыраазылыгына жана бейишине жетүү үчүн баш тарта
алышат. Андан улам ичтеринде эч кандай кыйынчылык сезишпейт. Анткени алар «өздөрүн
Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө арнашат» (Бакара Сүрөсү, 207) жана «Эч күмөнсүз,
менин намазым, ибадаттарым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын Рабби Аллах үчүн»
(Энъам Сүрөсү, 162) деп, Аллахтын
жолунда туптуура жүрүшөт. Мисалы, караңгы адамдардын жашоосунда байлык абдан чоң
орунду ээлейт. Мындай адамдардын бардык аракети байлыгын көбөйтүүгө жана
адамдардын арасында кадыр-барктуу жана сыйлуу бир даражага жетүүгө арналат.
Аллах Куранда мындай адамдар үчүн дагы көптөгөн нерселердин амбицияга
айланаарын төмөнкүчө кабар берет:
Аялдарга, балдарга, сандык сандык
жыйылган алтын жана күмүшкө, күлүк көркөм аттарга, айбанаттарга жана түшүмдөргө
болгон бекем (күчтүү) арзуу адамдарга «кооз жана өзүнө тартуучу (жагымдуу)» кылып көрсөтүлдү. Булар
– дүйнө жашоосунун жалган кооздуктары. Чыныгы барыла турган сонун жер –
Аллахтын кабатындагы (мекен). (Али Имран Сүрөсү, 14)
Караңгы
коомдун максатына айланган байлык түшүнүгү ыймандуулар үчүн Аллахтын
ыраазылыгына жетүү үчүн колдонула турган бир каражат гана. Ошондуктан
ыймандуулар булардын эч бирин амбицияга айлантпайт жана эч бирине ачкөздүк
кылбайт. Ыймандуулар эч качан мал-мүлкүн көбөйтүп, байууну же болбосо кызматтык
даражага ээ болууну максат кылышпайт. Алар Аллахтын берген бардык нерселеринин
бир белек экендигин жана Ага шүгүр кылуу керектигин билишет. Эч качан
майда-барат, убактылуу дүнүйөлүк кызыкчылыктар үчүн Аллахтын ыраазылыгын унутуп
коюшпайт. Адам эгер колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү Аллахтын ыраазылыгы үчүн
колдоно турган болсо, Аллах аятында
«...Ким чын ыкластуу иш-аракет жасаса, албетте, Биз аны сонун
жашоодо жашатабыз жана алардын акысын кылгандарынын эң сонуну менен сөзсүз
беребиз» (Нахл Сүрөсү, 97) деп
билдиргендей, бул дүйнөдө да, акыретте да сонун сыйлыкка ээ болот.
Караңгы
адамдарды бактысыз кылып, түйшүккө салган дагы бир жагдай – бул, баштарына
келген кыйынчылыктар. Мындай адамдардын бакыты толугу менен бул дүйнөнүн
кызыкчылыктары менен пайдаларына байланыштуу болгондуктан, кыйынчылык учурунда
ошол кызыкчылыктарынан ажырап калышы мүмкүн. Бүт баары ошолорго байланыштуу
болгондуктан, күтүүсүз келген бир окуядан улам алардан ажырап калуу ал
адамдарды терең бактысыздыкка түртөт. Ошентип бир аз тапкан кубанычынан да
толугу менен кол жуушат. Терең пессимизмге жана үмүтсүздүккө түшүшөт.
Ыймандуулар
болсо кыйынчылыктарды Куран адеп-ахлагы менен кабыл алганы үчүн, кыйынчылык
учурунда бакыты ансайын бекемделет. Ыймандуулар ар дайым Аллахтын ыраазылыгын
ойлоп, акыл жана абийирлерин ар дайым ошол багытта колдонгону үчүн, терс
окуяларды эч качан ыймансыздардай тескери кабыл алышпайт. Тескерисинче, башына
кыйынчылык келгенде ага моюн сунуу аркылуу Аллахтын ыраазылыгына жетүүнү үмүт
кылганы үчүн, андай учурларда да эч качан кайгырышпайт.
Ыймандуулар
Аллахка жакпаган бир кыймыл-аракет жасагандан көрө, Аллахтын ыраазылыгы үчүн,
керек учурда билип туруп кыйынчылыкка баруудан да тартынышпайт. Мындай үлгүлүү
кулк-мүнөздүн эң мыкты мисалдарынын бирин Аз. Йусуфтан көрүүгө болот. Бир
туугандары Аз. Йусуфка тузак куруп, аны кудукка ташташат. Андан соң бир
жолоочулар кербени аны таап алып, египеттик бир бийге сатышат. Аллах Аз.
Йусуфту Египетке жайгаштырып, ага сөздөрдү чечмелегенди үйрөтөт жана ага бийлик
жана даанышмандык берет.
Аллах ал жерде
Аз. Йусуфту бир маанилүү сыноодон өткөрөт. Аз. Йусуф үйүндө чогуу жашаган
вазирдин аялы аны менен болууну каалайт, Аз. Йусуф болсо андай иштен оолак
болгусу келип Аллахтан жардам сурайт. Аялдын тузагынан кутулуу жана Аллахтын
ыраазылыгына жетүү үчүн, зынданга кирүүнү «сүйкүмдүүрөөк» деп эсептейт. Аллах
Аз. Йусуфтун ага курулган тузактан кутулуу үчүн Аллахка кылган дубасын Курандын
Йусуф Сүрөсүндө төмөнкүчө кабар берет:
(Йусуф:)
«Раббим, зындан булар мени чакырган нерседен мен үчүн сүйкүмдүүрөөк. Булардын
ойлорун (пландарын) менден алыстатпасаң, аларга жибип, (ошентип) караңгы-наадандардан
болуп каламын (деп коркомун)» деди. Ошентип Рабби анын дубасын кабыл кылды
жана алардын тузагынан аны куткарды. Анткени Ал угуучу, билүүчү. Анан аларда (Йусуфтун тазалыгына байланыштуу) далилдерди көрүшкөн соң, сөзсүз
аны белгилүү бир убакытка чейин зынданга таштоо (пикири) үстөм болду. (Йусуф Сүрөсү,
33-35)
Аз. Йусуф үлгүлүү
адеп-ахлагын көрсөтүп, Аллахтын ыраазылыгы үчүн зынданга кирүүнү туура көргөн.
Аз. Йусуфтун зынданды «сүйкүмдүү» көрүшү Аллахтын ыраазылыгына татыктуу
кыймыл-аракет жасоонун берген бакытынын бир көрсөткүчү. Аз. Йусуфтун Аллахтын
ыраазылыгына жетүү үчүн көрсөткөн бул чечкиндүүлүгү жана аракети бардык
ыймандуулар үчүн мыкты үлгү боло алат. Чын ыкластуу ыймандуу, Аз. Йусуфка
окшоп, эгер Аллахтын ыраазылыгына жана сүйүүсүнө жеткире турган болсо,
кыйынчылыкты жана түйшүктү эч ойлонбой кабыл алат. Ыймансыздар эч качан түшүнө
албаган мындай бийик адеп-ахлак алар өмүр бою эч жете албаган бакыттын да сыры
болуп эсептелет.
Ыймандуулардын
жүрөгүндө Аллахтын ыраазылыгына жетүү үмүтүнүн, ал үчүн колунан келген болгон
аракетин кылуунун кубанычы жана бейпилдиги болот. Бул кубаныч бир жагынан
аларга бул жашоодо бактылуулук берсе, экинчи жагынан Аллахтын ыраазылыгы үчүн
андан да көбүрөөк аракет кылууга шыктандырат. Бул кубаныч жана бакыт караңгы
адамдар, эгер ыйман кылбай турган болсо, эч качан жете албай турган жана туурай
албай турган бир кубаныч. Анткени бул Аллахтын бир гана ыймандууларга сездирген
жана Аллахтын ыраазылыгын, мээримин жана түбөлүктүү бейишин үмүт кылуунун
берген бакыты жана бейпилдиги. Аллах Куранда бир гана ыймандууларга берилген
бул сый-жакшылыкты төмөнкүчө сүйүнчүлөйт:
Аллах (Анын) ыраазылыгын көздөгөндөрдү муну менен кутулуу
жолдоруна жеткирет жана аларды Өз каалоосу менен караңгылыктардан нурга
чыгарат. Аларды эң туура жолго багыттап-жеткирет. (Маида Сүрөсү, 16)
Караңгы
адамдар бул дүйнөдөгү бардык сыйлыктардын жана бүткүл кызыкчылыктардын эң
жакшысынын жана эң баалуусунун Аллахтын ыраазылыгы экендигин билишпейт.
Ошондуктан өмүр бою Аллахтын ыраазылыгына жетүүнүн аларга бере турган үзгүлтүксүз
бакытын жана кубанычын сезбей жашашат.
Комментариев нет:
Отправить комментарий