Бул
дүйнөдө сүйүнүчтүү кабарларды алышат
Караңгы коомго таандык адамдар айланасына кубанычтуу жана бактылуудай көрүнүшсө
да, мурдакы бөлүмдөрдө айтылган себептерден улам, ичинен өзүнөн-өзү түйшөлүп, кыйнала
беришет, ошондуктан ар дайым жасалма бактылуу болуп көрүнүшөт. Эмне гана
кылышпасын, ал бактысыздыктан кутула алышпайт. Аллахтын сый-жакшылыктарын билбей,
Аллахты эстөөдөн жүз бурушу жана Куран адеп-ахлагынан алыс жашашы аларды бул дүйнөдө
башталып, акырет күнү андан да күчөй турган бир бактысыздыкка түртөт.
Ыймандуулар болсо кандай гана шартка туш болбосун, ар дайым Аллахка
ишенген, дайыма Ага кайрылган, ар дайым Аны ыраазы кылууну ойлонгон жана Куран
адеп-ахлагынан эч качан тайбаган адамдар болгондуктан, Аллахтын эч түгөнбөгөн
мээрими, берешендиги жана сүйүүсү ар дайым аларды курчап турат. Аллах аларды эч
качан жалгыз жана көмөксүз калтырбай тургандыгын убадалаган. Аллах Анын жолунда
чын ыкластан аракет кылып, эч күмөн санабастан мал-мүлктөрүн жана жандарын
Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн чын жүрөктөн короткон ишенимдүү пенделерин
кылган иштерине бир сыйлык катары ичинде түбөлүктүү жашай турган, сый-жакшылыктарга
бөлөнгөн бейиштер менен сүйүнчүлөгөн:
Дүйнө
жашоосунда жана акыретте сүйүнүчтүү кабар алар үчүн. Аллахтын сөздөрү эч өзгөрбөйт.
Улуу кутулуу жана бактылуулук мына ушул. (Йунус Сүрөсү, 64)
Раббилери
аларга Өз Кабатынан бир мээримди, бир ыраазылыкты жана алар үчүн тынымсыз бир сый-жакшылык болгон бейиштерди сүйүнчүлөйт. (Тообо Сүрөсү,
21)
Аяттардан да көрүнүп
тургандай, Аллах ыймандууларды бейиш менен сүйүнчүлөп, кылган бардык чын
ыкластуу иштерин кабыл алаарын жана жакшылыктардын жана бактылуулуктун өтө
жакын экендигин билдирген. Аллахтын чексиз мээриминин жана сүйүүсүнүн адамды
курчап тураарын билүү жана Аллахтын бейиши менен сыйлаарын үмүт кылуу
ыймандуунун жүрөгүнө эбегейсиз бейпилдик берет. Аллах Куранда ыймандуулардын,
ошондой эле, периштелер аркылуу да сүйүнүчтүү кабар алышаарын билдирген:
Күмөнсүз:
«Биздин Раббибиз Аллах» деп анан туптуура жолдо жүргөндөр (бар эмеспи); аларга
периштелер түшүп (айтышат:) «Коркпогула жана кайгырбагыла, силерге убада
кылынган бейиш менен кубангыла.»
(Фуссилет Сүрөсү, 30)
Ыймандуулардын
теңдешсиз бакыты бейиш менен сүйүнчүлөнгөнү менен эле чектелбейт. Бул сүйүнүчтүү
кабардан тышкары, Аллах чын ыкластуу пенделерин бул дүйнө жашоосунда да «...бул
дүйнөдө жакшы иштерди жасагандарга жакшылык бар; акырет мекени болсо андан да
жакшыраак...» (Нахл Сүрөсү, 30) деген аяты аркылуу жакшы жашоо менен сүйүнчүлөгөн.
Аллах
ыймандуулардын бул дүйнөдө бактылуу жана бакубат өмүр сүрөөрүн башка бир
аятында төмөнкүчө кабар берет:
Эркек болсун, аял болсун, бир ыймандуу катары ким чын
ыкластуу иш-аракет жасаса, албетте, Биз аны сонун жашоодо жашатабыз жана
алардын акысын кылгандарынын эң сонуну менен сөзсүз беребиз. (Нахл Сүрөсү, 97)
Аллахтын ыймандууларга айткан бул сүйүнчүсүн Куранда баяндалган көптөгөн
пайгамбарлардан да көрүүгө болот. Мисалы, Аллах Аз. Сулаймандын «Раббим, мени кечир
жана менден кийин эч кимге насип болбогон бир мүлктү мага тартуула.Чындыгында
Сен акысыз тартуу берүүчүсүң» (Сад Сүрөсү, 35) деген дубасына жооп
берип, ага бул дүйнөдө эбегейсиз байлык тартуулаган. Аллах «Жакыр кезиңде таап,
сени бай кылбады беле?» (Духа Сүрөсү, 8) деп аяты аркылуу Аз. Мухаммед (сав)дын
да бай кылынганын кабар берген. Ошондой эле, Аллах Аз. Давудга, Аз. Ибрахимге,
Аз. Зулкарнайнга эбегейсиз байлык жана мүмкүнчүлүк берилгенин Курандын көптөгөн
аяттарында бизге кабар берет. Аллах Өзүнөн бир сыйлык жана берешендик катары,
бейиштеги көптөгөн сый-жакшылыктарынан тышкары, бул жашоодо да ыймандууларга
сый-жакшылыктарын берип, алардын Өзүнө болгон жакындыгын, бейишке жетүү
каалоолорун жана шыктанууларын арттырат.
Аллах ыймандуулардын бул дүйнөдө ар дайым бактылуу жана коопсуз өмүр сүрөөрүн,
аларга «күч жана бийлик» берип, Куран адеп-ахлагын үстөмдүккө жеткирээрин төмөнкүчө
убадалаган:
Аллах
араңардан ыйман келтиргендерге жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарга
убада кылган: Эч күмөнсүз, алардан мурдакыларга кандай «күч жана бийлик» берген
болсо, аларга да жер жүзүндө ошондой «күч жана бийлик» берет, алар үчүн тандап
жактырган динин аларга бекемдеп, орнотот жана аларды коркууларынан кийин
бейпилдикке айландырат. Алар бир гана Мага ибадат кылышат жана Мага эч нерсени
шерик кошушпайт. Ким мындан кийин чындыктан баш тартса, дал ошолор – бузукулар.
(Нур Сүрөсү, 55)
Бул Аллахтын ыймандууларга берген бир убадасы. Ыймандуулардын милдети
болсо Аллахтын теңдешсиз берешендиги үчүн Ага шүгүр кылуу жана ар дайым Аны эстөө.
Аллахтын
мээримине жана берешендигине кубанышат
Мурдакы бөлүмдөрдө да белгиленгендей, караңгы коомдогу адамдардын кубанычы
жана бактылуулугу бул жашоодон канчалык пайдалана алганынан көз-каранды. Бардык
баалуулуктары, бири-бирине болгон сый-урматы, бири-бирин жакшы көрүшү жана
мамилелери толугу менен материалдык нерселерге таянат. Ошондо бактылуу жана
бейпил өмүр сүрөбүз деп өздөрүн ишендирип алышкан. Бирок алар ар дайым унуткан
же билмексен болгон бир нерсе бар: адамдын бактылуулугу материалдык жактан бейпилдигинен
эмес, руханий бейпилдигинен жана тынчтыгынан көз-каранды. Адам жакыр болсо да,
бай болсо да, руханий жактан өзүн тынч жана бейпил сезе албаса, анда бактылуу
боло албайт. Караңгы коомдун байлыкка болгон ачкөздүгү алар үчүн түйшүккө
айланып, аларды учу-кыйырсыз боштукка түртөт. Аллах Куранда муну төмөнкүчө
баяндайт:
...Алардын
мал-мүлктөрү менен балдары сени суктантпасын; Аллах булар аркылуу аларды дүйнө
жашоосунда азаптоону жана жандарынын каапырлык ичинде кыйынчылык менен чыгышын
гана каалайт. (Тообо Сүрөсү, 55)
Аллах Куранда
билдиргендей, ыймансыздар канчалык мал-мүлк топтоп жыйнаса да, канчалык жогорку
кызматтарга жетсе да, жеткен нерселери аларга азап жана бактысыздыктан башка эч
нерсе алып келбейт. Куран адеп-ахлагы тартуулай турган жакшылыктарды жана
бейпилдикти эч билишпегени үчүн, руханий боштугун бул дүйнөнүн убактылуу
кызыкчылыктары менен толтурууга аракет кылышат. Ыймандуулар Аллахка чын жүрөктөн
ишенип, бир гана Ага ибадат кылганы үчүн, чыныгы руханий ырахатты сезишет.
Аллах Курандын бир аятында ыймандууларды «Раббилерине жүрөктөрү ыраазы болуу
менен байлангандар» деп сыпаттаган жана аларга бейишти сүйүнчүлөгөн:
Ыйман
кылып, салих (чын жүрөктөн жакшы) иштерди жасагандар жана «Раббилерине жүрөктөрү
ыраазы болуу менен байлангандар», мына ушулар болсо бейиш калкы. Ал жерде түбөлүк
жашашат. (Худ Сүрөсү, 23)
Аллах Курандын
башка бир аятында болсо ыймандуулардын жүрөктөрүнүн бир гана Аллахты эстөө
менен тынчтанып, бейпилдикке жетээрин жана бардык жүрөктөрдүн бир гана Аллахты
эстөө менен бейпилдик таба алаарын кабар берген:
Булар
– ыйман кылгандар жана жүрөктөрү Аллахты эстөө менен бейпилдикке жеткендер.
Кабарыңар болсун; жүрөктөр Аллахты эстөө менен гана бейпилдикке жетет
(тынчтанат). (Рад Сүрөсү, 28)
Ыймандууларды
бактылуу кылып, аларга бейпилдик берген – Аллахка болгон терең сүйүүсү,
жакындыгы жана жүрөгүнүн ар дайым Аллах менен бирге болушу. Бул Аллахтын чын
ыкластуу ыйманы үчүн ыймандууларга белек катары берген бир жакшылыгы жана
мээрими. Дуба кылганда Аллахтын дубаларга жооп берээрин, катачылык кетиргенде,
чын жүрөктөн тообо кылса аларды кечирээрин, ар дайым Аллахтын аларга жардам
берээрин, сөзсүз бир жол көрсөтөөрүн, кылган нерселеринин сыйлыгын толугу
менен, ал тургай, ашыкчасы менен алышаарын жана Аллахтын аларды чексиз
мээримине жеткирээрин билүүнүн бактылуулугун татышат. Ыймандуулардын
кубанычынын жана бакытынын булагы – Аллахтын аларга болгон ушул мээрими жана
берешендиги. Аллах ыймандуулардын бул кубанычын Куранда төмөнкүчө кабар берет:
Аллахтын
мээрими жана мол берешендиги ыймандууларга эч үзгүлтүксүз, өмүрлөрүнүн аягына
чейин уланат. Аллахтын мээрими жана берешендиги Аллахтын ыймандуулар үчүн
даярдаган сый-жакшылыктарга бөлөнгөн бейиштеринде болсо түбөлүккө чейин аларга
төгүлөт.
Аллахка
абдан бекем моюн сунушат
Ыймандуулар өмүр
бою баштарына келген бардык нерселердин Аллахтын илими жана көзөмөлү астында
болооруна анык билип ишенишет. Адамдын өмүрүнүн ар бир көз ирмеми, айткан ар
бир сөзү, ойлонгон ар бир ойу, башына келген бардык окуялар, каерде жана качан
каза болоору ал төрөлө электе эле белгиленген. Адам өмүр бою Аллахтын ал үчүн
белгилегендерин башынан өткөрөт. Бул ыймандууларга эбегейсиз тынчтык жана
бейпилдик берет, анткени баштарына келген нерселердин баарын Аллахтын
пландаганын жана бүт нерсенин сөзсүз алар үчүн жакшылык экендигин билишет.
Мындан улам ыймандуулар баштарына келген бардык окуяларда ар дайым Аллахка
кайрылып, Андан жардам сурашат. Аллах ыймандуулардын мындай бекем моюн сунуусун
төмөнкүчө айтышаарын кабар берет:
Ыймандуулар ар
дайым Аллахка тобокел кылып, Анын алар үчүн жараткан бүт нерселеринен ыраазы
болушканы үчүн, баштарына келген эч бир окуяда коркуп, тынчсызданышпайт.
Аллахка моюн сунуу аларды бул дүйнөнүн ар кандай коркунучтарынан жана түйшүктөрүнөн
алыс тутат. Караңгы коомдо жашаган адамдар болсо Аллахка тобокел кылбаганы үчүн,
көп нерселерден коркуп тынчсызданышат. Келечектен коркуу, кедейликтен коркуу, өлүмдөн
коркуу алардын эң негизгилери. Буларды ар дайым ойлонушат жана булардын баарын өздөрүнө
жүк кылып, чечүүгө аракет кылышат. Аллахтын жардамы жана мээрими болмоюнча, эч
бир адам жол таба албайт. Аллахка чындап ишенип, Ага чын жүрөктөн өзүн тапшыруу
ыймандууларды бул дүйнөнүн бардык тынчсыздануу жана коркууларынан сактап,
аларга ар дайым күч-кубат, кубаныч жана үмүт берет.
Ыймандууларга
бакыт жана бейпилдик берген дагы бир жагдай – бул, баштарына келген терс
сыяктуу көрүнгөн бардык окуялардын чындыгында алар үчүн «жакшылык» экенин
билиши. Караңгы адамдар кыйынчылыкка туш болгондо, абдан кайгырышат жана анын түйшүгүн
тартып кыйналышат. Аллахка өздөрүн тапшырбаганы үчүн, ал окуялардын
жакшылыктарга себеп болуу ыктымалдыгы ойлоруна да келбейт. Терс сыяктуу көрүнгөн
бир окуяда Аллах алар үчүн бир «жакшылык» каалаганын байкай алышпайт. Ошондуктан
ар дайым пессимист жана үмүтсүз болушат. Бул аларды терс окуя болгон сайын
Аллахтан алыстатат. Адамдардын мындай абалга түшүшү алардын азабын жана түйшүгүн
ансайын күчөтөт. Аллах ыймансыздардын азабынын тынымсыз артаарын төмөнкүчө
кабар берген:
Аллах аятта
«билбеген тараптан» деп, ыймансыздардын бул дүйнөдө эч күтпөгөн жактан түйшүк
тартып, бактысыздыкка туш болушаарын кабар берген. Өздөрүнө чындыгында эмненин
бактысыздык жана азап берээрин билишпейт. Курандын жолуна түшмөйүнчө,
бактысыздыгынын булагын билбей, азаптуу жашоолору уланат.
Ыймандуулар
болсо бүт нерсеге жакшылык көзү менен карашат жана кандай гана шартка туш
болбосун, Аллахтын аларга жакшылык каалаарын эч унутушпайт. Ошондуктан
ыймандууларды кайгырта турган же түйшүккө сала турган эч нерсе жок. Өтө оор же
терс сыяктуу көрүнгөн бир окуяга туш болушса да, Аллахка кайрылып, Андан жардам
сурап, сабыр кылышат. Ыймандуулар үчүн ал жакшылык болот. Бейпилдик жана бакубаттык
учурларында да кайра эле Аллахка кайрылып, Ага шүгүр кылып, Ага жакындоого
аракет кылышат. Ыймандуулар үчүн ал дагы жакшылык болот.
Ыймандуулардын
тагдырга моюн сунуп, Аллахка бекем ишениши алардын бардык шарттарда бактылуу
жана бейпил болушуна шарт түзүп, аларды Аллахтын ыраазылыгына багыттайт.
Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) ыймандуулардын мындай адеп-ахлагын абдан «таң
калаарлык» деп мактаган жана төмөнкүчө белгилеген:
«Ыймандуу адамдын абалы канчалык таң калаарлык. Анткени ар бир иши ал үчүн
бир жакшылык. Бул бир гана ыймандууга тиешелүү, башкага эмес: ага көңүлүнө
жаккан бир нерсе келсе шүгүр кылат, бул болсо жакшылык; бир зыян келсе сабыр
кылат, бул дагы жакшылык.»
(Kütüb-i Sitte (Кутуби ситта), Muhtasarı Tercüme ve Şerhi, 2.cilt, s. 208)
Пайгамбарыбыз
(сав) да белгилегендей, ыймандуу үчүн бүт нерсе жакшылыкка себепчи болот. Мунун
бир гана ыймандууларга тиешелүү болушу Аллахтын ыймандууларга болгон мээриминин
бир көрсөткүчү. Аллах Куранда ыймандууларга мээримин төмөнкүчө сүйүнчүлөйт:
Ыйман
кылып, чын ыкластуу иштерди жасагандар болсо, Раббилери аларды Өзүнүн мээримине
алат. Апачык чоң бакыт жана кутулуу мына ушул. (Жасия Сүрөсү, 30)
Ыймандуулардын
Аллахка болгон бекем ишеними аларды шарттар кандай гана болбосун, ар дайым
Аллахка жакындатат жана алардын ар дайым бактылуу жана бейпил болушуна шарт түзөт.
Комментариев нет:
Отправить комментарий